Акчалуу, бай болуш үчүн эң биринчи эмне кылыш керек? Ушул суроону көп адамдар узатат. Чыгыш акылманы бул боюнча “Эң алгач сырткы дүйнөңдү тазала, андан соң ички дүйнөң өзгөрөт. Бул үчүн үйүңдөгү керексиз буюмдардан арыл, андан кийин жашооңдогу керексиз адамдардан арыл, ошондон кийин пайдалуу күч-кубатка же энергияга ээ болосуң, мына ошол күчтү жакшы жагына пайдалан, ниетиңди, […]


Кайсы коомдо болбосун жакыр десе эле таптакыр колдон түшкөн жакыр эмес, бирок байларга дагы кошулбаган адамдардын категориясы бар. Мындай адамдардын ой жүгүртүүсү байларча ой жүгүртүүгө калыптана элек болот. Албетте көбү акчам жок, бай эмесмин деп макул болушат, бирок өздөрүндө акчанын келишине тоскоол болгон, жакырчылыкка алып келе турган кулк-мүнөздөр, аракеттер калыптанганын билбейт. Төмөнкү белгилерге көз жүгүртүп […]


Адамдардын баардыгы бактылуу, бай, ден соолугу чың, ийгиликтүү болууну каалайт. Алардын ичинен бакыт да өзгөчо орунда турат. Бирок бакыт ар тараптуу түшүнүк, аны ар ким ар кандай кабыл алат. Бүгүн биз бактылуу болуунун жөнөкөй, бирок эң маанилүү сырларынын бири тууралуу баяндайбыз. Эмнегедир адамдардын басымдуу бөлүгү акчам көбөйгөндө, байыганда же дагы бири үйлөнгөндө, же турмушка чыкканда, […]


Кыскача тесттен өтүп ишкерликти алып кетүүгө мүмкүндүгүңүз бар экенин билгиңиз келеби? Бул тестти психолог адистер 95 пайызга туура деп белгилешкен. Ал үчүн сиз төмөнкү сүрөттөрдөн көп ойлонбостон көңүлүңүзгө жакканын тандап алыңыз. Жооптору төмөндө.        1-сүрөт: Сиз чыныгы ишкер адамсыз! Сизди чыныгы ишкер, табиятынан бизнесменге таандык сапаттары бар адам деп атоого болот.Сиз ар нерсенин ченин билесиз […]


Бүгүн биз адамдардын, анын ичинде аялзатынын өзүн сыйлоосу тууралуу сөз кылмакчыбыз!  Бир ирет белгилүү бизнесмен менен иш боюнча баарлашууга туура келди. Маек учурунда ал мага кызыктуу бир суроону берди. “Сен психологмун деп жүрөсүң. Менин бул суроомо жооп берчи? Менин башкы менеджерим да, бухгалтерим дагы кырк жашка чамалап калган аял кишилер. Экөөнүн статустары, аткарган иши мен […]


Бүгүн биз ийгилик жөнүндө сөз кылмакчыбыз! Айрым адамдарды “жашоодо жолу ачык, баарын бирөө белендеп койгондой жолдуу” дешсе, тескерисинче кээ бирөөнү “эмне кылса да иши жүрүшпөй койду” дешет. Ийгилик бул бизнестеби, карьерадабы же жеке жашоодобу адамдар үчүн маанилүү тараптардын бири. Жолу болбогондуктун же бир нерседе ийгилик жок болгондуктун себеби эмнеде? Аны кантип оң жагына өзгөртсө болот? […]


С витаминине бай лимондун өзү гана эмес, жыпар жыты дагы көп нерсеге пайдалуу дешет. Анда лимондун жытынын төмөнкүдөй пайдалуу жактары бар экенин биле жүргөнүңүз ашыкча болбойт. Уктоочу бөлмөгө койсоңуз анын жыты булчуң эттерди бошотуп, ырахаттанып уктайсыз. Цитрус өсүмдүктөрү нервиңизди тынчтандырып, маанайыңызды жакшыртып көңүлүңүз сергийт. Эгерде сизде лимондун эфир майы болбосо анда бир тилим лимондун кесимин […]


Сиздин айланаңызда эң аз дегенде сиз бир күндө бүтүрө турган жумушту бир-эки сааттын аралыгында бүтүрүп кое турган тааныштарыңыз бар. Ал албетте сизге караганда бир кыйла ийгиликтүү адам. Жакшы жаңылыгыбыз бар: буга окшогон ийгиликке сиз да бир нече жумушчу адатты калыптандыруу менен жетишсеңиз болот. Албетте алар заматта эле сиздин бийиктикке чыгара калбайт, бирок алдыга бир кыйла […]


«Жашоону толук кандуу сезиш үчүн денени, жан дүйнөнү, социалдык жана эмоционалдык маанайды адам тең салмакта кармап турууга мүмкүндүк болуш керек. Жакшы бир сүйгөн нерсеңиздин, хоббиңиздин болгону өзүңүздү максаттарыңызга жетүүгө, чыгармачылык эргүүңүздү ачууга жаңы күч-кубат алууга шарт түзөт. Хобби – бул жөн гана кызыкчылык эмес, бул пайдалуу адат»,-деп билдирди психолог Айгүл Ысыкеева. Төмөндө анын хобби тууралуу […]


Байыркы ата-бабалар “көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деп бекер айтышкан эмес. Ошондуктан бизнес ачыш үчүн эң алгач идеяны көрө билип ошого жетишүүгө умтулуу кажет. Биздин конок, ишкер жана кесиби боюнча юрист Аскар Чоткараев Кыргызстандын шартында бизнести кантип ачууга боло турганын айтып берди. “Албетте бизнести идеядан башташ керек деп айтып жатасыз, идеяны тапкандан кийин анын оң жана […]


Яндекс.Метрика