Юристтен кеңеш: Жеке бизнести кантип ачууга болот?
БИЗНЕС

Юристтен кеңеш: Жеке бизнести кантип ачууга болот?

Байыркы ата-бабалар “көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деп бекер айтышкан эмес. Ошондуктан бизнес ачыш үчүн эң алгач идеяны көрө билип ошого жетишүүгө умтулуу кажет. Биздин конок, ишкер жана кесиби боюнча юрист Аскар Чоткараев Кыргызстандын шартында бизнести кантип ачууга боло турганын айтып берди.

“Албетте бизнести идеядан башташ керек деп айтып жатасыз, идеяны тапкандан кийин анын оң жана терс натыйжа берчү жактарын карап чыгасыз жана бизнес-план түзүп чыгуу керек. Бизнес планды кантип жазууну сунуштаган көптөгөн сайттар бар же тиешелүү адиске кайрылсаңыз да болот. Андан кийин менчиктин түрү кандай болорун аныктайсыз жана каттоого барасыз. Бул багыттын баары биринчи кезекте сиздин кызыкчылыкты коргоого багытталган. Анткени көбүнүн тажырыйбасы жоктугунан ката кетирип жана убактысын кур кетирет. Убакыт биздин учурда абдан баалуу нерсе. Ошонун баарын жокко чыгарыш үчүн мен жеке бизнести ачуунун кычкача колдонмосун сунуштайт элем. Аны “Бизнес дүйнөсүнө жол көрсөткүч” деп атап койсо да болот. Дагы толуктап кетчү нерсе өзүм юрист катары эскертке кетким келет ишти уюштуруп жатканда жана документтерди даярдоодо юридикалык тактыкты сөзсүз сактоо жана мыйзамдан чыкпоо керек”,-дейт Чоткараев.

Төмөндө ишти эмнеден баштоо керектигин сунуштайбыз.

1-баскыч: Бизнес идея түзүү

Баардык иштин маңызы бул-идея. Ошол идеяны кантип алса болот? Терезени карадыңыз, гезитти окудуңуз, Интернет мейкиндигинде саякат кылдыңыз дейли. Бул учурда жөн отурбай ишкердин көзү дайыма идея издөө менен болуш керек. Эгер идеяңыз жок болуп жатса, аны кандай багытта табуу керек ошол жакты ойлоо кажет. Мисалы, бир нече багыттар боюнча:

Башка өндүрүүчүлөрдүн товарларын жана тейлөө көрсөтүүлөрүн өндүрүү же модернизациялоо; Калктын жана уюмдардын талаптарын байкоо жана анализдеп чыгуу; Буга чейин иштеп жаткан багыттарды анализдеп чыгуу жана пайдалануу; Өзүңүздүн жеке тажрыйбаңызды жана билимиңизди пайдалануу; Базардагы субъектилердин ортосунда ортомчулук ишмердигин жүргүзүү; Өзүңүз жактырып кызыккан нерселердин негизинде бизнес уюштуруу. Башка бирөөлөргө үлүш бөлүп берип турам кызматташуу деп же болбосо башка бирөөнүн жардамы менен бизнес ачуу, башкача айтканда заманбап тил менен бул франчайзинг деп аталат; Ага чейин эле иштеп жаткан бизнести сатып алуу жана өнүктүрүү; Жаңы инновациялык технологияларды түзүп жана иштеп чыгуу.

Бүгүнкү күндө нишинг деген түшүнүк бар. Бул ар кандай ишмердүүлүктө өзүнүн бош турган ордун табуу дегенди билдирет. Тиешелүү боштукту ээлөө менен ишкердин аттандаштары аз болот жана бизнеси кирешелүү болот.

2-баскыч: Бизнес-план түзүү

Мисалы, сиз идея таптыңыз, аны документтештирдиңиз. Эми тандап алган базарга ийгиликтүү жайылтыш үчүн аны пландап чыгуу керек. Бизнес-план иштеп чыгуу сиз тандап алган рыноктун сегменти менен кеңири таанышууга жол ачат. Бизнес план түзүүдө эң кеңири колдонулган мөөнөт бул 2 же 3 жыл. Бирок өзгөчө деле чектөө жок. Бизнес-план кеңири болушу керек. Бизнес план үчүн бир катар эл аралык нормалар бар, аны бизнес долбоорлору жазууда колдонушат. Анын негизинде TACIS же UNIDO жана башка стандарттар иштелип чыккан.

3-баскыч: Идеяны ишке ашырууга инвестор же каражат издөө

Эгерде сиз бизнес-планды ийгиликтүү жазсаңыз, анда колуңузда бизнестин кирешеси жана чыгашасы тууралуу смета да даяр болот. Бизнес-план бар болсо сиздин идеяны ишке ашырууга макул болчу инвесторду дагы табууга болот. Инвестиция салуунун мүмкүндүктөрү көп, мисалга айтсам: субсия алуу жана насыя алуу, франчайзинг жана лизинг, мамлекеттик сатып алууларга жана тендерлерге катышуу.

4-баскыч: Ишкерликтин формасын тандайбыз

Ишкерликтин ишмердигинин формаларын тандоодо кардарлар жана мамлекеттин салыгы деген фактылар эске алынат. Эгерде жалпысынан бизнес-долбоор толук масштабдуу ишмердик жүргүзүүгө багытталса, андан сөзсүз түрдө ишкер юридикалык тарап катары катталышы керек. Эгерде бизнес-планда ишкер өзү жалгыз жана өндүрүшүн аз чыгарып иштей турган болсо анда жеке ишкер катары каттоодон өткөнү жөн.

5-баскыч: Бизнести каттоодон өткөрүү

Каттоодон өткөрүүчү органга барардан мурда төмөнкүлөрдү эске алган туура:

Ишкананын аталышын тандоо. Эгерде ишкананы аты узун болсо анда анын кыскартылган варинаттарын карап чыгуу. Эгерде эл аралык деңгээлде иш алып барып жаткан болсоңуз, башка тилдерге которгондо кандай болорун эске алыңыз.

Уставдык капитал бар болушу керек, анда ээлик кылуу тиби, негиздөөчүлөрдүн саны каралган. Юридикалык даректи документтештирүү керек.

6-баскыч: Салык органдарына катталуу

Даяр болгон документти сиз катталган даректи тейлей турган же ишканаңыз жайгашкан аймакты карай турган салык органдарына алып баруу керек.

7-баскыч: Эсеп ачуу

Эсептешүүчү эсепти ачуу юридикалык тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. Жеке ишкерден айырмаланып алар төлөмдөрдү өз атынан же касса аркылуу дагы төлөй алышат. Бирок бизнесиңиз чекене соода болсо эсептешүү жеткирүүчүлөр менен эсептешүүдө керек болот.

8-баскыч: Бизнести уюштуруу

Эми ишкерликти уюштурууга кезек келди. Бул тиешелүү имарат таап, ар түрдүү жабдуу сатып алуу, жумушчуларды жалдоо, жарнамалык акцияларды өткөрүү керек. Ийгиликке жетериңизге ишениңиз жана сизде баары жакшы болот!


Яндекс.Метрика