Beles.kg сайтынын “Айымдарга кеңеш” рубрикасына кош келдиңиз! Аталган рубрикада сиздерди рецептер, мода, стиль, ашкана, интерьерге, идеаларга байланыштуу көптөгөн кызыктуумакалалар күтөт! Чыныгы табити мыкты айымдар кийимди тандап жатып анын моделине, кездеменин сапатына, тигишине гана карабастан өңүнө дагы өзгөчө көңүл бурат.Эмнеге деп собол салып көрдүңүз беле? Айрым түстөр жөнөкөй арзан баадагы кийимди дагы кымбат баалуудай көрсөтүп кое […]


Аялдардын модалуу пуховиктери-бул ыңгайлуу, жеңил жана абдан жылуу сырт кийим. Ал активдүү айымдарга, шаардын тургундары кийүүгө ыңгайлашкан кийим болгондуктан жөө баскан учурда да, коомдук транспортко түшкөн кезде да тоскоолдук жаратпайт, бырышпайт жана ашкере күтүүнү талап кылбайт. Аны катуу суукта да, жамгырлуу аба ырайында да кийсе болот. Мыкты пуховик +10тан  -30 градуска чейинки температурда кийүүгө ыңгайлуу, […]


Бала чагыңызда сизди, “сары, көк көз” деп эркелетишкени же тескерисинче ачууңузга тийишкени эсиңиздеби? Бүгүн жашыл же кыргыздар айткандай, көк көздүү адамдар тууралуу психология илиминде айтылып келе жаткан фактыларга токтолобуз. Себеби жашыл көздүү адамдардын бир канча артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү болот экен. Алардын бул өзгөчөлүктөрүн билүү менен жакындан тааный аласыз. 1-факты Жашыл көздөр-эң эле сейрек кездешкен көздөр […]


Психологдор көп оорулар ар кандай тескери эмоциялардан, стресс жана моралдык травмалардан улам келип чыгарын айтып келишет. Медицина жана психологияда бул боюнча психосоматика (грек тилинен которгондо psycho — «жан»  жана soma, somatos-«дене»)  деген багыт иш алып барары белгилүү. Психосоматика эмоционалдык абалдардын, стресстердин жана психологиялык көйгөйлөрдүн адамдын физикалык абалына берген таасирин изилдейт. Төмөндө сиздерге ар кандай туура […]


Байыркы кездерден бери эле адамзат үйгө келе турган байлыктын агымын көбөйтө турган жөнөкөй сунуштарды карманган. Аялзаты үчүн маанилүү болгон мындай жөнөкөй сунуштамалар азыркы заманбап дүйнөдө да актуалдуулугун жоготпой келет. Анда үйүңүзгө байлыктын энергиясын алып келет деген төмөнкү эрежелерге көз чаптырып көрүңүз. 1-эреже Эң биринчи кезекте кире беришти таза кармаңыз. Кыргыздарда дагы  “эшигин көрүп төрүнө өт!” […]


Адамзаты жаралгандан бери эле табиятта аял менен эркектин орду так бөлүнгөн. Эркек-үй-бүлөнү багат, аял-коломтону сактайт. Бирок азыр аял да, эркек да жарыша иштеп калган заманда арабызда баарын аткара берем деп, бүт жумушту төбөсүнө үйүп, өзүнүн аял экенин унутуп калган айымдар бар. Сиз дагы ошол армиянын катарын толуктап, тамаша тил менен айтканда “баарынын алдына түшүп, аңды-дөңдү […]


Дени сак адамдын оптималдуу дене табы 36,6°C болору белгилүү. Табиятынан эле мындан жогору же төмөн температурада жүргөн адамдар бар. Мурундан суу агуу, дене табынын көтөрүлүшү, тамактагы оору суук тийип калуунун белгиси.Бирок температура эч себепсиз эле 37 градус болуп жатканы организдеги кандай өзгөрүүлөрдөн кабар берет? Эч бир белгиси жок эле 37 градустук дене табы: мүмкүн болуучу […]


Келбетүү, чымыр, спорт менен машыккан дене культка айланган ушул заманбап дүйнөдө “Кантип арыктоо керек?” деген суроо ар бир экинчи адамдын башына келет. Ага көп берилген жооп: “азыраак тамак ич” деген сөз. Ошондо эле баары өзгөрүп, адам тамак жебей калабы? Андай болсо көпчүлүк кыялдагы келбетке ээ болуп, диеаталар менен фитнес залдардын кереги жок болуп калбайт беле? […]


Иш жүзүндө кээ бир адамдар чындап эле эс ала албай калышат. Жумуштан колу бошобой жүргөн мекендештерге тамаша жана эс алуу иретинде төмөнкү “кеңештерди” сунуштайбыз. Кааласаңыз аны олуттуу кабыл алып кагазга жазып иштеген жердеги дубалыңызга илип алсаңыз да болот! Анткени убагында эс алуу дагы чоң искусство! -Уктаган төшөгүндү жаныңдан артык көрүү керек! -Кимдир бирөө эс алып […]


С витаминине бай лимондун өзү гана эмес, жыпар жыты дагы көп нерсеге пайдалуу дешет. Анда лимондун жытынын төмөнкүдөй пайдалуу жактары бар экенин биле жүргөнүңүз ашыкча болбойт. Уктоочу бөлмөгө койсоңуз анын жыты булчуң эттерди бошотуп, ырахаттанып уктайсыз. Цитрус өсүмдүктөрү нервиңизди тынчтандырып, маанайыңызды жакшыртып көңүлүңүз сергийт. Эгерде сизде лимондун эфир майы болбосо анда бир тилим лимондун кесимин […]


Яндекс.Метрика