Үйүңүзгө байлык келсин десеңиз бул 5 эрежени сактаңыз!
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

Үйүңүзгө байлык келсин десеңиз бул 5 эрежени сактаңыз!

Байыркы кездерден бери эле адамзат үйгө келе турган байлыктын агымын көбөйтө турган жөнөкөй сунуштарды карманган. Аялзаты үчүн маанилүү болгон мындай жөнөкөй сунуштамалар азыркы заманбап дүйнөдө да актуалдуулугун жоготпой келет. Анда үйүңүзгө байлыктын энергиясын алып келет деген төмөнкү эрежелерге көз чаптырып көрүңүз.

1-эреже

Эң биринчи кезекте кире беришти таза кармаңыз. Кыргыздарда дагы  “эшигин көрүп төрүнө өт!” айтылат.Үйдүн кире беришине  эски-уску бут кийимдердин үйүлүп жатканы, таштанды, шыпырынды толуп алганы жаңы энергияга жол ачпайт экен. Эшигинин алдын таза кармай албаган адамдын жолу жабык болот дешет.

2-эреже

Ар бир аткан таңда, төшөгүңүздү жыйганды, эгерде уктоочу керебетте болсо иреттеп, үстүнө атайын жабууну жаап койгонду унутпаңыз! Кыргыздарда чоң энелерибиз “жыйылбаган төшөккө шайтан ойнойт” деп коюшкан. Андай болсо да, мындай болсо да чачык турган уктоочу бөлмөнүн энергиясы чарчап-чаалыгууну жана ооруну чакырат деп коюшат. Кечке дейре күнүңүз көңүлдүү улансын десеңиз төшөктү тыкан жыйып, үстүн кооз жабуу менен жаап коюңуз.

3-эреже

Уктаар маалда ашканаңыз кандай абалда экенин текшерип көрүңүз. Ашканага жуулбаган кир идиш-аякты, таштанды тамак-аштын калдыгын калтырбай тазалап уктаган туура экен. Мунун баары адамдын уйкусунун толук канышына таасир берерин энергетика жаатындагы адистер белгилеп келишет.

4-эреже

Айрыкча көңүлдү ашкана үстөлүнө буруңуз. Уктай турган маалда, анын үстүн таптаза кылып жыйнап койгонуңуз жакшы. Болгону жаңы бышкан жемиштер менен гүлдү дасторконго калтырууга болот.

5-эреже

Мүмкүнчүлүк болсо үйүңүз ар дайым таза болсун. Ал жакшы желдетилген жана гүл жыттанган абалда болсо андан дагы сонун.Үйүңүздүн абалы жалпы психологиялык абалыңыздан кабар берип турат. Эгерде ийгиликтүү жана өсүп-өнгөн адам болом десеңиз, бакубат жашоодо жашайм десеңиз турак-жайды ар дайым таза кармоо керек болот экен.Тазалык бул үйгө байлык келүүдөгү эң башкы эреже экен. Тазалык тууралуу динде да, хадистерде да көп айтылган.

Ар дайым байлыктын жана бакубат турмуштун ээси болушуңузга тилектешпиз!

Автор: Гулнур Жумалиева


Яндекс.Метрика