Байыркы ата-бабалар “көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деп бекер айтышкан эмес. Ошондуктан бизнес ачыш үчүн эң алгач идеяны көрө билип ошого жетишүүгө умтулуу кажет. Биздин конок, ишкер жана кесиби боюнча юрист Аскар Чоткараев Кыргызстандын шартында бизнести кантип ачууга боло турганын айтып берди. “Албетте бизнести идеядан башташ керек деп айтып жатасыз, идеяны тапкандан кийин анын оң жана […]


Бүгүнкү макалада ишкер болом деген жаштардын акчаны кантип таап жатканы тууралуу иликтөө жүргүздүк. Бул макалада Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаарынын шартында акча табуу жана Интернеттин жардамы менен акча табуу тууралуу сөз кылабыз. Каармандар өздөрүнүн жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып беришет. Төмөндө саналган ыкмалардын баарын алар жеке өздөрүнүн жон териси менен сезип, тажырыйба топтоп иштеп жатышкан иштермандар. […]


Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында Кыргызстан банкы Кыргыз экономикалык университетинин студенттеринин арасында “Банк сервистерин жайылтуу жана таанытуу боюнча көз караш” деп аталган темада конкурс жарыялаган. Бир нече аптага созулган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, 29-мартта конкурстун финалы жыйынтыкталды. “Финалдын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө 15 миң сомго депозит ачуу боюнча сертификаттан баштап 3000 миң сомго чейин сертификат тапшырылды. Бул серфтикаттар […]


Кыргызстанда дүйнөлүк акча жумалыгы аяктады. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, иш-чарага 6 миңден ашык адам катышкан, анын ичинен 2,5 миңдей катышуучу аймактардагы балдар. Акциянын негизги максаты-өсүп келе жаткан жаш муундун каржылык сабаттуулугун жогорулатуу. Белгилей кетсек, акчага туура мамиле жасай билүүнү үйрөткөн жумалык Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. […]


Кыргызстанда төртүнчү ирет Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады. Анын айтымында, акция 27-марттан 2-апрелге чейин өткөрүлмөкчү. Ага дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсү катышат. Иш-чара (CYFI) Балдар жана жаштардын финансылык билим берүү боюнча эл аралык уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Иш-чара «Окугула. Жыйым топтогула. Иштеп каражат тапкыла!» урааны астында […]


Яндекс.Метрика