Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!
ИДЕЯЛАР

Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!

Дүйнөдөгү эң эле ийгиликтүү долбоорлор хоум-офистерде же башкача айтканда үй шарттарында аралыктан иштөөдөн башталганы белгилүү. Эми коронавирус пандемиясынын маалында ар бир ишкер өз үйүн офис кылып ишин илгерилетүүгө мүмкүндүк пайда болду. Ишкерлик кылам десеңиз сизге чакан акча, ноутбук жана телефон, социалдык тармактардагы аудиторияңыз жана эң негизгиси эч нерседен көңүлүңүз калбаган ынтызарлык керек болот. Сиздерге бүгүн бир нече бизнес-идеяларды сунуштайбыз.

Идея №1: food-флористика

Жетиштерден гүл букеттерин жасап берүү Кыргызстанда жаңы гана ишке ашып жаткан идея. Бишкекте мындай ишкерлер социалдык баракчалар аркылуу өзүн жарнамалап, товарларын сатышууда. Жемиштер, конфеттер жана гүлдөрдөн, ал тургай тамак-аштардан жасалган бул букетти сатып алуучулар бара-бара көбөйө турганы шексиз. Себеби майрамдарга, туулган күндөргө гүлдү өзүнчө, жемиш салынган себетти өзүнчө көтөрүп отурбай чогуу эле берип коюшат. Анан калса бул заманбап белек болмокчу. Албетте бул үчүн сиздин дизайн креативдүү, баалары чөнтөккө туура келгендей жана тапшырык берүүчүлөрүңүз менен жеткирип берүүчүңүз болушу керек. Ишти кандай уюштуруунун кеңири маалыматтарын интернет айдыңынан тапсаңыз болот.

Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!
Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!
Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!
Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!

Идея №2: Онлайн-сабак өтүү

Түйүндөрдө билим алууга болгон суроо-талап коронавирус кризисинин маалында абдан жогорулады. Балдар менен студенттер гана эмес жогорку билимдүү чоң адамдар да жаңы билимдерди алууга умтулуп жактан кез.

Онлайн билим бериш үчүн негизги багыттар:

Аралыктан иштөөчү кесиптерге үйрөтүү

Ден соолук, сулуулук жана спорт тармагы

Бизнес

Хобби (сүрөт тартуу, музыка, кол өнөрчүлүк).

Чет тилдерди үйрөтүү

Балдарга аралыктан репетитор болуу жана башкалар.

Бул тармактын баарында атаандаштык болсо дагы кыргыз тилдүү контентте сапаттуу маалымат-продукциялары же инфопродуктулар азыраак экенин эскерте кетмекчибиз.

Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!

Идея №3: Кургатыла турган гүлдөрдөн бизнес

Бир нече жыл мурда кургатылган гүлдөрдөн жасалган букет “чоң эненин шыпыргысындай” болуп начар таасир калтырчу. Азыр эми бул материалдардан флористтер эң сонун композицияларды жасап аны модага айландырышты. Бишкекте мындай букеттерди жасагандар саналуу гана, алар интернет дүкөндөр аркылуу жасаган букеттерин сатышат. Кургатууга ылайык  болгон гүлдөр лаванда, лимониум, миң жылдык, гелихризум, гелиптерум, анафалис, гомфрена жана башкалар. Россияда мындай гүлдөрдөн жылына 7 миллион рублга чейин жылдык киреше тапкан Сергей Русаков деген ишкер белгилүү.

Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!
Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!

Идея №4: кризиске ылайыкталган кызматтар

Эгерде сизде каржы жагынан мүмкүнчүлүк  болсо курьер кызматтарын, жүк түшүргүчтөрдүн тобун уюштуруп, ресторандар, кафелерге, желимден аралыкты сактап турган көшөгө тоскучтарды жасасаңыз болот. Албетте бул кызматтар идея катары жаңы эмес.Бирок дүйнө аталган кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болууда. Пандемиянын шарттарында мындай кызматтардын иши дагы бир нече убактарга чейин зарыл болору белгилүү.

Ийгилик анда, ар дайым кызыгууңуз-кыялга, кыялыңыз-максатка, максатыңыз-бизнес идеяга, бизнес идеяңыз-акчага айланып адамдарга пайда алып келишине тилектешпиз!

Автор:beles.kg

Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!
Ишкерлик кылам деп жатсаңыз анда 4 идеяны карап көрүңүз!


Яндекс.Метрика