Эркектин аялды сыйлабай калышына себеп болгон 4 ката
МАМИЛЕЛЕР

Эркектин аялды сыйлабай калышына себеп болгон 4 ката

Сыйлоо жана урматтоо-жубайлардын, жуптардын бактылуу жана бекем мамилесинин эң негизгилеринин бири экени талашсыз. Бирок кээде аялзаты өздөрү билип-билбей эле жаңылыштык кетирип, өзүнө карата жолдошунун же жигитинин сыйлоо сезимин жоготуп алат. Төмөндө сүрөттөлгөн каталарды көп аялдар кетирбейт, бирок ушундай  айрым айымдар бар экенин жашоодо кездештирип жүрөбүз. Бүгүн бул каталар тууралуу билип алуу ашыкча болбос деген ойдобуз.

1.Жеке пикирдин жоктугу

Эркекке жагыш үчүн эле жашоодогу тигил же бул жагдай боюнча жеке көз карашыңыздын же пикириңиздин жоктугу, баарына макул боло берүү. Мындай жол менен сиз баарына эле макул болуп өз жүйөңүздү айта албай турган аялдын таасирин калтырасыз.

Ар бир эле адамга, анын ичинен мырзаларга дагы жашоодо өз пикири бар жана өзүнүн принциптери бар адам менен баарлашкан кызык. Ошондуктан шеригиңизге таптакыр эле макул боло бербей, жашоодогу орчундуу жагдайлар боюнча өз пикириңизди билдирип турганыңыз жөндүү. Бул деген сөз күйөөңүздүн ар бир айтканына каршы капталдан чыга калып эле кыйкырып туруу эмес, так, жүйө менен, эч таңуулабай өз пикир оюңузду айтып, кеңеше билүү дегенди түшүндүрөт.

2. Кайра-кайра телефон чалып, смс жазуу

Өзүңүз деле кайра-кайра жабыша берген адамдан тажап кетсеңиз керек. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин кандай абалда болоруңузду элестетип көрсөңүз. Шеригиңиздин керт башына ашык эле кызыга берүүчүлүк анын сизге карата тез кызыгын таркатууга алып келет. Албетте аман-эсендигин, кайда жүргөнүн тактап коюш керек болот деңизчи, аял катары, бирок, күнүгө он маал чала берүү ортодогу сыйды кетириши ыктымал.

Мамилелерге көз каранды болбой өз алдынча болууну үйрөнүү ар бир өзүн сыйлаган аялдын милдети болушу керек. Күйөөм деп эле өнтөлөй бербей, жашооңуздун башка тармактарына мисалы балдарыңызга, жакындарыңызга, досторуңузга, өзүңүздү өстүрүүгө, ишкерлик кылууга, каржыңызды кеңейтүүгө, сулуу айым болууга, билим алууга алдыртан кам көрүңүз. Бул жубайыңыздын сыймыктануусуна гана пайда кылат.Эгер албетте ал түшүнүктүү, акылы жетик инсан болсо.

Эркектин аялды сыйлабай калышына себеп болгон 4 ката

3. Баардык кылыгын эле кечире берүү

Мамилелер башталганда эле сизге жакпай турган нерсени “жакпайт” деп айтып эле, бул жерден “мен таарынам, капа болом, мындай кылба” дегенди башынан так белгилеп көндүрүш керек болот. Жолдошуңуздун же жигитиңиздин көңүлүн алыш үчүн өзүңүзгө жакпаган нерсени жасаган сайын өзүңүздү сыйлоо сезимиңиз, анын артынан күйөөңүздүн сизди сыйлоо сезимин жоготосуз.

Сизге карата түгөйүңүз адамгерчиликке жатпаган иш жасаса, анын баарын дароо кечире калбай өзүңүздү сыйлай турганыңызды көрсөтүп, түшүндүрүү да керек болот.

4.Эч негизсиз эле эркекти мактай берүү   

Албетте мырзаларды мактап турганда алардын өзүнө карата баасы көтөрүлөт. Бирок ошенте берип ашыкча эле баасын жогорулатып жиберишиңиз да мүмкүн. Баардык нерсенин орток абалда болгону туура, жакшы нерсесин мыкты деп албетте белгилеңиз, бирок жөнү жок мактай бергениңизди жубайыңыз байкаган кезде анын урматтоосу жоголот.

Эркектер табиятынан “аңчы” экенин унутпаңыз! Өзүн сыйлаган эркекке аны да сыйлаган, бирок ошол эле маалда жеке пикири да бар, жеке инсандык чек арасын бузбаган, баарына эле макул боло бербей аны жаңы бийиктиктерди багындырганга шыктандырган, өсүп-өнүгүүгө өбөлгө боло турган аял керек.

«Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт» дейт элибизде, эгер билбей мамилелерде ушундай каталарды кетирип жатсаңыз аны оңдогонго эч качан кеч эмес экенин унутпаңыз! Сиз ар дайым сыйга татыктуусуз!

Автор: beles.kg

Эркектин аялды сыйлабай калышына себеп болгон 4 ката

Яндекс.Метрика