Психопаттар кадимки адамдардан абдан эле айырмаланат десеңиз жаңылышасыз. Психопат десе эле сиз ачууланып, кыйкырып ар кимге каарын чачкан адамды дагы элестетишиңиз мүмкүн. Мындай деп ойлосоңуз терең жаңылышасыз. Жогорку типтеги психопаттар өтө жагымдуу, харизмалуу, ийгиликтүү адамдар болушу мүмкүн. Жана аларды көп учурда ири компаниялардын, ишканалардын жетекчилеринин креслосунан, ийгиликке жетишкен адамдардын катарынан көрүүгө болот. Психопаттар деген кимдер? […]


“Психологдун пикири” рубрикабызга кош келиңиз! Бул рубрикада окурмандардан келген кызыктуу суроолорго психологиянын тилинде жооп берүүгө аракет кылабыз. Суроо: “Мени бир суроо кызыктырат, эмне үчүн адам бир нерсени ушунчалык кааласа ага жетпей калат? Кээде муну орусча “закон подлости” деп коебуз. Ушуну психология боюнча жакшылап түшүндүрүп бере аласызбы?” Руслан. -Ооба, бул көрүнүш психологияда изилденген. Бул көрүнүштү 1938-жылы […]


Азыр жаштар арасында “нарцисс” экен деген сөздү колдонуу модага айланып жатат. Бул терминди толугу менен түшүнбөсө да башка бирөөнү бул сөз менен күнөөлөгөн жаштар четтен табылат. Бирок  адамдын нарцисстик бузулуусу же орусча айтканда нарциссическое расстройство личности (НРЛ) адамдын мүнөзүндөгү олуттуу карай турган өзгөчөлүктөрдүн бири. Бул ким? Инсандын нарцисстик бузулуусу-бул адам өзүн укмуштуудай маанилүү, уникалдуу жана […]


Денеден травма же жаракат алуу баарына эле белгилүү. Бирок денедегидей көзгө көрүнүп, колго кармалбаса дагы психологиялык жактан жаракат алуу да адамга оор зыян алып келерин көпчүлүк биле беришпейт. Тигил же бул кырдаалда психикалык жактан жабыр тартуу адамдын жеке индивидуалдуу өзгөчөлүктөрү менен тыгыз байланышкан. Жалпылай келгенде психологиялык травманын 3 түргө бөлүүгө болот. Алар: Шок травмасы. Адам […]


Адамдардын материалдык жактан канчалык бай экени көпчүлүк адамдарга белгилүү болуп турат эмеспи. Бирок адамдын руханий жактан байлыкка жеткенин кантип билүүгө болот? Адамдын руханий жактанбийик деңгээлге жеткенин психологдор бир нече пункттар менен аныктап келишет. Эгер канчалык деңгээлде руханий жактан бийиктикке жеткениңизди билгиңиз келсе төмөнкү өзгөчөлүктөр менен таанышып алсаңыз болот. Макаланын видео түрүндөгү варианты менен таанышсам десениз […]


Муун бул-бир хронологиялык убакыт аралыгында төрөлгөн жана бирдей шарттарда өскөн адамдардын коомдук тобу болуп эсептелет. Муундар теориясын американских изилдөөчүлөр Нейл Хоу жана Уильям Штраустар киргизип, бул багытта китептерди жазышкан. Теориянын маңызы: ар бир 20-25 жылда мурдагы муунга көз карашы окшош эмес болгон адамдар төрөлөт дегенде жатат. Анын башкы мааниси-жаш курагы айырмаланган адамдардын ортосундагы чекти жоюу […]


Психология-кызыктуу илим. Анын күнүмдүк турмушка пайдасы: адам тууралуу, анын психикасы, жүрүм-туруму, өз ара аракетинин мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү тууралуу көп маалыматтарды берүү менен сиздин жашооңузду жеңилдеткенинде. Бүгүн beles.kg редакциясы адамдын психикасы тууралуу 10 кызыктуу фактыны топтоду. Аларды билүү сиз үчүн пайдалуу деген ойдобуз. Факт №1 – Башкаларды бактылуу кылууга  көп аракет кылган адам, көп учурда жалгыз […]


Beles.kg сайтынын “Айымдарга кеңеш” рубрикасына кош келдиңиз! Аталган рубрикада сиздерди рецептер, мода, стиль, ашкана, интерьерге, идеаларга байланыштуу көптөгөн кызыктуумакалалар күтөт! Чыныгы табити мыкты айымдар кийимди тандап жатып анын моделине, кездеменин сапатына, тигишине гана карабастан өңүнө дагы өзгөчө көңүл бурат.Эмнеге деп собол салып көрдүңүз беле? Айрым түстөр жөнөкөй арзан баадагы кийимди дагы кымбат баалуудай көрсөтүп кое […]


Психологдор жашоодо жана үй-бүлөлүк мамилелерде көпчүлүк эркектерди тынчтандыра турган жана аларга дем берип жагымдуу угула турган бир нече сөздөрдү белгилешет. Албетте алар көп, бирок бүгүн чыны менен эле мырзалар үчүн маанилүү болгон сөздөрдү топтодук. 1.Колуңан баары келет Сиздин түгөйүңүз унааны оңдогонду жакшы билеби, акчаны жакшы табабы, үйдө жакшы устачылык кылабы, мыкты соодагерби, иш билги кызматкерби, балдары […]


Жашоосунда ката кетирип алып андан соң өкүнүп калбаган адам болбойт. “Акылдуулар башкалардын катасын көрүп жашоосун оңдойт, ал эми айрымдары болсо өзү жаңылыштык кетирет”,-деп коюшат эмеспи.    Психологиялык изилдөө учурунда жашы өтүп, улгайып калган адамдар жашоосунда кандай каталарды кетиришкенин жаш муундарга сабак болсун деп айтып беришкен экен.Төмөндө алардын айткандарынын баарын топтоп сиздерге сунуштадык! Балким жашооңузга көмөгү […]


Яндекс.Метрика