Нарцисс деген ким жана ал кандай зыян кылат?
ПСИХОЛОГИЯ

Нарцисс деген ким жана ал кандай зыян кылат?

Азыр жаштар арасында “нарцисс” экен деген сөздү колдонуу модага айланып жатат. Бул терминди толугу менен түшүнбөсө да башка бирөөнү бул сөз менен күнөөлөгөн жаштар четтен табылат. Бирок  адамдын нарцисстик бузулуусу же орусча айтканда нарциссическое расстройство личности (НРЛ) адамдын мүнөзүндөгү олуттуу карай турган өзгөчөлүктөрдүн бири.

Бул ким?

Инсандын нарцисстик бузулуусу-бул адам өзүн укмуштуудай маанилүү, уникалдуу жана теңдеши жок деп эсептеген учурду айтабыз. Ал адамдын жашоосунун баардык тармагын камтып, мүнөзүндөгу бул өзгөчөлүк өмүр бою коштолот.

Нарцисстик бузулуусу бар адамга төмөнкүлөр мүнөздүү.

  1. Өзүн “элден укмуш өзгөчөмүн” деп чын дилден, эч бир шектенбей, күмөн санабай туруп ойлоо, өзүнө айланасы реалдуу даражасы менен жетишкендиктерине карабай туруп өзгөчө мамиле кылышы керек деп күтүү.
  2. Ар дайым суктанууга, таазим кылууга, аны карап сүйүп турууга жана өзгөчө адам экенине карата талаптын жогору болушу.
  3. Сынды көтөрө албоо. Туура эмес жерин, же жетишпеген сапаттарын  айткан кандай гана кеп болбосун агрессия, каардануу менен кабыл алуу.
  4. Эмпатиянын же болбосо жөнөкөйлөтүп айтканда башка адамдардын маанайы менен сезимдерин сезе билүүнүн жоктугу. Нарцисстик бузулуусу бар адам башкаларга эч качан боор толгоп же кылган жаман ишине өкүнбөйт.
  5. Адамдарды өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн инструмент катары колдонуу.
  6. Жеке мамиледе гармониялуу байланыш түзө албоо. Нарцисстер эч качан бирөөнү сүйө албайт жана анын жылуу сезимдери болбойт. Ошондуктан ал керектүү учурда бул сезимдерди эң мыкты имитация кылып жасалма берип кое алат.

Нарцисстик бузулууну дени соо адамдын катардагы мактоо уккусу келгени же өзүн көрсөткүсү келгени менен алмаштырбоо керек. Ар бир инсан кези келгенде мактоого, колдоого, жетишкендиктерибизди бирөөлөрдүн таануусуна, суктануусуна жана урматоосуна муктажбыз. Бирок нарцисстик бузулуусу бар адамдын бул талаптары эч качан, эч убакта бүтпөйт.

Адамдар анын талаптарын ийгиликтүү компенсация кыла билсе, алар көңүл буруу менен суктанууну талап кылган айрым кесиптерде чыны менен ийгиликтерди жаратышы мүмкүн.

Мисалы, шоу чөйрөсүндө, саясатчылардын арасында атак-даңкка жетиш үчүн жана өзүн жактагандардын сүйүүсүнө ээ болуш үчүн аракет кылган нарцисстик бузулуусу бар адамдар көп.

Заманбап коом нарциссизмди ар тараптуу жактап келет. Баардык жерде эң ийгиликтүү, эң сулуу, эң атактуу болуш керек деген чакырыктар бар.

Жаркыраган образы жана өзүнүн өзгөчө адам экенине катуу ынанганына карабай нарцисстик бузулууга кабылган адам көп учурда өзүн бактысыз сезет.

Нарцисс деген ким жана ал кандай зыян кылат?

Нарциссизм кандайча калыптанат?

Баардык бузуулуулардынсебеби бала чак менен тыгыз байланышкан. Баланы тарбиялоодо бири-бирине карама-каршыэки ыкманы колдонгон учурда балада нарцисстик бузулуу келип чыгышы мүмкүн.

1.Балага салкын, суз мамиле кылуу

Балага карабаган, ага мээримин төкпөгөн аял баласынын нарцисстик бузулууга кабылуусуна кеңири жол ачары аныкталган.

Өзүнө мээрим, сүйүү, кабылалууну албаган бала чоңойгон сайын булардын бүт дүйнөнүн, башка адамдардынэсебинен толтургусу келет.

2. Ашыкча мактоо

Мындай учурда бала эмне кылбасын жасаган иши кол чабуулар менен коштолуп турат.Аны көкөлөтүшүп, бөпөлөшүп, канатууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойтушат. Баары көзүн карай берген балада эгоцентртик же болбосо өзүнүн гана айланасында Жер айланып турушу керек деген дүйнө тааным калыптанат. Бирок чоңойгон кезде адамдардын арасында атаандаштыкка туш болот.

Нарцисстер кандай зыян кылышы мүмкүн?

1.Сынды көтөрө албайт

Алар сынды таптакыр көтөрө албайт. Катуу агрессия, каардануу жана чабуулга өтүшү мүмкүн.Башкалардын мындай сын айтканын эч качан кечирбейт, өз маалында жообун бере албай калса өч алыш үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жүрөт.Оор учурларда нарцисс эмоцияларын кармай албай оор кылмышка да барышы мүмкүн.

2. Мамиле куруу кыйын

Алар өзүнүн түгөйүн кандай болсо дал ошондой кабыл алганды билбейт. Ошондуктан мамилелер төмөнкү схема менен түзүлөт.

1-этап: Түгөйдү идеалдаштыруу. Сүйлөшүп жүргөн учурда нарцисс сүйүктүүсүнө “ сенсиз жашоом жок”, “мен сенсиз жашай албай, өлүп калам”, “бир мүнөт жаныңдан чыккым келбейт” деген сыяктуу сөздөрдү жаадырып турат.Бул кезде анын түгөйү көкөлөтүүнүн туу чокусунда болот. Нарцисстер сүйлөшкөн адамынын тез арада колун сурап, тез арада балалуу кылып, айтор өзүнө байлап алууга аракет кылат.

2-этап. Баасын түшүрүү

Бул учурда нарцисс түгөйү аны эле карап турбасына түшүнөт.Дегеле мындай адамдар реалдуу эмес, кыялдардын дүйнөсүндө жашайт. Муну түшүнгөн соң нарцисс түгөйүн басынтып, күнөөлөй баштайт. “Мен алданып калыптырмын, сен мындай эле турбайсыңбы” деген кине коет.Албетте экинчи тарап дагы жөн калбай аны сындап кирет.Бул учурда нарцисс үчүн мамиле куруунун үчүнчү этабы- утилизация башталат.

3-этап: Утилизация

Бул учурда нарцисс түгөйүнөн толук “көңүлү калат”, аны кемтиги бар адам экен деп эсептейт да, өзүнүн кыялындагы “идеалдуу шеригин” издей баштайт. Ажырашат, жаңы мамиле курат жана аны дагы баасын түшүрүп, соңунда ажырашат. Ажырашкан учурда өзүнүн мурдагы түгөйлөрүн эмоциялык жана материалдык жактан дагы толук бойдон “лимондой сыгып алууга” аракет кылат. Артынан канчалаган талкаланган тагдырларды, психологиялык травма алган адамдары калтырат.

Аны “оңдоого ”болобу?

Инсандык бузулуу же орусча айтканда расстройство личности- бул айыктыра турган оору эмес. Кептин ачыгын айтканда узакка созулган терапиядан кийин да нарцисси өзгөртүү мүмкүн эмес. Бирок анын коомго туура адаптацияланыша көмөк берүүгө болот. Ал ушундан кийин адамдарды жүрөгү элжиреп сүйүп кетпейт, бирок өзүнүн жүрүм-турумун оңдоп, мындай жеке инсандык өзгөчөлүгү менен ийгиликке жете турган тармакты табышы мүмкүн.

Нарцисстик бузулууга кабылган адамдарга психотерапия талап кылынат, антпегенде алардын жашоодо оор депрессияга кабылуусу, баңгизаты, кумар жана алкоголдук көз карандылыкка кабылуу ыктымалдыгы жогору. Ошондой эле бара-бара аларда бред же жөөлүү, өзүн ыйык адаммын, Кудаймын деген сезинүү сыяктуу тантырак идеялар келип чыгып, ошондон жапа чегиши мүмкүн.

Нарцисстик бузулууну психолог эмес, психиатрлар, тактап айтканда психиканы дарылаш үчүн атайын медициналык билими бар дарыгер гана дарылай аларын эскерте кетмекчибиз.

Автор: Гүлнура Жумалиева,психолог

Автордун визиттик баракчасы:  https://gulnuraz23.wixsite.com/my-site-6

Инстаграм баракчалар:

Үй-бүлө ынтымагы үчүн, сулуулук жана ден соолук үчүн кеңештер, лайфхактар, рецепттер-мунун баары https://www.instagram.com/aiymdarga_kenezh/ баракчасында! Катталыңыз!

Жеке мамиледе, карьерда өнүгөм десеңиз эч жерде айтылбаган психологиялык ыкмаларды, идеяларды бул баракчадан https://www.instagram.com/beleskg/ үйрөнүңүз! Ийгилик белесинен жолугабыз!


Яндекс.Метрика