Ушунчалык катуу каалаган нерсебизге эмнеге жетпейбиз?
ПСИХОЛОГИЯ

Ушунчалык катуу каалаган нерсебизге эмнеге жетпейбиз?

“Психологдун пикири” рубрикабызга кош келиңиз! Бул рубрикада окурмандардан келген кызыктуу суроолорго психологиянын тилинде жооп берүүгө аракет кылабыз.

Суроо: “Мени бир суроо кызыктырат, эмне үчүн адам бир нерсени ушунчалык кааласа ага жетпей калат? Кээде муну орусча “закон подлости” деп коебуз. Ушуну психология боюнча жакшылап түшүндүрүп бере аласызбы?” Руслан.

-Ооба, бул көрүнүш психологияда изилденген. Бул көрүнүштү 1938-жылы Гамперсон деген доктор изилдеп чыккан. Аталган теорияны Гамперсондун мыйзамы деп аташат. Ага ылайык адам бир нерсени ушунчалык катуу кааласа, ага жетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук азаят.

Теорияга ылайык сиз азыр муктаж болгон нерсе, дайыма сизден алыстай берет. Мисалы, жумушка абдан шашкан кезде сиз күткөн маршруттук такси келбей калат. Андан башка каттамдагы автобустар шартылдап эле келип жаткандай сезилет.

Эгер турмушка чыгууну же үйлөнүүнү ушунчалык кааласаңыз жана активдүү түрдө түгөй издеп, үй-бүлөлүк коломто тууралуу кыялданып  жатсаңыз, анда ылайыктуу адам жок боло берет. Ошол эле маалда курбуңуз жай гана дүкөнгө нан сатып алганы кирип, ошол жерден жакшы жигит менен таанышып калып, ага турмушка чыгып кетет.

Же сиз акча топтоп бай болоюн деп аябай тырышып, аны үнөмдөгөн сайын, корото турганга бир жагдайлар чыга берет.

Эмне үчүн андай жана аны кантип токтотуу керек?

Психологиядагы Гамперсондун мыйзамы боюнча иштин баары көңүл бурууга байланышкан.

Мисалы, сиз 5-автобусту күтүп турганда 6, 7, 8, 9, 11-каттамдар өттү дейли. Бирок сиздин автобус жок! Чыйпылыктайсыз, ачууңуз келет.Сиздин жаныңыздан 5-каттамдан башка баардык автобустар өтүп кеткендей туюлат. Бирок реалдуу түрдө 1, 2, 3, 4  жана 10-каттамдар дагы келе элек болчу. Бирок сиз 5-каттамды ушунчалык катуу күтүп жаткандыктан буларды байкаган жоксуз.

Мындай учурда адамдагы катуу көңүл буруу феномени мээнин реалдуулукту туура кабыл алуусун убактылуу бузуп таштайт.

Турмушка чыгуу жана үйлөнүү дагы ушундай эле иштейт.Сиз мага жакшы жигит келбей жатат деп бекем ынанган сайын айланадагы болуп жаткандарды толук кабыл алуу өзгөрөт. Балким жакшы жигиттер жай гана жаныңызда жүрсө да сиз жөн гана аларды көрбөй жатасыз.

Ушунчалык катуу каалаган нерсебизге эмнеге жетпейбиз?

Каалаган нерсе аткарылбаганда эмне кылуу керек?

Жообу эң жөнөкөй-жыйынтыгы жок эле күтө берүүнү токтотуп аракет кылуу керек. Каалаган жыйынтыкка аракеттер гана алып келет. Каалаган нерсе ишке ашуусу үчүн — ошол нерсе менен көңүл топтоону дароо токтотуп, башка нерсе менен алектениш керек. Бул парадокс, бирок дал ушундай.

Баналдуу түрдө айтканда керектүү каттамга керек учурда үлгүрүп чыгыш үчүн эртең менен 5 мүнөт болсо да эрте туруу керек. Болжолдуу түрдө бул каттам саат канчаларда келерин билип койсоңуз да ашыкча болбойт. Болбосо Б планга өтүп, башка каттам менен жумушка барыңыз же таксиге акча бөлүп коюңуз. Тактап айтканда, бул сизди каалган жыйынтыкка (бул жерде жумушка убагында баруу) алып келе турган реалдуу аракеттер жана инструменттер.

Турмушка чыгыш үчүн психологго кайрылып, карама-каршы жыныстагы адам менен мамиле түзүүдө тоскоол болуп жаткан туура эмес жүрүм-турумдан, комплекстерден, чектөөлөрдөн, ынанымдардан арылганыңыз туурадыр. Балким диетага отуруп салмак таштооңуз керек болуп жаткандыр. Балким өзүңүздүн кызыктуу адам экениңизди айланадагыларга билдире турган учур келгендир.

“Баардыгы буйруктан” деп отура берсеңиз, өзүңүз тууралуу маалымат бербесеңиз, азыр адамдардын сизден башка кызыкчылыгы толтура. Доордун өзү, мезгилдин өзү, ага карата үйлөнчү курактагы жаштардын да социалдык жүрүм-турумдары да алмашкан.

Ал эми акча топтоп байылыкка жете албай жатам десеңиз, акчанын мыйзамдары менен аны туура иштеп таап, туура бөлүштүрүүнү, туура көбөйтүүнү, кардарды туура кармап турууну билбей жатасыз.Бул аракеттерге көңүл бурбай эле кантип “акча таап, бай болом” дегенге көңүл буруп жаткандырсыз. Анын ордуна мисалы, «наабайканадагы нанды кантип даамдуу бышырып, карларларды көп сатып алууга мажбур кылам?» деген ойго катуу көңүл бөлсөңүз, акчаңыз эки эсеге көбөйөт.

Ошондуктан алдыга коюлган максаттар менен каалоолорго абдан күтүү жана катуу көңүл буруу эмес туура жасалган аракеттер гана жеткирмекчи.

Эгерде сиз каалаганыңызга жетпей жатсаңыз “закон подлости” мыйзамы иштебей эле сиздин активдүүлүгүңүз туура нукка багытталбай жаткандыр.Энергияңыз болсо жел тегирмендей бошко айланып иштетилип жаткандыр?

Кошумчалай кетчү баян.Пайгамбарыбыз Мухаммад САВга сахабалардын бири келип айткан экен “Атымды талаага отко койдум, калганын Кудайга табыштадым” деп.

Пайгамбарыбыз “адегенде атыңа тушамыш сал, ууру албай тургандай жерге казык кагып арканда, андан кийин гана Аллага табышта!” деген экен.

Анын мааниси сиз каалаган максатка жетиш үчүн колуңуздан келген аракеттерди жасаңыз. Ошондон кийин гана сизге буюрган нерсе  болсо ал эч айныксыз сиздики болмокчу.

Каалоолордун аткарылышы боюнча мыйзам да ошондой, каалоого жетиш үчүн бир канча аракеттерди ырааты менен жасаңыз. Ошондо да болбой жатса ал нерсе сиздики эмес, күтө туруңуз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог

Консультация үчүн вотсап: 0705789966

Автордун визиттик сайты: https://gulnuraz23.wixsite.com/my-site-6

Инстаграм баракчалар:

Үй-бүлө ынтымагы үчүн, сулуулук жана ден соолук үчүн кеңештер, лайфхактар, рецепттер-мунун баары https://www.instagram.com/aiymdarga_kenezh/ баракчасында! Катталыңыз!

Жеке мамиледе, карьерда өнүгөм десеңиз эч жерде айтылбаган психологиялык ыкмаларды, идеяларды бул баракчадан https://www.instagram.com/beleskg/ үйрөнүңүз! Ийгилик белесинен жолугабыз!

Ушунчалык катуу каалаган нерсебизге эмнеге жетпейбиз?

Яндекс.Метрика