Кандай эркектер айымдарга тез жагат?
МАМИЛЕЛЕР

Кандай эркектер айымдарга тез жагат?

Кандай эркектер айымдарга тез жагат? Ушул суроого кызыккан мырзалар көп. Бирок акыры барып келип эле “айымдар акчалуу жигитке кызыгат” деген бүтүм чыгарып коюшат.

Бирок карама-каршы тараптын симпатиясына ээ болууга бир катар факторлор себеп болорун жана алардын айрымдарын кээде түшүндүрүү да кыйын экенин дайыма эске ала жүргөнүңүз оң. Анткени биздин тандоолор кээде акыл-эс критерийлерине гана таянбастан, бейаң сезимдеги (подсознание) сценарийге да жараша дагы болот.

Көп учурда адамдардын түгөй тандоосуна бала менен ата-эненин ортосундагы тажрыйба, психо-эмоционалдык травмалар, кээде эң эле жөнөкөй тил менен айтканда гормоналдык фон таасир берет. Кыздар көп учурда бейаң сезимдин жетегинде жакшы иштешет, ошондуктан жөндөн-жөн эле калың капчыгыңызды көтөрүп барып ага жагам деп ойлобоңуз.

Кайсы бир кыз атасына окшош адамды издейт, кимдир бирөө башка бир кызга “мен андан кем бекем” деп атаандашып жатып, соңунда  кыздардан кыя өтпөгөн эркекке кабылат. Башкасы ата ордуна ата болуп камсыздай турган эркекти карайт, кээ бирөө гармондорунун таасири менен жактырып калат да, алардын деңгээли төмөндөгөндөн кийин “мен сизге кандайча күйөөгө чыгып калдым?” деп чыр салат.

Ошентсе дагы жалпы алганда психологияда кандай абалда болсо да кыздарга, дегеле аялзатына тез жага турган эркектердин бир нече параметрлерин аныкташкан. Аларга төмөндө көз жүгүртүңүз.

Башка кыздар көп кызыккан эркектер

Кыздардын көзүнө жагымдуу көрүнө турган өзгөчөлүк бул жигитке башкалар дагы кызыгып жатканы. Аялдын бейаң сезиминде “баалуу жана суроо-талапка ээ эркек башка кыздардын да көңүлүн көп ээлейт” деген ынаным катылуу турат.

Ал тургай кээде ушундай атаандаштыктын айынан кыздар “күрөшкө” түшөт. Дал ушул учурда психикадагы кызыктуу феномен-“пайданы колдон чыгарып жибербөө коркунучу” деген феномен катуу иштейт. Эгерде “эркекти көп кыздар курчап турса, анын кандайдыр бир баалуулугу бар жана аны жоготпоо керек” деген капканга көп айымдар түшүп калат.

Ошондой эле эркек менен сүйлөшкүсү, баарлашкысы, достошкусу келген келген адамдар, мейли алар кыздарбы же эркектерби канчалык көп болсо бул мырза да аялзатына тез жагат.

Эмне каалаганын так билген эркек

Эркектин мүнөзүндөгү эң маанилүү өзгөчөлүк өз каалоосун так билгени.Мындай эркектер эмне каалаганын так билет жана планканы андан ылдый кылууга макул эмес. Бул анын жашоосунун баардык жактарында, ишинде да, түгөй тандоосунда да ушундай. Өзүнүн ишин кылат, жалгыз жүргөндөн коркпойт, ага кандай аял керек экенин так элестетет. Ийилип, бүгүлө берген, жашоодо эмне каалаганын так билбеген эркектерди кыздар көбүнчө “алсыз”дегенге чыгарып коюшат.

Көпчүлүктү ээрчип кетпеген, өз пикири, көз карашы бар эркек

Жагымдуу эркек өз жолун тапкан эркек. Жалпы жамаатты, топту ээрчип кете бербей өзүндө эмне болсо ошондон ырахат алып жашай билет.Ага таасир бере тургандар аз, анын көз карандысыздыгы көп айымдардын кызыгуусун жаратат.Кандай жашоодо, кандай деңгээлде жашап жатпасын, учурда андан ырахат алып жашайт.

Кандай эркектер айымдарга тез жагат?

Эмоция бере алган эркек

Сурамжылоодо кыздар жакшы тамашалашкан, маанайын туура билдире алган эркектерди жактырарын белгилешкен.

“Жагымдуу эркектер орундуу тамаша айткан, шар жүргөн, кыйын учурда аялга көңүл бөлүп, колдоо көрсөткөн жана кээде анын жашоосунда сериалдагыдай эмоцияларды тартуулай турган мырзалар” деп айтышкан сурамжылоого катышкан айымдар.

Тилекке каршы, кыздар үчүн бир мүнөз, зериктирме, өтө эле прагматик боло берген эркектер алардын жанында күнүгө сүйгөн кызына эң аз дегенде 5 маселе пайда кылып, кайра аны өзү чечип койгон эмоционалдуу эркекке караганда азыраак жагымдуу болушат.

Өзүнө ишенген эркек

Албетте бул параметр жок кантип жагымдуу болмоксуз?

Бирок өзүнө ишенимдүүлүктү адамдар эки түрдө түшүнүшөт.

Биринчи типтеги ой жүгүрткөндөр ишенимдүү болуш үчүн акча, статус, кызмат, жалпы стандартта сулуу деп эсептелгендей келбет болуш керек деп эсептешет. Экинчи типтеги адамдар билимине, турмуштук тажрыйбасына, жетишкендиктерине, чечкиндүүлүгүнө таянат.

Баарынан кызыгы атайын экперимент жүргүзүп көрүшкөндө акчалуу, статустуу жигиттер чындап эле сулуу, кымбат кийинген кыздардын жанына таанышуу үчүн бара алышкан эмес. Алар “мындай кыздарга тең эмесмин” деп эсептешкен жана аларды дагы кыздар дал ушундай чечиминин себебинен жактырышкан эмес.

Ал эми экинчи типтеги жигиттер жок дегенде тартынбай барып кыздар менен таанышкан. Албетте алардын жагымдуу болуу шансы да жогорулаган.

Ошондуктан жагымдуулук бул көп фактордон турарын эске алып, ар дайым өзүңүздү өнүктүрүүдөн, өзүңүзгө инвестиция салуудан, руханий жактан да, материалдык жактан да ишенимдүү болуудан эч тартынбаңыз! Ийгилик анда!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог, мамилелер боюнча адис

Психолог керек десеңиз: https://gulnuraz23.wixsite.com/my-site-6


Яндекс.Метрика