Адамдардын материалдык жактан канчалык бай экени көпчүлүк адамдарга белгилүү болуп турат эмеспи. Бирок адамдын руханий жактан байлыкка жеткенин кантип билүүгө болот? Адамдын руханий жактанбийик деңгээлге жеткенин психологдор бир нече пункттар менен аныктап келишет. Эгер канчалык деңгээлде руханий жактан бийиктикке жеткениңизди билгиңиз келсе төмөнкү өзгөчөлүктөр менен таанышып алсаңыз болот. Макаланын видео түрүндөгү варианты менен таанышсам десениз […]


Beles.kg сайтынын “Айымдарга кеңеш” рубрикасына кош келдиңиз! Аталган рубрикада сиздерди рецептер, мода, стиль, ашкана, интерьерге, идеаларга байланыштуу көптөгөн кызыктуумакалалар күтөт! Чыныгы табити мыкты айымдар кийимди тандап жатып анын моделине, кездеменин сапатына, тигишине гана карабастан өңүнө дагы өзгөчө көңүл бурат.Эмнеге деп собол салып көрдүңүз беле? Айрым түстөр жөнөкөй арзан баадагы кийимди дагы кымбат баалуудай көрсөтүп кое […]


“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда толук жер жаңы” деп элибизде айтылгандай технологиялык өнүгүү адамзаттын жашоосуна саат сайын эмес, мүнөт сайын зор өзгөрүүлөрдү алып келүүдө. Илипоздордун атайын изилдөөсүнө таянсак, 2050-жылы адамзат төмөнкүлөргө күбө болуп калышы мүмкүн экен. Баарын өзүң чыгарып ала турган заман келет! Япониялык физик-футуролог Митио Како 2050-жылы көп нерселерди адамдар 3D-принтердин жардамы менен […]


Адамзаттын, коомдун, жамааттын эч жерде жазылбаган мыйзам-ченемдери бар. Эгер сиз аларды сактап жүрсөңүз турмушта азыраак өкүнүп, көбүрөөк утушка ээ болуп, жашооңузду жакшыртат экенсиз. Анда эмесе аларды карап көрүңүз! 1.Биринчи кезекте эч качан, эч ким сизге милдеттүү эмес экенин эске тутуңуз. Мамлекет дагы, ата-энеңиз, дагы коом дагы. Иштебесеңиз тиштебейсиз. 2.Абдан эле оор болуп калган учурдан тышкары […]


Адамдардын акча иштеп таап, ийгиликтүү болушуна тоскоол болгон адаттар бар. Эгерде алардан баш тартсаңыз ийгиликке батыраак жетесиз, анткени ашыкча күч менен убакытты ыксыз коротпойсуз.   Анда акча иштөөгө тоскоол болгон төмөнкү адаттарга көз жүргүртүп көрүңүз. 1.Телевизор менен интернетти ашыкча пайдалануу Телеберүүлөрдү адаттан тыш ашыкча көрүү жана зериккенден интернетти карап отуруу заманбап жашоонун көнүмүш көрүнүшүнө айланды. […]


Дүйнөдөгү эң эле ийгиликтүү долбоорлор хоум-офистерде же башкача айтканда үй шарттарында аралыктан иштөөдөн башталганы белгилүү. Эми коронавирус пандемиясынын маалында ар бир ишкер өз үйүн офис кылып ишин илгерилетүүгө мүмкүндүк пайда болду. Ишкерлик кылам десеңиз сизге чакан акча, ноутбук жана телефон, социалдык тармактардагы аудиторияңыз жана эң негизгиси эч нерседен көңүлүңүз калбаган ынтызарлык керек болот. Сиздерге бүгүн […]


Кээде адам өзүнө “жашоодо туура багыт алып бара жатамбы? деген суроону берет.Турмушта туура жолдо баратканыңызды төмөнкү психологиялык абалдар далилдеп турарын психологдор белгилешкен.Анда эмесе аларга көз жүгүртүп көрүңүз. 1.Көп кыялданып, жан дүйнөңүз дайыма эргүү алып турат Чыгармачылык менен ойлонуп, кичине колуңуз бошой калса жакшы кыялдарды кыялданып, жан дүйнөңүз чабыттап жашоого, өмүргө тойбой турасыз. “Дагы ишке ашыра […]


Түштөрдү көп адамдар эртең менен турганда унутуп калат, адам кээде кооз, таң калыштуу же тескерисинче коркунучтуу түштөрдү көрөт.  Окумуштуулардын пикиринде түштөр-бул мээ ушундай бир өзгөчөлүк менен кабыл алган адамдын башынан өткөн окуялар. Ошентсе да адамзаттын эмне үчүн түш көрө турганы тууралуу бир дагы тастыкталган илимий далил жок. Түш мурдагыдай эле адамдын аң-сезиминен тышкары турган уникалдуу […]


Байлыкка жетиш үчүн атайын калыптанган каржылык адат жана жүрүм турум керек. Себеби байлыктын башаты-бул акчаны туура кармоону билүү жана каржылык сабаттуулук экенин баардык дүйнөдөгү акчасы чалкыган дөөлөттүү адамдар эскертип келишет. Болочоктогу бай боло турган же азыр эле байлыкка жеткен адамдардын такай аткара турган кандай адаттары болот? 1.Топтоп койгон акчасы бар Алардын керебеттин алдына каткан же […]


“Адам өзүнүн жашоосунда Жараткан ага ыроологон чыныгы жумушун аткарганда гана бул жарыкчылыкта канааттанып жашап өтөт” дешет акылмандар. Кээ бир адамдар турмушта чыныгы кесибин таап, аны өнүктүрсө айрымдары эмне менен алектенсе өз ордун таап кетерин билбей ар кайсы иштин башын чарпып, өмүр деген чоң кемеде калагы жок кайыктай адашкандар бар. Мындай учур сиздин башыңыздан өтүп жатса […]


Яндекс.Метрика