Көп акча табууга тоскоол болгон 6 адат
МОТИВАЦИЯ

Көп акча табууга тоскоол болгон 6 адат

Адамдардын акча иштеп таап, ийгиликтүү болушуна тоскоол болгон адаттар бар. Эгерде алардан баш тартсаңыз ийгиликке батыраак жетесиз, анткени ашыкча күч менен убакытты ыксыз коротпойсуз.  

Анда акча иштөөгө тоскоол болгон төмөнкү адаттарга көз жүргүртүп көрүңүз.

1.Телевизор менен интернетти ашыкча пайдалануу

Телеберүүлөрдү адаттан тыш ашыкча көрүү жана зериккенден интернетти карап отуруу заманбап жашоонун көнүмүш көрүнүшүнө айланды. Бирок ошого кеткен убакытты өзүңүзгө пайдалуу нерсеге коротсоңуз болот.Социалдык тармактарды өз убагы менен товар жана сатып алууну жайылтуу, керектүү байланыштарды бекемдөө жана пайдалуу маалымат алыш үчүн гана колдонсоңуз болот. 

2. Бирөөнүн колдоосун күтүү

Адамдар ар түрдүү, алардын табиттери менен жашоого болгон көз караштары дагы миң кырлуу. Эгерде бир ишти баштасаңыз же ишкерлик кылам деп бел байлап жатсаңыз эл эмне дейт деп күтүп отурбаңыз. Өзүңүзгө жана алдыга койгон максатыңызга ишенип акырындык менен ишти илгерилете бериңиз.

Белгилүү жазуучу аял Джоан Роулингдин байлыгы учурда 1 млрд. доллар, бирок өз кезегинде анын дүйнөгө белгилүү «Гарри Поттер» чыгармасын басып чыгаруудан 11 басмакана баш тарткан. Жалгыз бой аял өзүнүн көздөгөнүн бербей жүрүп акыры ийгиликти багынткан.  

3. Пайдасыз иш-аракет

Бир ишти кылып жатканызда өзүңүзгө пайдалуу нерсе менен гана алектенүү кажет. 

4. Көп кырдуулукту кээде токтотуу керек 

Окумуштуулар чоң ишти ортосунда чыга калган майда-чүйдө иштер адамды алаксытып, анын жумушунун натыйжасын 40 пайызга төмөндөтөрүн белгилешкен.Көп жумушту бир учурда аткаруу жана ар кандай  мессенджерлер менен социалдык тармактар менен сүйлөшүп жатып иштөө сиздин ишиңиздин натыйжасын төмөндөтүп, стресске кабылтат.Ошондуктан бир ишти жасап жактанда эч нерсеге алаксыбай аягына чейин бүтүргөн жөндүү.

5. Актануу

Сиз өз жашооңузга өмүр бою жоопкерчилик аларыңызды унутпаңыз.Ооба жашоонун ар кандай учурларында, ар кандай жагдайларда  түрдүү чечимдерди кабыл алууга туура келет.Бирок адам чыгарган чечими үчүн башкаларга актанып жана өкүнүшүнүн кажети жок.       

6. Туура эмес айлана-чөйрө 

Акылдуу адамдар чындап эле моралдык жактан колдоо көрсөтүп пайда алып келе турган адамдар менен достошот. Ар дайым мотивация берген адам менен жүрүү анын деңгээлине өстүрөт. Кыргызда айтылгандай “уста менен дос болсоң тогосун аласың, жаман менен дос болсоң бир балээге каласың” дегендей жакшы адамдын жакшы өнөрүн гана үйрөнөсүз.    

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика