Жубайлардын никеси кандай учурда бекем болот? 6 шарт
ҮЙ-БҮЛӨ

Жубайлардын никеси кандай учурда бекем болот? 6 шарт

Ар бир эле үйлөнүп жаткан жаштар бактылуу жана узак никенин болушун каалайт эмеспи. Үй-бүлөнүн бекем болушуна илимий негиздер барбы? Психология багытындагы окумуштуулар бир нече миңдеген жуптарды изилдөөгө алышкандан кийин бактылуу никеге негиз боло турган бир нече факторлорду эсептеп чыгышкан. Албетте ийгиликтүү никенин рецеби эч жерге жазылган эмес.Ошентсе да төмөнкү шарттар болгон кезде никеге турган жубайлар азыраак ажыраша турганы белгилүү болду.

1.Диний ынанымдары бирге болгон жуптар

Диний ишенимдери бекем болгон жубайлар азыраак ажырашат. Анткени диний жактан жубайлардын никесин бекемдеп турган, ажырашууга өзгөчө көз караш менен карай турган түшүнүктөр, баалуулуктар бар.

2. Дүркүрөтүп той өткөргөн жубайлар

Эгерде жаш жубайлардын үйлөнүү үлпөтүнө көп конок келсе, бирок азыраак чыгым болсо, тактап айтканда тойду карызга өткөрбөсө, алар аз конок чакырып той өткөргөн жуптарга караганда сейрек ажырашат экен. Тойдун никенин узак болушуна тиешеси жок дегендер четтен табылат.Ошентсе да статистикалык жактан далилденген фактыга ылайык, көп сандаган туугандары, достору колдоого алган жуптар туруктуу үй-бүлө куруп кетишет экен.  

3.Үйлөнгөндөн кийин дароо бал айына кетүү 

Никелешүүгө тургандан кийин дароо бал айына кетүү ажырашуу ыктымалдыгын  41 пайызга төмөндөтөт. Мындай саякатка чыгуу үлпөт тойго байланышкан стрессти азайтып, жаштардын бири-бирине карата сонун күндөрдөн элестерди сактоосуна шарт түзөт. Алар той түйшүгүнөн эс алып, жуп болуп жашоонун башталышын өзгөчө майрамдашат.

Жубайлардын никеси кандай учурда бекем болот? 6 шарт

4. Жаштардын экөө тең жакшы киреше тапкан жумушта иштөөсү

Акчанын айынан келип чыккан чатак үй-бүлөлүк ажырашуунун эң башкы себептеринин бири экени эч кимге жашыруун эмес.Туруктуу киреше тапкан үй-бүлөлөрдүн никеси 51 пайызга бекем болот деген жыйынтык чыгарышкан.Киреше канчалык көп болсо ажырашуу мүмкүндүгү ошончо аз болот.Каржылык абалына катуу тынчсызданбаган жаш жубайлардын бекем жана туруктуу үй-бүлө куруп кетүү ыктымалдыгы абдан жогору.

5. Сырткы эмес, ички сулуулукту баалай билүү

Жубайынын сырткы жагымдуулугуна басым жасаган жаштардын никеге тургандан кийинки ажырашуусу көп болот. Бул эркектер үчүн көбүрөөк актуалдуу. Жубайынын сырткы келбети биринчи орунга койгон эркектердин элүү пайызы кийин аялынын келбети начар жагына өзгөрө баштады деп эсептесе ажырашып кетүү мүмкүндүгү жогорулайт. Адамдын ички жан дүйнөсүн түшүнө билген жубайлар турмуштун ысык-суугун көбүрөөк көтөрө билишет.

6. Үйлөнгөн чейин эң аз дегенде 3 ай сүйлөшүү

Үйлөнгө чейин аз дегенде үч ай бири-бири менен тааныш болуп жүргөн жуптардын ажырашуу ыктымалдыгы азыраак болот экен. Анткени алар бири-бири тууралуу маалымат алышат.

Адамдар ар түрдүү болгон сыяктуу бактылуу үй-бүлө куруунун дагы өзгөчөлүгү ар түрдүү.Бул болгону статистикалык изилдөөлөрдө белгиленген шарттар экенин дагы бир ирет эскерте кетмекчибиз.

Сөз соңунда кааларыбыз, ар бир жубайдын кармашкан колу үзүлбөй, ар дайым чогуу болсун!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика