Эркектин аялын сүйбөй калганын кантип билсе болот? 5 белги
ҮЙ-БҮЛӨ

Эркектин аялын сүйбөй калганын кантип билсе болот? 5 белги

Үй-бүлөдөгү бакыт-бул сүйүү, өз ара түшүнүүчүлүк жана болочокко карай биргелешкен план. Тилекке каршы ар бир эле үй-бүлө кризистик учурларды башынан кечирет жана мындай кездерде жубайлардын ортосунда сүйүүнүн изи да калбай калат.

Эгерде кандайдыр бир окуялардан кийин эркек аялынан көңүлү калса жана андан улам аялын жактырбай баштаса төмөнкү 5 нерсени жасайт.

Башкалардын көзүнчө басмырлайт

Эркектин басмырлаганы абдан оор жана катуу тийет. Бирок муну башкалар көрбөсө көпчүлүк аялдар көбүнчө сабыр кылып чыдап жүрө беришет. Эң эле жаман жагдай деп эркек киши башкалардын көзүнчө басмырлай баштаган учурду айтса болот.Ал мындай жүрүм-туруму менен аялын сыйлабасын ачык эле көрсөтө баштайт. Өзүн сыйлаган ар бир аялга анын мындай кылыгы абдан эле оор болот. Бирок өзүн сыйлаган бир да эркек аялынын жаман жагын элдин көзүнчө айтып сынга албайт.

Аялынын кемчиликтерин шылдыңдайт 

Ар бир эле адамдын көптөгөн жетишпестиктери жана комплекстери болот. Мисалы аял сууга түшкөндү билбеши мүмкүн. Мамилелерде адамды кемчилиги менен кошо кабыл алуу керек, анткени алар адамдын бир бөлүгү болуп саналат.

Аялын урматтабай калган эркектер анын эң алсыз сапаттарына  басым жасап, кемсинте башташы мүмкүн.

Ар дайым ар кандай талаптарды кое баштайт

Айрым эркектер аялы андан корккон сайын өзүн жагдайдын кожоюну сезип, ар кандай талаптар менен ультиматумдарды кое баштайт. Мамилени сактап калалы деп көп аялдар анын баардык талаптарын аткарууга тырышат. Бирок аялдардын көбү аны сыйлабай калган эркек бул адатын дагы токтотпой уланта берерин унутуп калышат. 

Өзүн агрессивдүү алып жүрөт

Аялын сыйлабай калган эркек көп учурда аялына агрессиясын көрсөтүп, жинденип, каарданып, жумурткадан кыр издеп ызы-чуу салышы мүмкүн.Ыгы жок жерден эле кылдан кыйкым таап, жасаганын жактырбайт.

Башка аялга көңүлү түшөт

Үй-бүлөлүк кризис маалында мырзалардын көбүнүн оюу бузулуп, башка аялдарга, кыздарга көп көз артта баштайт.Башка бир аялзаты анын аялынан жакшыраак, сулуураак, баалуураак көрүнөт. Айрымдар башка аял менен мамиле түзүп да кетет.

Жолдошуңуздан жогоркудай сапаттарды көп байкасаңыз сизди канчалык даражада сыйларын ойлонуп көрүңүз жана маселенин үстүнөн иштеңиз. Жагдайдын курмандыгы болбой өзүңүздү аял катары өнүктүрүүнү жолго коюңуз.

Ар бир үй-бүлөдө эле кризистик учурлар болот. Жубайлар эң эле көп кризиске кабылган жылдар алгачкы үйлөнгөндөн кийинки 1,5-3 жыл, 7-10 жыл жана 20-25 жыл чогуу жашашкан учурлар делинет.Бул мезгилдерде келип чыккан кризисти жубайлар сабыр менен өткөрүп жибереби же үй-бүлөнүн ортосунда жик кетеби, баары аялы менен күйөөсүнүн аракетинен көз каранды болмокчу.Эң негизгиси аял да, эркек да бири-бирин сүйүүдөн тышкары урматтоону үй-бүлөлүк жашоо башталгандан тартып бир нукка салбаса кризис маалында бул туура эмес кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Баарыңыздарга үй-бүлөлүк ынтымак каалайбыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика