Байлыкка ээ боло турган адамдын 15 белгиси
ӨНҮГҮҮ

Байлыкка ээ боло турган адамдын 15 белгиси

Байлыкка жетиш үчүн атайын калыптанган каржылык адат жана жүрүм турум керек. Себеби байлыктын башаты-бул акчаны туура кармоону билүү жана каржылык сабаттуулук экенин баардык дүйнөдөгү акчасы чалкыган дөөлөттүү адамдар эскертип келишет. Болочоктогу бай боло турган же азыр эле байлыкка жеткен адамдардын такай аткара турган кандай адаттары болот?

1.Топтоп койгон акчасы бар

Алардын керебеттин алдына каткан же банкка салып койгон, кыйын күндөрдө эң аз дегенде үч айга кенен жетерлик акча каражаты болот.Бул каражат убактылуу жумушу жок калганда, киреше кирбей кала турган кезде керектелиши мүмкүн.  

2. Ар бир түшкөн айлыктын бир бөлүгүн катып коет  

Болочоктогу бай адам милдетүү түрдө айлыгынын бир бөлүгүн коротпой катып коет. 

3. Ар бир сатып алган чыгашаны каттап алат 

“Акча эсепти сүйөт” дегендей  акча кармаганды билген адам ар бир сатып алган каражаттын эсебин билүү менен акчасы кайда короп жатканын карап турат. Ошону менен киреше-чыгашасын эсептеп, бюджетин түзөт. 

4. Бир нече капчыгы болот 

Мындай адамдардын акчасынын бир бөлүгү күнүмдүк турмушка, бир бөлүгү квартира алууга депозитте, бир бөлүгү эс алууга же жана башка иштерге бөлүнүү болот.  

5. Үнөмдөөнүн түрдүү жолдорун билишет

Ал канча акча тапса да канча айлык алса да күнүмдүк сатып алууларда үнөмдөөнүн түрдүү жолдорун билет.

Байлыкка ээ боло турган адамдын 15 белгиси

6. Жөнү жок акча коротпойт 

Мисалы зарыл же шашылыш болбосо такси менен жакын турган дүкөнгө барбайт.

7. Сатып алуучу товарлардын тизмесин алдын ала даярдап алат  

Импульсивдүү же болбосо бир мүнөттүк кызыгууга алдырып соода жасабаган адам акчасын көп үнөмдөйт

8. Бир айга, бир жылга бюджети болот 

Мындай каржылык планы бар адамдар планы жокторго караганда каржылык ийгиликтерге жетери далилденген. 

9. Айлыкка эки күн калганда чөнтөгүнөн акча издеп калбайт 

Айлык берер алдында нан менен сүткө акча калбай калышы бул адамдын акча кармаганды билбей турганынан кабар берет. Ал эми болочокто бай болчу үй-бүлөлөрдө андай учур эч качан болбойт.   

10.Коммуналдык төлөмдөрдү, салыктарды, айып пулдарды убагында төлөйт   

Албетте бай болчу адам биринчиден айып пул төлөбөгөнгө аракет кылат. Кокус төлөй турган болсо кошумча туум жаздырбай убагында төлөйт.    

11. Дайыма алдына каржылык план жана акча булагын көбөйтүү боюнча максат коет 

Алдында каржылык максаты бар адамдын акчанын планын аткармайынча тынчыбайт 

12. Баалар тууралуу маалыматы болот 

Болочокто бай боло турганадам кайсы жерде эмне товар, канча баада сатыла турганын так  билет. Азык-түлүк, турмуш-тиричиликкекеректүү каражаттардын баарынын баасын эсепке алат. 

13.Досторунан, туугандарынан, тааныштарынан карызга акча албайт   

Колунда болгон каражатка жашай билүү – акчаны туура колдоно билүүнүн негизги принциптеринин бири. 

14.Керектөө насыяларын албайт   

Акча кармаганды билген адам мүмкүн болсо насыя алуудан качат.

15. Инвестиция салуунун жолдорун ар дайым издейт

Анда эмесе акчаны туура колдонууну билүу менен байлыкка жетишиңизге тилектешпиз!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика