Аялдарга жага турган эркектердин 7 өзгөчөлүгү
МАМИЛЕЛЕР

Аялдарга жага турган эркектердин 7 өзгөчөлүгү

Айрым мырзалар башкалардан айырмаланып көп айымдарга жагат.”Эмне үчүн?” деп суроо берип жүргөн болсоңуз, анда төмөнкү өзгөчөлүктөргө көз жүгүртүп көрүңүз. Мындай өзгөчөлүктөргө ээ болгон жигиттер көп кыздардын жүрөгүн ээлесе, ал эми көп айымдарга жаккан  мырзалар жашоодо болобу, саясатта болобу лидер катары алдыга чыгат.

Сырткы келбет

Албетте сырткы келбетти көбүнчө эркектер карайт деген түшүнүк коомдо калыптанган. Бирок сырткы келбети жагымдуу, өзүн таза, тыкан алып жүргөн эркектер көп айымдарга жагат. Эгер сиздин келбетиңиз стандарттуу болбосо эмне кылуу керек? Албетте жарашыктуу, заманбап чач жасалгасы жана ашыкча салмагы жок, машыккан дене түзүлүшү да айымдар үчүн келбеттүү болуп көрүнүүгө жардам берет. Жакшы, жарашыктуу кийим дагы мырзалардын көркүн ачат.

Өзүн сыйлоо

Ичинен өзүнө болгон бекем ишеним жана өзүн сыйлоо айымдарга, кыздарга өзгөчө жага турган мүнөз болуп саналат.  

Чоң нерсеге умтулуу   

Өзүнүн эмне каалап жатканын так билген жана алдыга койгон максатына умтулган, пландуу түрдө ага бет алган эркек айымдарга көбүрөөк жагат. Ал тургай азыр анын квартирасы дагы, унаасы дагы жок болсо бирок  эрктүү түрдө ийгиликке жетүүгө умтулган жигиттер көп кыздардын көңүлүн бурдурат.

Ички дүйнөнүн бай болушу

Айрым мырзалар “кайдагы ички дүйнө? Аялдарга акча көп берсең болду” деши мүмкүн. Бирок чындап эле акылдуу кызга же акылдуу аялга түгөй болоюн деп жатсаңыз алар сөзсүз түрдө эркектердин ички жан дүйнөсүн карайт. Анын жашоодон алган тажрыйбасы, моралдык принциптери жана дүйнө таанымы акылдуу айымдар үчүн башкы орунда турат. Ошондуктан билимди тереңдетүү керек болот.

Оптимизм

Жашоо жөнөкөй нерсе эмес.Аялдар да, эркектер да жумушта болобу, үйдө болобу стресске кабылат. Ошондуктан мырзалар дагы, айымдар дагы ар кандай жашоо жагдайларында духун, күчүн жоготпой адаптацияланууну үйрөнүш керек. Кандай кыйынчылык болбосун   оптимизмди жоготпогон эркек жана бет алган жагынан тайыбаган эркек көп айымдар үчүн жакшы табылга  болуп саналат.   

Үй-бүлө курууга болгон каалоосу

Эгерде жашы улуураак боло баштаган айымдар тууралуу сөз кылсак, алардын көбү эркекти үй-бүлө куруш үчүн караштырат. Жогорудагы саналган өзгөчөлүктөрү болсо да үй-бүлө курууну каалабаган эркектен айымдар алыстап кетет.

Өзгөчөлүк

Ар бир мырзанын башкаларга окшобогон өзгөчөлүгү болсо да аны айымдар көп жактырышат. Мисалы гитарада же комузда жакшы ойногон жигит жанындагы унчукпай отурган досуна караганда алгачкы учурда көп кыздарга жагышы мүмкүн. Харизмалуу жана тамашаны түшүнгөн, айымдарды күлдүрө билген сапаттары бар эркектер да абдан жагымдуу көрүнүшөт.

Анда эмесе ийгилик, “кыздар чөнтөгү калың жигиттерди карайт” деген көз караштан алыс болуп алдыга умтулуңуз! Калыгул бабабыз “Аргымакта жал жок деп жолго таштап өтпөңөр, Азаматта мал жок деп жоого таштап кетпеңер. Аргымак атка жал бүтөт, Азамат эрге мал бүтөт” деген. Чыныгы акылдуу айым сиз жөнөкөй кезде дагы ак боз ат минген ханзада экениңизди таанып келет.

 Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика