Жакында сүйүүгө кабыла турганыңызды билдирген  9 белги
МАМИЛЕЛЕР

Жакында сүйүүгө кабыла турганыңызды билдирген 9 белги

Психологдор сүйүү адам ага өзү ичинен даяр болгон кезде гана келет деп эсептешет. Психологияда көбүнчө адамдын бейаң сезиминде көп нерселердин чечими адам өзү аңдап-сезе электе эле кабыл алынат деп айтылат.Башкача айтканда эле сиз билип билбей турсаңыз деле   мээ бул ишке адамды даярдап, ага ылайыктуу турмуш жагдайларын  акырындап көрсөтө баштайт. Бул теорияга таянсак, жакынкы мезгилдерде жактырган адамга кабылышыңызды билдирген кыйыр белгилер болот экен. Анда төмөндө аларга көз жүгүртүңүз! Сүйүүгө кабыларда сиз кандай абалда болосуз?

1. Сиз биринчи кезекте бирөөнү сүйүү-бул адам жашоосунун негизги маңызы эмес экендигин түшүнөсүз. Тактап айтканда сүйүүнү издеп, күтпөй эле жөн гана эркин жашай баштайсыз. Бир нерсеге өтө эле тырышып маани бере бергенде ал сиздин жашооңузда аткарылбай турган жаратылыштын таң калыштуу бир мыйзамы иштейт. Ошондуктан кокустан сүйүүгө кабыла турган адам аны күтпөй эле башка иштер менен чуркап жүргөн болот.

2. Сиздин өмүрлүк жар же өзүңүзгө жуп издөө деген кызыкчылыгыңыз көңүл борборунда болуусун токтотот. Анын ордуна сиз жаңы кызыктуу нерселер менен алектенесиз. Сизге ырахат тартуулаган нерсе менен алектенип, көңүлүңүз ошого эргип жатса жакында сиз сүйгөн адамыңызга кабылышыңыз толук ыктымал.    

3. Сиз өзүңүз кыялыңызда ойлоп алган же бирөө таңуулаган идеалдан баш тартып өзүңүз менен өзүңүз болууну чечесиз.Мисалы, сиздин азыркы келбетиңиз өзүңүзгө жага баштайт.Ошондо гана сиздин азыркы турушуңузду бүт бойдон кабыл ала турган адамга кезигесиз.     

4. Сиз идеалдуу кызды же идеалдуу эркекти издебей каласыз. Мисалы, бою узун, акчасы көп жигит же фигурасы 90-60-90 болгон кызды издебей адамдарды толук бойдон кандай болсо ошондой кабыл ала баштайсыз.Тамашакөй болсо тамашалашып, жай сүйлөгөн адам болсо ага кыжырыңыз келбей дал ошондой темпте баарлашып кете бересиз. Мындай учурда сүйгөн адамыңызга кабылуу мүмкүндүгү бир нече эсеге жогорулайт. 

5. Сиз баардык тараптан романтиканы көрөсүз.Сиздин алдыңыздан ар дайым бактылуу, кол кармашып жүргөн кыз-жигит же жубайлар чыга берет. Социалдык лентада романтикага толгон досторуңуздун керемет сүрөттөрү көрүнөт. Унаага түшсөңүз сүйүү тууралуу ырлар кулагыңызга жаңырат. Ар бир кечте, таңда, жамгырлуу, карлуу, аптаптуу, салкын аба ырайында да айланыңыз сүйүүгө толгондой, жүрөгүңүз өрөпкүп, бир башкача сезимде жүрөсүз.    

6. Романтикалуу түштөрдү көп көрө баштайсыз.Бейаң сезимдеги ар түрдүү сүйүү сюжеттери сизди жаңы мамилелерге ошентип даярдайт.

Жакында сүйүүгө кабыла турганыңызды билдирген  9 белги

7. Сиздин жыт сезүү сезимиңиз жакшы иштей баштайт.Ар бир жытты өзгөчө кабыл аласыз.

8. Сиздин энергияңыз көбөйөт, маанайыңыз дайым ачык болот. Айланаңызды позитивдүү кабыл алып, жаңы адамдар менен баарлашуудан канаат алып, жөн гана өзүңүздү ар бир мүнөттө бактылуу сезесиз. Көздөрүңүздөн нур чачырап турат.   

9.Жаңы адамдар менен көп таанышасыз, ар түрдүү иш-чараларга барасыз. Мындай учурда сиз өмүрлүк жарыңызга кокустан кезигип калчудай сезимде өзгөчө сезимде боло бересиз.   

Булардын баарын кыскача жыйынтыктап айтканда, сүйүү-өткөн чакты кое берип, комплекстерден арылып, өзүн кайсыл учурда болбосун эркин сезип, адамдарды кандай болсо дал ошондой кабыл алып, өзүн да, келбетин да ашык, кеми жок реалдуу кабылдап, баалап, жашоодо өзүн куштун канатындай жеңил сезип, өзү менен өзү бактылуу болуп жүргөн адамдарга көп келет экен. Анткени ар бир адам жанында бактылуу адамдын болгонун каалайт эмеспи. Сиз бактылуу болсоңуз сизге тартылган, сүйүп калган адамдар көп болот.  

Тезирээк сүйүктүү адамыңызга жолугуңуз!

Автор: beles.kg

Жакында сүйүүгө кабыла турганыңызды билдирген  9 белги

Яндекс.Метрика