“Танк-аял” болуп кетпеш үчүн эмне кылыш керек?
Сергек жашоо

“Танк-аял” болуп кетпеш үчүн эмне кылыш керек?

Адамзаты жаралгандан бери эле табиятта аял менен эркектин орду так бөлүнгөн. Эркек-үй-бүлөнү багат, аял-коломтону сактайт.

Бирок азыр аял да, эркек да жарыша иштеп калган заманда арабызда баарын аткара берем деп, бүт жумушту төбөсүнө үйүп, өзүнүн аял экенин унутуп калган айымдар бар. Сиз дагы ошол армиянын катарын толуктап, тамаша тил менен айтканда “баарынын алдына түшүп, аңды-дөңдү карабай кете берген танкка айланып” кете элегиңизде алдын алыңыз! Себеби гранта келип түшсө биринчи танк жарылат.

“Танк-аял” болуп кетпеш үчүн эмне кылыш керек?

Ал эле, бул эле дегенче 60ка келип каласыз…

Адегенде азыркы орточо жашоодо жашаган айрым айымдардын жашоосунан бир үзүмдү кыскача элестетип көрөлү.

“Нурайым өзүнүн иштеген салондон саат алтыда шаша чыгып үйүнө азык-түлүк алыш үчүн жумушунун жанындагы базарга жөнөдү. Түртүшүп-жөөлөшүп эки колуна эки баштык көтөрүп маршруткага акыркы болуп илинип кирди.Алдында отурган, чалчаңдап сагыз чайнаган жигит орун бошотуп тура калды эле, дагы бир улуураак эже “ай келин сен жаш экениң” деп отуруп алды.Эки баштыгы менен эзилип үйүнө келсе балдары үйдү чачыптыр, өздөрү жок. Жанталашып тамак жасаганга киришти. Балдарын телефон чалып чакырып, улуу кызын “үй жыйнап койбосун” деп тилдесе, анысы таарынып тултуңдап сабак жазганга киришти.

Таанышы Айнагүл чалып карызын доолады. Тамак эми бышайын дегенде күйөөсү чарчап келди. Үйдү желдетип койбосуңар деп ачууланып, муздаткычты ачып калдыртаттып бир нерсе издеп, “тамак даяр эмеспи?” деп нааразы болуп диванга жатып, телевизорду болушунча бакыртып койду.Тамак даяр болгуча деп балдарынын кийимин кир машинаге ыргытты. Азыр балдарына тапшырма аткартыш керек, эртеңкиге күйөөсүнүн, балдарынын кийимдерин даярдаш керек. 38 жашка чыгыптыр.

Жайкысын элдей болуп Дубайга эс алуу, фитнес клубга барып ден соолугун чыңдоо, киного кирүү, театрга, көргөзмөлөргө баруу деген жок. Жылына бир ирет Ысык-Көлгө, күзүндө той болгондо 3-4 саат кафелерге барганы болбосо ушундай түйшүк менен күнүгө алышып келе жатат. Дем алыш күнү кир жууйт, бир жумага азык-түлүк алганы базарга барат. Туугандары мончого түшкөнү келип аларга тамак жасайт. Аларды сыйлабай койсо да болбойт. Күйөөсүнүн бирде жумушу бар, бирде жумушу жок калат, ошондуктан балдарды карап үйдө отурайын десе иштегенге туура келет. Ошентип баарык калыпка түшкөндөй, тегирмендин темир барасындай башынан кайталана берет. Ден соолугу да начарлап баратат.

Алдыда 40 жаш, анан 50 жаш, анан чачы агарган 60 жаш…

Орточо алганда орто куракта, материалдык жактан орточо жашоодо жашаган айымдардын жашоосу ушундай.

“Танк-аял” болуп кетпеш үчүн эмне кылыш керек?

Бул абалдан кантип чыгыш керек?

Бул абалдан кантип чыгыш керек? Кантип өзүнө убакыт таап, кантип өзүн карап, ден соолугун чыңдап, жашоосун жакшыртат?

Төмөндө бир нече кеңештерге карап көрүңүз.

-Биринчиден жашооңузду жакшы жагына өзгөртүү дайыма ойду өзгөртүүдөн башталат. Мисалы, бүгүнтөн баштап “мен мындай жашоодо жашабайм, аны жакшы жагына өзгөртөм. Ал үчүн аракет кылам” деп өзүңүзгө сөз бериңиз жана аракет кылыңыз.

-Мен мага тиешелүүлөрдү гана жасайм, даамдуу тамак даярдайм, балдарды кучактап мээрим төгөм, ден соолугум менен сулуулугума кам көрөм, эс алам, сүйүктүү жумушумдан гана иштейм.

-Мен эркектин өзүнө тиешелүү жумуштарын өткөрүп берем, анын ордуна оор көтөрбөйм, мык кагып, күйүп кеткен үтүктөрдү оңдоп, шыбак шыбабайм. 

 -Менсиз эркек жашай албай калат деп ага “апа” болгон ойду таштап, тескерисинче анын мага камкор болуусуна жол ачам. 

 -Мен баарын өзү жасайм деген деген адатты таштайм. Балдарыма бош убактыларында үй жумуштарын жасаганга үйрөтөм.Күйөөмө тиешелүү жумуштарды бөлүп берем. Жашоомду жеңилдеткен, өзүмө көп убакыт калтыра турган турмуш-тиричилик техникаларын сатып алам.

-Мен ашыкча эле пайдасыз нерселерден, телефонго отуруп алып курбум менен бирөөнүн жашоосун талкуулап убакыт короткондон кол үзөм.

-Мен өзүмө аял катары инвестиция салам, себеби бактылуу аял гана бактылуу эне, бактылуу, сүйүктүү жар болот алат.

-Мен баарын кече бергендей танк эмесмин, мен эркектин жанында алсыз аялмын!

Адегенде ушул мыйзамдардыөз жашооңузга киргизгенге аракет кылып көрүңүз! Албетте адегенде сиздимурдагыдай көрүп алган жакындарыңыздын катуу каршылыгына кабыласыз. Бирок акырындыкменен өз мыйзамдарыңды киргизе берсеңиз жашооңуздун кандайча жеңил жагынаөзгөрүлө баштаганын байкабай каласыз! Анда эмесе ийгилик сизге!

Автор: beles.kg

“Танк-аял” болуп кетпеш үчүн эмне кылыш керек?

Яндекс.Метрика