Жашооңузду билгиңиз келсе Икигай формуласына салып көрүңүз!
МОТИВАЦИЯ

Жашооңузду билгиңиз келсе Икигай формуласына салып көрүңүз!

“Адам өзүнүн жашоосунда Жараткан ага ыроологон чыныгы жумушун аткарганда гана бул жарыкчылыкта канааттанып жашап өтөт” дешет акылмандар. Кээ бир адамдар турмушта чыныгы кесибин таап, аны өнүктүрсө айрымдары эмне менен алектенсе өз ордун таап кетерин билбей ар кайсы иштин башын чарпып, өмүр деген чоң кемеде калагы жок кайыктай адашкандар бар. Мындай учур сиздин башыңыздан өтүп жатса япондордун икигай философиясын колдонуп көрүңүз! Бул түшүнүк эки сөздүн маанисин берет- жашоо жана баалуулук деген.

“Сен кимсиң?”

Бул тууралуу бир легенда бар. Бир япон аял капыстан ооруп калып өзүн абдан жаман сезет. Төшөктө жатып бир маалда жаны денесин таштап чыгып бара жатканын сезет. Жогору жактан бир бейтааныш добуш андай сурайт “Сен кимсиң?” деп. “Мен шаар башчысынын аялымын” деп жооп берет чочуган аял. Үн аны жактырбагандай “Мен сенден күйөөң ким экенин жана атыңды сурап жаткан жокмун, сен кимсиң?”- деп кайра сурайт. Аял «эки баланын энесимин, кесибим мугалим» деп жооп берет. Үн андан да катуу нааразы болуп: “Мен сенин балдарың жана кесибиң жөнүндө сурап жактан жокмун, сен кимсиң?”,- деп кайра сурайт. Аял: “Мен күн сайын үй-бүлөмө жардам бериш үчүн жана балдарды окутуш үчүн таңкы уйкудан ойгонгон аялмын” деп жооп узатат. Ошондон кийин аял эсине келип өзүнүн бул жашоодо пенде катары жашап жаткандагы маңызын же болбосо икигайын таап оорудан сакайган экен.

Жашооңузду билгиңиз келсе Икигай формуласына салып көрүңүз!

Суроо берип, жооп табыңыз!

Эгерде сиз жашоодогу ордуңузду табууга аракет кылып, өзүңүз сүйгөн нерсе менен алектенип, анын натыйжасында ишиңиз илгерилешин каалап жатсаңыз төмөнкү суроолорду өзүңүзгө берип, ага чын дилден жооп бериңиз.

-Кайсы ишмердикте сиз чыныгы кесипкөймүн деп эсептейсиз? Эмнени изилдеп, эмнени окуп, эмне жаңы нерсе билгиңиз келет?

-Жетишкен кайсы ийгиликтериңизге кубанасыз?

-Эмнеден ырахат алып, ал ишти аткарганда кубаттанасыз? Эч бир токтобой, чарчагыңыз да келбей жасай бере турган ишиңиз барбы?

-Бала кезде ким болгуңуз келчү эле? Көп учурда бала кездеги кыялдар сиздин эмне каалап жатканыңызды көрсөтүп турат.

-Азыр иштеп жаткан ишиңиз, кылып жатканыңыз өзүңүзгө жагабы?

Эгерде сиз өз кылып жаткан ишиңизди ушунчалык сүйсөңүз, башка бирөөлөргө жардамыңыз тийип жаткан болсо, сүйүктүү ишиңизден акча, каражат таап жатсаңыз, өз тармагыңыздын чыныгы кесипкөйү болсоңуз анда сиз жашооңуздун маани-маңызы менен жашоодогу ордуңузду тапкан адамсыз.

Икигай философиясынын мааниси кандай?

Икигай философиясынын эң кыскартылган мааниси төмөнкүлөр:

-Сүйүктүү ишиңизди улгайган кезде дагы таштабаңыз.

-Жан дүйнө тынчтыгын сактаңыз, акырындык менен болсо да максатка карай багыт алып кете бериңиз.

-Тамактанууга ыксыз берилбеңиз.

-Айланаңызда сизди колдоп коштогон жакшы гана досторуңуз болсун, жаман достордон кол үзүңүз.

-Ар дайым денеңиздин акысын берип, көп кыймылдаңыз.

-Кайсы гана адамга болбосун жылмайып жүрүңүз

-Жаратылыш менен бирге болууга аракет кылыңыз

-Жашооңузда болуп жаткан баардык нерсе үчүн Кудайга шүгүр кылыңыз.

-Өткөн чакты артка таштап, азыркы күн менен жашаңыз, болочокту убагында көрө жатасыз.

Гүлнур Жумалиева

Жашооңузду билгиңиз келсе Икигай формуласына салып көрүңүз!

Яндекс.Метрика