Психопаттар арабызда эле жүрөт. Аларды кантип билүү керек?
ПСИХИКА

Психопаттар арабызда эле жүрөт. Аларды кантип билүү керек?

 Психопаттар кадимки адамдардан абдан эле айырмаланат десеңиз жаңылышасыз. Психопат десе эле сиз ачууланып, кыйкырып ар кимге каарын чачкан адамды дагы элестетишиңиз мүмкүн. Мындай деп ойлосоңуз терең жаңылышасыз. Жогорку типтеги психопаттар өтө жагымдуу, харизмалуу, ийгиликтүү адамдар болушу мүмкүн. Жана аларды көп учурда ири компаниялардын, ишканалардын жетекчилеринин креслосунан, ийгиликке жетишкен адамдардын катарынан көрүүгө болот.

Психопаттар деген кимдер? Алар башка адамдардан эмнеси менен айырмаланат?

Адамдарда эмпатия деген функция бар. Башкача айтканда, бирөөлөрдүн эмоцияларын убагында сезе билүү, аны менен кошо кайгырып, кошо кубана билүү, абалына туура баа берүү эмпатиялуу адам үчүн, дегеле психикасы нормадагы адам үчүн катардагы көрүнүш.

Эмпатия биздин коомго, жамаатка аралашуубузга, башка адамдар менен байланышуубузга көмөк берген өтө маанилүү функция. Ал эми психоптаттарда дал ушул функция иштебейт. Алар башка адамдарга таптакыр кызыкпайт жана аларды болгону колдонуучу инструмент катары гана көрөт.

Алар ырайымсыз, мерез, таш боор жана адамдар сезген баардык эмоциялардын спектрин эч бир сезе албайт. Бирок алар кой терисин жамынган карышкыр сыяктуу мыйзамды сыйлаган жарандын ролун ушунчалык жакшы аткарып кое алгандыктан, ал тургай тажырыйбалуу соттор, юристтер, психологдор алардын “жагымдуу таасирине” толук кабылып калышы мүмкүн.

Психопаттар – адамдарга карата эмпатиясы, жоопкерчилиги жок, таптакыр уятты сезбеген, адамдарды алдоого, манипуляциялоого жана социалдык нормаларды бузууга багытталган психикалык бузулуу менен жабыркаган адамдар.

Психопатия — адамдын жүрүм-турумунда, ой-жүгүртүүсүндө, эмоционалдык абалында бузулуу бар болгон психикалык абал. Алар тубаса болушу жана айлана-чөйрөдөн улам калыптанышы мүмкүн.

Окумуштуулар тубаса болгон кезде да, айлана-чөйрөдөн калыптанган психопатияда да, баш мээнин эмпатияга жооп бере турган бөлүктөрү болгон гипоталамуста, лимбикалык системада жана префронталдык катмарында бузулуу келип чыгаарын аныкташкан.

Психопаттар арабызда эле жүрөт. Аларды кантип билүү керек?

Психопатиянын себептери

Психопатиялык бузулууга көп факторлор себеп болот: алар генетикалык, биологиялык жана социалдык факторлор. Психопатиянын келип чыгышына себеп болгон айрым жагдайлар:

 -Балага таш боордук менен ырайымсыз мамиле жасоо,  кичине чагында эле зомбулук көрсөтүү психопатиянын өрчүшүнө жол ачат.

— Ата-эненин мээрими жок болушу же башка тарбиялап жаткан адамдын мээрим бербеши. 

— Ата-эне же багуучу тараптан камкордук менен көңүл буруунун жоктугу. 

— Башка бирөөлөрдүн баланы багып алуусу жана ага катаал мамиле жасаган учуру.  

— Баланы эрте жашында эле балдар үйүнө берип салуу. 

— Ата-энелердин ажырашуусу же алардын чатагына күбө болуп, анын натыжайсында баланын психикасына олуттуу сокку алган учурлар.  

Бирок бала чагында олуттуу травмага кабылган баардык эле балдар психопат болуп кетпейт. Психопатиянын өрчүшүнө жогоруда айткандай көп факторлор таасир берет жана ар бир учур өзүнчө уникалдуу.

Психопаттар арабызда эле жүрөт. Аларды кантип билүү керек?

Психопатка мүнөздүү белгилер

Психопатка төмөнкү белгилер таандык:

Нарциссизм жана эгоцентризм – психопаттар өздөрүн дүйнөнүн борбору деп эсептейт жана башкаларды киши катары санабайт. Бирок зарыл учурда башкаларга бул тууралуу эч качан билгизбейт.

2. Таш боор, текебер, өзүмчүл жана эмпатиясы жок — адамдарга жана жаныбарларга камкордук кыла албайт. Бирок керек учурда ушундай ролду ойноп коет.

3. Алдамчылык жана манипуляцияны мыкты өздөштүрөт – башка адамдарды оңой эле ишендирип алдап кеткенге жөндөмдүү.

4. Импульсивдүү жана тобокелчил —  көп учурда арты эмне болорун ойлобой тобокел иштерди жасашат. 

5. Агрессивдүү жана зомбулук көрсөтүүгө ыңгайлуу- психологиялык жана физикалык жактан зомбулук кылып турушат.   

6. Башка адамдар менен узак убакытка, бекем мамиле түзө албайт. 

7. Маанайы тез-тез өзгөрүп турат. 

8. Криминалдык иштерди жасоого ыңгайлашкан.

9. Жоопкерчилиги, уят-абийири жок, моралы жана нравасы жок, жасаган жаман ишине өкүнүү деген сезими жок.

10. Жеке керт башын гана ойлойт.

11. Коркуу сезими таптакыр жок. Негизи эле сезими жок.

Психопаттын адаттары:

-Түнкүсүн көп иштерди жасаганды жакшы көрөт:

-Ачуу тамактарды жактырат

-Баңгизаты, алкоголго көз каранды, игромания, кумар оюндарына көз карандылык бар.

-Бир эле убакта бир нече адам менен сексуалдык мамиле курат

-Башкаларды эзип, зыян кылгандан ырахат алат.

-Өз максатына жетиш үчүн кылмыш жасоого даяр.

Психопаттар арабызда эле жүрөт. Аларды кантип билүү керек?

Жогорку деңгээлдеги психопаттар же кой терисин жамынган карышкырлар

Бул белгилерди санап өткөндөн кийин “психопат кантип ийгиликтүү адам болсун, криминалга, зомбулук жасоого ынгайлуу адам кантип бийиктиктерди багынтат?” деген суроо пайда болушу мүмкүн. Жообу бар.

Алар жогорку деңгээлдеги психопаттар жана төмөнкү деңгээлдеги психопаттар деп бөлүнөт.

Жогорку типтеги психопаттар психикалык бузулуусу болгонуна карабай, интеллектуалдык жактан көп күчтү талап кылган кызматтарда көп жылдар бою иштеп эч бир билинбей жүрүшү мүмкүн.  Алар көп учурда колдон келишинче бийликтин жогорку тепкичтерине жетүүгө умтулушат.

Ошондуктан психопат жогорку деңгээлде болсо ал адамдарга зыян бербей, тескерисинче пайда алып келиши мүмкүн.

Төмөнкү деңгээлдеги психопат

Сериялык маньяктардын, киши өлтүргүчтөрдүн, зордукчулардын, ууру, каракчылардын, тоноочулардын, өтө оор жана оор кылмыштарды жасагандардын, үй-бүлөлүк тирандардын жарымына жакынын төмөнкү деңгээлдеги психопаттар түзөөрү аныкталган. Алар өздөрүнүн жасаган жаман иштерине эч качан өкүнбөйт. Анткени мээнин бул бөлүгү иштебейт. Эмнеге мындай оор кылмышка барганын сураган кезде алар кайдыгер гана “жөн эле” деп жооп бериши мүмкүн.

Ошондуктан төмөнкү деңгээлдеги психопаттар адамдардын жашоосуна олуттуу коркунуч жаратат.

Психопаттар арабызда эле жүрөт. Аларды кантип билүү керек?

Алар менен кантип мамиле кылса болот?

Мүмкүн болушунча алардын тузагына түшпөөгө аракет кылыш керек. Эгер түшүп калсаңыз мамилени үзүп, качууга аракет кылыңыз.

Негизинен айтканда алардын жогоркусу да, төмөнкүсү да адамдардын арасында жашап жүргөн жырткычтар сыяктуу. Арстанды канчалык колго үйрөтүп баксаң дагы, кайсы учурда ачуусу келип башыңды кемирип кетээрин билбейсиң. Психопаттар да ошондой, коомго жакшы киши болуп көрүнүп, илимдин профессору даражасына жетсе да, жанындагы жубайын, ага көз каранды адамдарды ырайымсыздык менен эзип, кыйнап психикалык да, физикалык да зомбулук көрсөткөн психопаттар бар.

“Күйөөм жогорку кызматта иштейт, мени күн сайын сантиметр менен белимди ченеп турат, эгерде бир сантиметр эле ашыкча көлөмүм көбөйүп кетсе, уруп сабайт. Ал менин сулуулугум үчүн гана үйлөнгөнүн билем. Досторуна мени абдан жакшы көргөн болуп көрүнөт жана мени менен мактанат. Аларды баары менин “жолдошум мени абдан сүйөт жана алаканына салып алпештейт” деп эсептешет. Мен ал үчүн ар дайым арык, сулуу болуп жүрүшүм керек. Кантип качаарымды билбейм. Эгер качсам мени соо койбойт. Кээде ал мага чыныгы жырткычтай туюлат”

Консультацияга келген кардардын сөзүнөн.

Мына ушундай урматтуу окурман, Психопаттын курмандыктары дал ушундай эки түрдүү жашоону баштан кечирип жашап жатышы мүмкүн. Аларды көбүнчө акчалуу, маңдайы жарык, харизмалуу, колунда бар адамдар кызыктырат. Максаты: мындай адамдарды аесуз колдонуп,   жаңы бийиктиктерди багынтуу.

Ошондуктан жакшы жашооңузду, бактылуу экеңизди, байлыгыңызды соцтармактарга жарыялардан мурда көпчүлүктүн арасында жогорку жана төмөнкү деңгээлдеги психопаттар болоорун, алар сизди ар дайым көз жаздымдан чыгарбай карап жүрөрүн эске алыңыз.

Ошондой эле аялдардын да, эркектердин арасында да психопаттар жетишерлик экенин унутпаңыз.

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика