Тест: Үй-бүлөнүн сүрөтүн тандаңыз, жашооңуз тууралуу көп нерсе айтып берет!
ТЕСТ

Тест: Үй-бүлөнүн сүрөтүн тандаңыз, жашооңуз тууралуу көп нерсе айтып берет!

Мамилелер адамдын жашоосунда өтө маанилүү ролду ойнойт.Ким менен мамиле кылсак, андан аркы жашообуздагы биздин адаттарыбызга таасир берет.Көпчүлүк жашоо программаларын биз бала кезде сиңирип алабыз. Бул визуалдык тестти карап арасынан сиздин оюңузча бул адамдар үй-бүлө эмес деп эсептеген сүрөттү тандап алыңыз! Тандаган сүрөт сиз билип-билбеген сапаттарыңыз тууралуу көп нерсени айтышы мүмкүн.

Тест: Үй-бүлөнүн сүрөтүн тандаңыз, жашооңуз тууралуу көп нерсе айтып берет!

№1 үй-бүлө

Тест: Үй-бүлөнүн сүрөтүн тандаңыз, жашооңуз тууралуу көп нерсе айтып берет!

Эгерде сиз бул вариантка токтолсоңуз, үй-бүлөдө атаңыз бала тарбиясына көп катышпаган же апаңыз менен мамилеси салкын болгон үй-бүлөдө тарбиялангансыз.

Балким атаңыз иштен колу бошобой, жумушка эрте кетип кеч келип сизге көңүл бөлө албагандыр. Балким апаңызга болгон жылуу мамилесин сиз байкабаган чыгарсыз. Жашооңузда апаңыздын мээримин көп алгансыз. Айтор ошондуктан сиз жашоодо чыныгы үй-бүлө-бул сиздин досторуңуз деп эсептейсиз. Дал ушундайча сиз тааныштардан, жакындардан, достордон колдоо издейсиз.Сиз абдан камкор, назик адамсыз жана чала тааныш адамдарга деле мээрим көрсөтөсүз.

№2 үй-бүлө

Тест: Үй-бүлөнүн сүрөтүн тандаңыз, жашооңуз тууралуу көп нерсе айтып берет!

Сүрөттөгү үй-бүлө бирибирин тааныбагандай кетип бара жатат. Эгерде сиз экинчи вариантты үй-бүлө эмес деп тандап алсаңыз анда сиздин жашооңузда үй-бүлөлүк баалуулуктар биринчи орунда турат.

Сиз канчалык башкалар менен жакын мамиледе болбоңуз үй-бүлө дегенде ичкен ашыңызды жерге койгон адамсыз.Ошентсе да сиз башка адамдарга ишенимге негиздеп гана мамиле кыласыз жана уруш-талаштын ордуна жөн гана маселени сүйлөшүп чечкенди артык көрөсүз. Сиз жашооңузда эркиндикти жакшы көргөн, көз карандысыз болууга умтулган өзүңүздүн чекти кандай жол менен болсо да коргогуңуз келген адамсыз.  

№3 үй-бүлө

Тест: Үй-бүлөнүн сүрөтүн тандаңыз, жашооңуз тууралуу көп нерсе айтып берет!

Балким бала чагыңызда сиз кандайдыр бир себептер менен ата-энеден күткөн жылуулукту, сүйүүнү толук ала албай калгансыз. Сизге көңүл буруп, камкор болууга ата-энеңиздин ошол кездеги шарты туура келбей калгандыр. 

Ошондуктан сиз адамдар менен тез тил табыша албай кыйналып, аларга ишенбей, баардык нерседен күмөн санап турушуңуз ыктымал. Көп учурда депрессия болуп, майда-чүйдөгө ачууңуз тез келиши мүмкүн. Жан дүйнөңүздө бала чакта калып калган таарынычыңыз, басынган абалдар, негизсиз айтылган сындар көп  болсо психологго кайрылып  алардан арылганга аракет кылыңыз.

Ар дайым бактылуу болуңуз, сиз-сөзсүз түрдө сүйүүгө татыктуусуз!

Автор: beles.kg  


Яндекс.Метрика