Аялдарды бактысыз кыла турган эркектердин 9 белгиси
МАМИЛЕЛЕР
ПСИХОЛОГИЯ

Аялдарды бактысыз кыла турган эркектердин 9 белгиси

“Сүйүүнүн көзү сокур”дегендей кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө аялзаты мырзалардын мамиленин башында эле абайлай турган айрым мүнөздөрүн байкабай калышат.Төмөндөгү белгилер сиз жактырган адамда же жигитиңизде болсо анда, анда ойлонуп көрүңүз.Себеби туура эмес мамилелер кийин сизди бактысыз кылуусу толук мүмкүн.

1.Ал маселелерди чечкенге көмөктөшпөйт жана эмоционалдык жактан колдоо көрсөтпөйт

Жуп болуп жашоонун мааниси-бул келип чыккан маселелерди биргелешип чечип, чечпесе дагы эң аз дегенде ал тууралуу экинчи тараптын билгени. Сиз арызданып жатканда эркек жылуу бир сөз айтып койбой зеригип отурганы адамгерчиликке жатпайт. Сүйлөшкөн кызы менен эмоционалдык байланышы болбогон жигиттер көп учурда сиздин маселеге кол шилтеп, өзүнүн жумушу үчүн сизге жардамга кол сунбашы мүмкүн.

2. Дайыма иш менен алектенип сизге убакыт таппайт 

Сиздер үйлөнгөндөн кийин дагы анын бул сапаты өзгөрүп кетиши күмөн. Сиздин туугандарга барып келели же кечти чогуу өткөрөлү деген сунуштарыңызды кулак сыртынан кетирет.

3. Компромисске барбайт

“Баштаба! Жакшы эле сүйлөштүк го” деп бурк этет. Эгерде эркектин пикири ал үчүн жалгыз гана туура пикир болуп, калган айткан сөздүн баарын катуу кабыл алса андан ойлонууга туура келет.

4. Алдына койгон максаты жок

Анын мурда эмне кылып жүргөнү маанилүү эмес. Ал азыркы учурда эмне кылып жатат жана болочогун кандай көрөт. Анын максаты, каалоосу жана пландары болбосо кандай эркек болот?

Аялдарды бактысыз кыла турган эркектердин 9 белгиси

5.Пландары бар, бирок сиз ага кирген эмесиз  

Бир нерсени убада кылып коюп, бирок жүйөөлүү себеп болбосо эле аны аткарган жок.Шашылыш иши чыгып калды, же сизден маанилүү бир нерсе болду жана сизге эскертип да койгон жок.Албетте жашоодо ар кандай нерселер болот. Бирок мындай учурлар улам-улам эле кайталана берсе кандай жыйынтыкка келүү керек?    

6. Ал бир нерседен өтө көз каранды

Бир нерседен көз каранды болгон адамдар толук кандуу мамиле курууда кыйынчылык туудурган психологиялык типаж болуп эсептелет.Арак ичкен, акчаны кумар оюндарына чачкан, баңгизатын чеккен же башка зыяндуу адаттары бар эркектер мамиле кургандан кийин аялдарга чоң кыйынчылык жаратат.

7. Ал өзүнө жоопкерчилик албайт

Мындай эркек өзүнө жоопкерчилик албайт. Эң башкысы эч жерде, эч качан ал күнөөлүү болуп чыкпашы керек.Ал тургай өзүнүн жактыра турганы дагы билдирбейт, сиз жеке бактыңызга өзүңүз жоопкерчилик алышыңыз керек болот.Элдин баарын, ата-энесин, жагдайды күнөөлөй берге сиз дагы күнөөлүүлөрдүн катарына кирип кала турганыңызды ойлонуңуз.

8. Ал сылык эмес

Бирөөлөр менен кылдан кыйкым таап урушууга, жакалашып кетүүгө даяр турган мырзалардан көптү күтүүгө болот. Ал токтолобу же мындан наркы мамиледе кызыл камчы эркекке айланабы бул дагы өзүнчө маселе.

9. Аялдарды жек көрөт.

Сиздин сүйүктүүңүз аялдар тууралуу начар пикирде болсо, “аял акылсыз, эркек кыйын” деген сыяктуу сөздөрдү көп колдонсо да бул начар белги. Ал сизди “элден өзгөчөсүз” деп көп айтса дагы мындай типаждагы эркектер баардык аялдар тууралуу бир эле ойдо болуп аларга карата жек көрүүсү таркабашы мүмкүн.Анын психотрамвасы жөнүндө маселе өзүнчө кеп. Бирок сизге бул кийин чоң зыян алып келиши мүмкүн.

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика