Адамдын дене табы 37, 38, 39 градус болгону эмнеден кабар берет?
Ден соолук

Адамдын дене табы 37, 38, 39 градус болгону эмнеден кабар берет?

Дени сак адамдын оптималдуу дене табы 36,6°C болору белгилүү. Табиятынан эле мындан жогору же төмөн температурада жүргөн адамдар бар. Мурундан суу агуу, дене табынын көтөрүлүшү, тамактагы оору суук тийип калуунун белгиси.Бирок температура эч себепсиз эле 37 градус болуп жатканы организдеги кандай өзгөрүүлөрдөн кабар берет?

Адамдын дене табы 37, 38, 39 градус болгону эмнеден кабар берет?

Эч бир белгиси жок эле 37 градустук дене табы: мүмкүн болуучу себептер

Аялдарда кош бойлуу болуунун белгиси;

Иммунитеттин алсырашы;

Организмде кандайдыр бир акырын инфекциянын болуп жатканы;

Суук тийүүнүн алдындагы абал;

Адамдын энергиялык кубатынын алсызданышы;

Жалпы чарчоо, депрессиялык жана стресстен кийинки абал;

Венерикалык оорулар: (сифилис, СПИД жана башка)

Чоң кишилерде 37 градустук дене табы мындай абалга алып келген кандайдыр бир себеп бар экенин, бирок адамдын коргоочу күчтөрүн  жеңип чыга албай кармаш жүрүп жатканынан кабар берет.

Адамдын дене табы 37, 38, 39 градус болгону эмнеден кабар берет?

38 градустук дене табы: мүмкүн болуучу себептер

Оорунун белгилери билинбей туруп эле дене табы 38 градус болгон учурлар көп кездешет. Ангина учурунда да дене табы ушунчага чейин жогорулайт.

Эгерде үч күн катары менен дене табы 38 градус болсо анда ал:

Ревматизм;

Инфаркт;

Бөйрөктүн сезгениши (бул учурда белде сайгылашкан оору пайда болот);

Пневмония;

Коронавирус;

Эң жаман белги бир нече апта же айлар бою температура ушундай кармалса анда адамда:

Шишик ооруларынын өрчүп жатышынан;

Олуттуу эндокриндик оорулардан;

Лейкоз;

Өпкө менен боордун диффуздук өзгөрүүлөрүнөн белги берет.

Адамдын дене табы 37, 38, 39 градус болгону эмнеден кабар берет?

39 градустук дене табы: мүмкүн болуучу себептер

39-39,5°градустук дене табы төмөнкү оорулардын белгиси болушу ыктымал:

ОРВИ;

Шишик процесстеринин бар болушу;

Катаралдык ангина;

Аллергиялык реакция;

Өнөкөт пиелонефрит;

Вирустук эндокардит

Менингококк инфекциясынын болушу.

Эмне кылуу керек?

Биринчи кезекте терапевтке кайрылуу керек. Анализ тапшыруу кажет. Дарыгер какырыктын, зааранын же болбосо кандын анализин тапшырууну, рентген же болбосо УЗИге түшүнүү тапшырышы мүмкүн.

Дене табын түшүрө турган дарыларды: парацетамол, аспирин ибупрофен, нурофенди 38, 38.5 градус болгонго чейин колдонбой туруу кажет.Температура жогорулашы организмдин каршылык көрсөтүп жатканынын белгиси. 42°С градус дене табында адамдын баш мээсинде калыбына келгис өзгөрүү болуп, адам зыянга учурашы мүмкүн.Температура өтө жогору болсо тез жардам бригадасын чакыруу кажет.

Эмнеси болсо да жогорку температура бул организмдин көмөк сурап жатканынын белгиси.Азыркы коронавирус менен пневмония күчөп турган маалда температураны күн сайын өлчөп турганыңыз жөндүү.

Оорубаңыз, ден соолукта болуңуз!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика