Тест: ачкычты тандаңыз да акча жагы жакында кандай болорун билиңиз?
ПСИХОЛОГИЯ
ТЕСТ

Тест: ачкычты тандаңыз да акча жагы жакында кандай болорун билиңиз?

Ар бир адамды эле өзүнүн каржылык абалы кызыктырат. Интуиция менен тандалып алынган ачкыч сиздин каржылык ой-жүгүртүүңүз жана жана жакында акчалуу болуш үчүн эмне кылуу керектигин билдирет.Анда эмесе көп ойлонбостон сизге жаккан ачкычтардын бирин тандап алыңыз.

Тест: ачкычты тандаңыз да акча жагы жакында кандай болорун билиңиз?

Эгер №1 ачкычты тандасаңыз, анда…

Каржы маселесинде башыңыздан көптү өткөргөнсүз.Арааныңыз жүрүп акчалуу болгон кездериңиз да, карыз болуп отуруп калган кездериңиз да болгон.Сиз акчаны мээнет менен тапкан оор жумуштан коркпойсуз. Ошондуктан акчанын баркын жакшы билесиз.Жашоодон баарын чачып жибербей сарамжалдуу болууну дагы үйрөнгөнсүз.

Акыркы кездердеги каржылык акыбалыңыз сизге жакпай жүрөт.Көп иштесеңиз да каалаган сумманы таба албай жатасыз. Балким бул аракет кылыңыз деген белги болуп жүрбөсүн.Балким жаңы иштер менен жаңы белестер сизди күтүп турбасын? Тобокелдикке салыңыз, аракет кылып көрүңүз. Ийгилик чечкиндүүлөрдү жакшы көрөт.

Эгер №2 ачкычты тандасаңыз, анда…

Сиздин жашоодогу маселеңиз, анын ичинде каржы маселеңиз эмнени каалап жатканыңызды билбегендиктен эмес. Болочок жакшы болсун деп азыртадан каржы булагын топтоого аракет кылып жүрөсүз.Башкалардан айырмаланып акча топтоо колуңуздан келет.

Бирок тынчсыздануу менен коркунуч сизден кетпей жатат.

Кубанта турган жагдай бар. Сиздин тынчсызданууңуз негизсиз ал акыл-оюңуздагы гана коркунуч. Баардык күтүп жүргөн ийгиликтерге кол жеткизесиз!

Эгер №3 ачкычты тандасаңыз, анда…

Сиз айланадагыларга жакшылык жасоого дайыма умтулуп турасыз жана айланадагы адамдарды бактылуу кылгыңыз келет.Ошондуктан сизди биринчи кезекте мээримдүүлүгүңүз үчүн жакшы көрүшөт.Сиз муктаж болгон адамды эч качан жамандыкка таштабайсыз.

Каржылык маселеде сизде кооптончу жагдай жок.Баардыгы акырындык менен мыкты болот.Сизге ниети жаман адамдар болсо өз жолу менен кете беришсин.

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика