Сиз эмне үчүн элге жакпай каласыз? Жообу төмөндө!
ПСИХОЛОГИЯ

Сиз эмне үчүн элге жакпай каласыз? Жообу төмөндө!

Ар бирибиздин жашообузда бизди жактырбаган же болбосо агрессия менен мамиле кылган адамдарды кездештиребиз. Алар менен сүйлөшкөндөн, мамилелешкенден кийин эмнеге жакпай калганыңызды түшүнбөй да каласыз.Эң эле кызыгы сиз ал адамдарга эч кандай жамандык кылган жоксуз да…Кептин баары сиз өзүңүз жакшы деп эсептеп жүргөн мүнөзүңүздөн болушу ыктымал.Анда beles.kg сизге төмөнкүлөрдү сунуштайт.     

1. Сиз акылдуу адамсыз

Акылдуу жана таланттуу адамдарды айрымдар жаман көрүшө турганын байкап жүрөсүзбү? Анткени алардын сизди көрө албашы мүмкүн. Эгер ыңгайы келсе алар менен орток тил табышканга аракет кылыңыз.  Алардын айрымдары бул аракеттериңизге карабай, көңүлүн канчалык алгыңыз келсе да баары бир сизге көз карашын өзгөртпөсө, анда убактыңызды, энергияңызды коротпой алдыга жылыңыз. Баарына жага бергидей сиз акча эмес экениңди эске алыңыз.

2.Сиз ашкере эле таасир калтырууга аракет кыласыз

Мындай адамдар алыстан көзгө көрүнөт.Алар жасалма басып, жасалма жүргөнү байкалат.Алар ушунчалык жакшы көрүнгүсү келет, бирок ушунусу менен адамдарды кыжырдантат.Мындай адаттан арылыш үчүн тааныштарыңыз менен жакындарыңыздан сиз тууралуу чындап эмнени ойлоп жатышканын сураңыз.Баарына эле жага берүүгө аракет кылуу маектештин тескери эмоциясын пайда кылат.

3. Сиз айың кеп таратасыз

Айың кеп тараткан адамды эч ким жакшы көрбөйт.Сиз чоң адам болгондон кийин башка адамдарын жеке жашоосуна кызыкдар болбошуңуз керек. Андан көрө өзүңүзгө көңүл буруп жашооңузда активдүү болуңуз.

4.Сиз абдан көп нерсени билесиз

Акылдуу адам менен баарын билген адамдын ортосунда айырма бар.Өзүңүз байкабай интеллектуалдуу адамдан ар кимге акыл айта берген адамга айланып калбаңыз.Кесибиңизди мыкты билсеңиз, эл арасында өз пикириңизди таңуулабай жүргөндү да үйрөнүңүз.

5. Баарын көзөмөлгө алгыңыз келет

Психологдордун пикиринде мындай жүрүм-турум менен жүргөндөр, жеке жашоосун көзөмөлдөө мүмкүндүгүнөн ажырайт.Адамдардын жеке мейкиндиги менен жумушуна киришүү ар дайым каршылык менен нааразылыкты пайда кылат.Мындай учурда сизден алыстап, дос болуудан качкан адамдар четтен чыгат.

6. Сиз бирөөнү укканды билбейсиз

Кимге болбосун аны ынтаа коюп уккан адам керек.Баарын угуп эле тим болбой, аны ынтаа коюп уккан, түшүнө билген маектеш симпатияны пайда кылат жана мыкты кесиптеш, дос, курбу боло алат.Ошондуктан бул жөндөмдү өзүңүздө өнүктүрүүнүн аракетин кылыңыз.

7. Эмне сүйлөп жаткаңызды ойлонбой эле сүйлөй бересиз

Адегенде ойлонуп анан сүйлөгөнгө аракет кылыңыз.

 8. Аябай эле тырыша бересиз

Бир нерсеге ушунчалык катуу аракет кылгандын эмнеси жаман дээрсиз. Өзүңүз билгендей ар бир нерсенин ашыкчасы жаман.Мисалы ашыкча эле келбетиңизди карап, ашыкча эле бир ишти жасаганга аракет кыла берсеңиз, башкаларга бул жакпай, айрымдарында түшүнбөөчүлүктү пайда кылат.Ар бир жагдайда орток абалды колдонсоңуз башкаларды чочутпайсыз.   

Ишиңиз ар дайым ийгилик менен коштолсун!

Гүлнур Жумалиева


Яндекс.Метрика