Тест: Розаны тандаңыз да, жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билиңиз!
ТЕСТ

Тест: Розаны тандаңыз да, жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билиңиз!

Психологдор адамдын тандоосу кокустук эмес экенин эбак далилдешкен. beles.kg бир аз убакыт бөлүп төмөнкү тесттен өтүп жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билүүнү сунуштайт.

Тандоону көп ойлонуп отурбай жасаңыз, өзүңүздүн интуицияңызга ишениңиз. Алты түстүү роза алты түрдүү маанини берет. Тандасаңыз, анда кеттик…

Тест: Розаны тандаңыз да, жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билиңиз!

1.Кызыл түстүү роза

Жан дүйнөңүздө сиз чыныгы романтикалуу адамсыз жана таза, чыныгы сезимдерге муктажсыз. Сиздин жан дүйнөңүз учурда сүйүүгө толуп аны кимге берүүнү күтүп жүрөсүз. Өзүңүздүн тандоону абайлап жасаңыз! Жүрөк сезимиңизди баалаган адамга гана сүйүү бериңиз.

Тест: Розаны тандаңыз да, жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билиңиз!

2. Жашыл роза

Сиз азыркы учурда өз ара мамилелердин тагдыры кандай болот деп тынчсызданып жатасыз. Бирок коркунучтар сиздин ойлоруңузда, мээңизде гана. Эс алып, кенен дем алып жүрөгүңүздү тыңшаңыз. Баардыгы калыбына келет.

Тест: Розаны тандаңыз да, жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билиңиз!

3. Күлгүн роза

Сиз жан дүйнөңүз өзүнчө бир тазарып, гармонияга ээ болсом деп изденип жатасыз. Азыр максаттарыңызга жетпөөчүдөй, каалаган нерсени нерсени албай калчудай тынчыңыз кетип жатса да, сабыр кылыңыз. Бир аз чыдасаңыз өз максатыңыз ишке ашат.

Тест: Розаны тандаңыз да, жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билиңиз!

4. Түркүн түстөгү роза

Азыр сиз өзгөрүүлөргө абдан муктаж болуп турасыз. Жашооңузга жаңычылыктарды киргизип, канат сермеп өзгөргүңүз келүүдө. Чыныгы чечимдерди кабыл ала турган мезгил келди. Алга!   

5.Сары түстүү роза 

Акыркы учурда сиз агым менен сүзүп, жеке жашооңузга өзүңүз катышпагандай кетип бара жаткандайсыз. Мунун баарына чекит кое турган мезгил келди.Баарын колуңузга алып, эрежелерди киргизип, катуу көзөмөлгө алууну каалап турасыз.Тең  салмакты жоготпош үчүн баарын туура пландап чыгыңыз!

Тест: Розаны тандаңыз да, жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билиңиз!

6. Көк түстүү роза

Эс алуу-азыркы учурда сизге эң эле керектүүсү ушул болуп турат.Сиз жөн гана тынчтыкта болуп, толуп кеткен маселелерди тынч отуруп ойлонуп чечкениңиз жакшы. Өзүңүзгө убакыт таап, күнүмдүк тириликти жана үй-бүлөлүк маселелерди жайына коюп бир нече аптага эс алууга чыгыңыз!

Тест: Розаны тандаңыз да, жан дүйнөңүз эмнени каалап жатканын билиңиз!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика