Өзүнө ишенбөөчүлүктүн белгилери кандай? Кантип жоюуга болот?
МОТИВАЦИЯ
ПСИХОЛОГИЯ

Өзүнө ишенбөөчүлүктүн белгилери кандай? Кантип жоюуга болот?

Өзүңүзгө ишенбөөчүлүк-бул адамдын өз күчүнөн, мүмкүнчүлүктөрүнөн, жөндөмүнөн, тандоосунан, өзүнөн күмөн санаганы болуп эсептелет.  

Адам өзүнө-өзү ишенбеген кезде зарыл болгон активдүү  аракеттерден баш тартат. Өзүнө ишенбеген адам өзүн башкаларга тынымсыз салыштыра берет жана өз мүмкүнчүлүктөрүн азайтып, жашоосунда болгон кандайдыр бир жагдайларды “чоң трагедия” менен кабыл алат.    

Кандайча пайда болот?

Өзүнө карата ишенимдин жоктугу адамда кийин пайда болгон сезим болуп саналат, анткени адам өзүнө бекем ишенген же ишенбеген индивид катары төрөлбөйт.

Ишенимдүүлүк же ишенимсиздик бала чакта индивидде өзүн кабыл алуу системасы калыптанып жаткан кезде түзүлүп, ал айлана-чөйрөнүн биринчи кезекте ата-эненин реакциясына негизделет. Эгерде бала кезде, инсан катары калыптануу процесстери жүрүп жаткан маалда бала аны кайсы ишке жазалап же тескерисинче мактап жатканы так билинбесе кабыл алуу чек арасы жоголуп, өзү үчүн жасаган ар бир аракет негативдүү болуп калыптана баштайт.

Бул өзүнө карата адамдын ишенбөөчүлүгүнүн биринчи түрткүсү болот. Балдардын жүрүм-туруму же ата-энесинин колдоосун табат же колдоосуна ээ болбойт, анда дал ушундай жол менен дүйнө таануусу өнүгөт. Ошондой эле бала чакта бир эле окуяга  ар кандай адамдар  ар түрдүү реакция жасаса, мисалы апасы жаман көрүп, атасы мактап жатса да балада өзүнө карата ишенимсиздик пайда болот.

Мындан тышкары ата-энелер өтө эле көп  кеп-кеңеш бере берип, баланын өз алдынча чечим кабыл алуусун үйрөтпөсө да ишенимсиз болгон адам чоңоет.        

Бала чакта наристеге камкор болуп, ишеним көрсөтүп башкаларга да ишенүүнү үйрөтсө анда балада ишенимдүүлүк өсүп “бул дүйнө кооптуу эмес, эгер кокус ката кетирип алсам да эч кандай коркунуч жок” деген көз караш калыптанат.

Ата-эне балага ишенген кезде анда өзүнүн күчүнө ишеним пайда болуп, алдында турган маселелерди өз алдынча чечүүгө үйрөнөт.  

Бала чакта балдар ата-энесинин жана айлана-чөйрөнүн жүрүм-турум моделин көрүп өзүнө сиңирип алат да, аны жалгыз туура жүрүм турум деп эсептейт. 

Өзүнө карата ишенимсиздикадамдар менен баарлашууда, өз оюн айтууда, пландары менен каалоолорун ишкеашырууда кыйынчылык жаратат.   

Мындан удам адамда бирөөгө ичи тардык, тынсыздануу, коркуу, айласыздык сыяктуу сезимдер өрчүшү мүмкүн. Адамдын өзүнүн баалуулугун билбөөсү, приориттеринин жоктугу жашоосунун маңызын жоготууга алып келиши мүмкүн.

Өзүнө ишенбөөчүлүктүн белгилери кандай? Кантип жоюуга болот?

Ишеним жана өзү баалоо

Өзүнө карата ишенимсиздик өзү баалоонун жыйынтыктарынын бири болуп саналат. Ал эми өзү баалоо-бул биздин жашообуздагы башкы көзөмөлдөөчү психикалык өзгөчөлүк. Өзүнүн баасын билген адам көбүрөөк татыктуу жашоого умтулат, жакшы, бай, ийгиликтүү жашасам дейт, алдына чоң-чоң максаттарды коет жана аны ишке ашырууга аракет кылат, өзүн да, айланасын да сыйлай билет.

Өзүн төмөн баалаган адам “мага боло берет” деп аз айлыкка, оор жумуштарга, жакырчылыкка, билимсиздикке, өз укугун коргоп, “ии” деп баш көтөрүп сөз айта албай ар кандай басынткан жагдайларга макул болуп жашай бериши мүмкүн.Ошондуктан адамдын ишенимдүү болушу менен анын өзү баалоосунун ортосунда тыгыз байланыш бар.

Өзүнө ишенбөөчүлүктүн белгилери кандай? Кантип жоюуга болот?

Өзүнө карата ишенимсиздиктин белгилери кандай? 

Ал башка адамдар менен дайыма өзүн салыштырат. 

Өз жашоосуна жана башка адамдардын жашоосуна жоопкерчилик албайт. 

Өзүнүн жасаган эмгегин дайыма төмөн баалайт.

Аны бирөөлөр мактаса же болбосо ыраазычылык айтса өзүн ыңгайсыз сезинет. 

Нуру өчкөн көз караш, бүкүрөйгөн абал, эч кандай эмоциясы жок, акырын үн, кекечтенип калуу, бүрүшкөн же чочуп кеткенсиген кыймылдар да өзүнө ишенимсиз адамдын белгилери болуп эсептелет.  

Ишке ашпаган көп максаттар менен каалоолору болот.

Окуя боло электе эле анын жолу болбочудай сезим ээлеп алат.    

Чечим кабыл алуудан, бир иш-аракеттерди баштоодон коркот.

Бир ишти кыла албай калам деп коркот

Мени кабыл алышпайт, мени баалашпайт деп коркот    

Башкалардын пикиринен  дайыма көз каранды болот

Аракеттерин колдогон, мактаган адамдары издейт. 

Жаркын ойлорго караганда жаман ойлордун көп болот

Өзүнө ишенбөөчүлүктүн белгилери кандай? Кантип жоюуга болот?

Өзүнө ишенбөөчүлүктү кантип жоюуга болот? 

Биринчиден, сизде ушундай нерсе бар экени тууралуу фактыны моюнга алыңыз.

Сизге келген баардык жагдайларды бош убакыт таап кыскача жазып чыгыңыз.  

Эмоция менен сезимдериңизди жазып чыгыңыз.

Психологго жазылып тиешелүү кеңештерди алыңыз.  

Ийгилик күндөлүгүн ачыңыз.

Көрүнүктүү жерге дипломдоруңузду, мактоо баракчаларыңыз бар болсо илип коюуңуз.

Ар дайым башты бийик көтөрүп, түз басып жүрүүгө үйрөнүңүз.

Мен ушул нерсени каалайм деп тартынбай айтыңыз жана ошол нерсени жасаганга ишке ашырганга аракет кылыңыз.

Адегенде күзгүгө карап, анан бара-бара эл арасында ишенимдүү так-так сүйлөгөнгө үйрөнүңүз.

Өзүңүзгө ката кетирүүгө, жаңылышып калууга уруксат бериңиз.Анын баары болочокто сизге чоң тажрыйба жана сабак болот.

Мурдагы учуруңуз менен азыркы кезиңизди салыштырып турган  күндөлүк ачыңыз.

Ар бир адам сыртынан ишенимдүү көрүнсө да анын жеке коркунучтары менен ишенимсиз жерлери бар экенин дайыма эстеңиз.

Кандай гана болбосун жакшы маанайда жооп узатыңыз жана колдоо, көмөк сурагандан чочубаңыз.

Позитивдүү адамдар менен  чогуу жүргөнгө, баарлашканга аракет кылыңыз.

Мүмкүн болсо спорт менен, бий менен машыгыңыз, себеби машыккан адамдар өздөрүн көп эсе ишенимдүү алып жүрүшөт.

Сиз өзүңүздүн артык жактарыңызды жана кемчилик тарабыңызды да толук кабыл алмайынча эч кандай өзгөрүү болбосун билиңиз.

Ар дайым көп окуп, кругозоруңузду кеңейтиңиз.

Эң акыркысы баардык адамдар жашоосунун тигил же бул тармагында ишенимдүү эмес экенин, мисалы, кээ бири сүйүүдөн жолдуу болгон менен байлыктан жолу болбой келе жатканын, бири профессор болуп илимдин туу чокусуна жетсе да жөнөкөй адамдар менен тил табыша албаганын, алардын айрымдары ишенимсиздигинин үстүндө ар дайым иштеп жатып зор жетишкендиктерге жетишкенин эсиңизден чыгарбаңыз!

Ишиңизди ар дайым ийгилик коштосун!

Гүлнур Жумалиева


Яндекс.Метрика