Ашыкча салмактын сиз такыр ойлобогон психологиялык себептери бар. Алар кайсылар?
Диета
ПСИХОЛОГИЯ

Ашыкча салмактын сиз такыр ойлобогон психологиялык себептери бар. Алар кайсылар?

Келбетүү, чымыр, спорт менен машыккан дене культка айланган ушул заманбап дүйнөдө “Кантип арыктоо керек?” деген суроо ар бир экинчи адамдын башына келет. Ага көп берилген жооп: “азыраак тамак ич” деген сөз. Ошондо эле баары өзгөрүп, адам тамак жебей калабы? Андай болсо көпчүлүк кыялдагы келбетке ээ болуп, диеаталар менен фитнес залдардын кереги жок болуп калбайт беле?

Бүгүн beles.kg гормоналдык бузулуулар, оорунун айынан зат алмашуунун бузулушу, айрым өнөкөт оорулар, дары-дармек пайдаланып толук кетүүдөн тышкаркы учурларды кошпогондо ашыкча салмактын келип чыгуусунун түпкү психологиялык себептери жөнүндө сунуштайт.  

Бейаң сезимдеги программалар

Түпкү дегенибиз психологияда бейаң сезим (подсознание) деген түшүнүк бар. Жөнөкөй тил менен айтканда адам мээсинин, акылынын үстүңкү бөлүгүндөгү маалыматтарды гана пайдаланып ой жүгүртөт, бирок анын жашоосуна жана кабыл алынган чечимдерине түпкү мээ, акыл-эстен тышкары турган инстинкт менен иштеген мээ, андагы сезимдер, программалар таасир берет.

Адам өзү арыктагысы келет бирок психиканын бей-аң сезими  болгон күчү менен ашыкча салмакты кармап турат.Эптеп кетирген бир килограммдын ордуна эки килограмм кошулат.Адам канчалык диета сактабасын, ал кыска мөөнөттө гана натыйжа берип соңунда баардык аракеттери текке кетет. Адамдын бей-аң сезими тең салмактын кандай болсо дагы сактаганга аракет кылат. Ашыкча салмактын сиз таптакыр ойлобогон терең психологиялык себептери болот. Төмөндө алардын көп кездешкендерине токтолуп көрөлү.  

Жан дүйнөнүн үнүн думуктуруу

Толуп кетүүнүн жана арыктабай коюунун эң эле көп кездешкен түрлөрүнүн бири невротикалык конфликт болуп саналат. Башкача айтканда адамдын ички жан дүйнөсү мындай учурда өзү менен өзү дайыма күрөшө берет.  Мисалы, түпкүрдө адам жакындарынан, сүйгөн адамынан көңүл бурууну, жакындыкты каалап жатат. Андай болгон жок. Эмне кылыш керек?  Туура. Адам бул психологиялык талабын физиологиялык талапка алмаштырат да, барып тамакты ашыкча жейт. Ошондуктан дайым чыныгы сезимдериңди биле жүрүү жана аны канааттандыра билүү ден соолукка гана эмес, келбетке дагы пайдалуу.

Өзүн жазалоо

Мындай адам кандайдыр бир психикалык травмалардан улам келип чыккан басынуу, уялуу, кысынуу, өзүнүн келбетин кабыл албоо, баркын билбөө, башкалардан өзүн кем сезүү, айтам дегенин убагында айта албай агрессиясы ичинде калуу деген сыяктуу сезимдерин басыш үчүн өзүн тамак берип жазалайт. Мисалы, адам “жебеш керек болчу бирок жедим” дейт да, кайрадан “ашыкча тамак жеп алдым” деп капаланып, кайгырып, “ичпейм жебейм” деп сөз берип, бирок баары бир аздан кийин башынан кайра башталат. Себеби ашыкча тамактанууга, анын кесепетине толуп кетүүгө алып келип жаткан “катып калган эмоциялар” чечилген жок.

Ашыкча салмактын сиз такыр ойлобогон психологиялык себептери бар. Алар кайсылар?

Ата-эненин дасторкону

Дагы бир себеп ата-эненин программасы.Эгерде үй-бүлөдө чоңдордун көңүлү балага майрамдарда же тамак учурунда гана бурулса анын мээсинин түпкүрүндө “сүйүү, көңүл буруу жана кубаныч тамак-аш менен гана берилет” деген сезим калыптанат. 

“Көп жесең сен-жакшы баласың, айай баласын” деген сөздөр дагы баланын мээсинде сиңип кала берет.  Ошентип чоңойгондо да “мен жакшымын-көп жесем мени жакшы көрүшөт” деген программа иштей берет.Адам эч качан жаман болгусу келбейт.

Тескери эмоциялар

Көп адамдар тескери эмоцияларды тамак-аш менен толуктаганды жакшы көрүшөт. Айрым энелер бала ыйласа эле анын эмне себептен ыйлаганын аныктабай туруп тамак бере беришет.Балким балага азыр тамак эмес, көңүл буруп, ойнотуу керектир. Бул дагы чүрпөңүздүн кийин ашыкча салмактан жапа чегишине алып келет.

Ашыкча салмактын сиз такыр ойлобогон психологиялык себептери бар. Алар кайсылар?

Сексуалдык ыдык көрүү

Ошондой эле ашыкча салмак адамдын же болбосо ал үчүн эң жакын адамынын сексуалдык жактан травма алуусунан келип чыгышы мүмкүн.Эгерде аял же анын жакындары сексуалдык тийишүүлөргө же зомбулуктарга дуушар болсо психиканын бейаң сезими кайрадан мындай үрөй учурган тажрыйбага кабылгысы келбей аялзатын жагымсыз же тагыраагы “былтыйган, кебетеси анча жагымдуу эмес, толук кылып” салат. Мындай тийишүүлөргө кабылган чоң энелер же энелер кыздары менен небере кыздарына бул коркунучту генетикалык жактан өткөрүп, аны менен кошко ашыкча салмакты дагы өткөрүп бериши ыктымал.

Ашыкча салмактын сиз такыр ойлобогон психологиялык себептери бар. Алар кайсылар?

Коргоочу калган

Толук аялдар үчүн бейаң сезимдин дагы бир коркунучу бар. Эгерде аял эркек менен болгон мамиледен же күйөөгө чыгуудан корксо толуктук коргоочу калкан болушу ыктымал. Мисалы “эркектер жаман”, “балдар бузулган кыздар менен достошот” деген  ата-эненин программалары кыздарды толуктукка алып келиши мүмкүн.Себеби толугураак кыздарды жигиттер анча карабайт.  

Кызганыч

Көп жылдан бери никеден турган жуптарда ашыкча салмак жубайы өзгөчө кызганчаак болгон учурда келип чыгышы ыктымал. Тынчыраак жашайын деген адам толуп кетет.Бул учурд анын бейаң сезими “мени мына эч ким карабайт” деп жубайына далилдеп жаткан болот.

Психогенетикалык ачарчылык

Психогенеткалык жактан ата-бабалары согушту жана ачарчылыкты көрүп калган болсо адамда ачка калуудан корккон программа да иштеши мүмкүн.Бул да бейаң сезимдеги өтө күчтүү программа болуп саналат. Заман өзгөрдү, согуш, ачарчылык жок, эртеңки күндөн кооптонуу жок бирок генетикадан келе жаткан сезим иштей берет. Мисалы, азыр “коронавируста иммуниттети тамак жеп көтөрүү” керек деген адамдар карантинден кийин салмак кошуп көчөгө чыга келишти.

Бала кезде алган травма

Ашыкча салмактын дагы бир себеби адам бала кезде көп тескери эмоцияларга кабылган болсо да келип чыгат. Мисал баланы уруп сабашкан же кысым көрсөтүшкөн, аны бей-аң сезими да, акылы да унута албайт. Мындай оор сезимдерди мокотуш үчүн адам ашыкча тамак-аш жейт, анын кесептетинен ашыкча салмак келип чыгат.

Ашыкча салмактын сиз такыр ойлобогон психологиялык себептери бар. Алар кайсылар?

Көлөмүнө жараша

Толуктуктун дагы бир сиз билбеген себеби коргоочу кызматты аткаргандыгында болушу мүмкүн. Маселен айланаңызда сиз жаман көргөн бир адам болсо, аны менен душмандашып жүрсөңүз, ашыкча май байлап көлөмүңүздү көбөйтөсүз.Жаныбарлар дүйнөсүндөгү мыйзам бул жерде иштейт, канчалык чоң, күчтүү, алибеттүү болсоңуз душманыңызды жеңесиз. Чет өлкөгө, чоочун адамдардын арасына баргандар дагы адам адегенде салмак кошуусу мүмкүн.

Ашыкча сезимталдык

Дагы бир сиз билбеген, «маска тагынган» ашыкча салмак адамдын өзгөчө сезимталдыгы, жаман сөздү көтөрө албаганы болушу толук мүмкүн.

Ашыкча салмактын сиз такыр ойлобогон психологиялык себептери бар. Алар кайсылар?

Жыйынтык

Мунун баары ашыкча салмактын психологиялык себептеринин бир бөлүгү гана. Ар бир адам индивидуалдуу болгондой эле, ашыкча салмактын ар бир учурунун өзгөчө психологиялык жагдайы болот. Кээде бир эле адамда бир нече программа да иштеп жатышы  толук ыктымал.

Диета менен фитнес ашыкча салмактын себептери менен эмес, белгилери-симптомдору менен күрөшүп жатышы мүмкүн. Ошондуктан баарын ойлонуп, баш-аягы түгөнбөгөн ашыкча салмак менен “ыйык” күрөштө психологиялык себептерди да эске алып, аны жоюуга аракет кылыңыз.

Балким ошондо гана чыныгы бутага мелжеп, баш айланткан жеңишке жетесиз. Жашооңузду ар дайым ийгиликтер коштосун!

Гүлнур Жумалиева


Яндекс.Метрика