Тест: сиз мырзалар үчүн канчалык жагымдуу айымсыз?
ТЕСТ

Тест: сиз мырзалар үчүн канчалык жагымдуу айымсыз?

Аязаты аны мырзалар кандай айым катары көрө турганына дайыма кызыкдар болуп келет.Сиздин мүнөзүңүз кандай? Алсыз жана күчтүү жактарыңыз кайсы? Мамилелерде өзүңүздү кандай алып жүрөсүз?

Бул суроолордун баарына жооп тапкыңыз келсе бир аз убакыт бөлүп төмөнкү тесттен өтүңүз. Ал үчүн 8 ачык түстүү принтти же кыргызча айтканда оюуну тандап алып, алардын ичинен кайсынысы сизге көбүрөөк жакканын эстеп алыңыз.

Тест: сиз мырзалар үчүн канчалык жагымдуу айымсыз?

Эми сиздин жагымдуулугуңуздун башкы сырын билүүчү мезгил келди.

Эгерде сиз №1 оюуну тандап алсаңыз анда:

Шашма-айым

Сиз ээ-жаа бербеген мүнөздөгү айымсыз жана ойлонбостон туруп шарт бир нерселерди жазай коесуз. Сиз чоңойсоңуз да жан дүйнөңүз бала боюнча калган. Дайыма көтөрүңкү маанайда жүргөндү жактырасыз жана мырзалардын тамашасына чын жүрөктөн күлүп жооп бересиз. Сиздин күлүмсүрөгөн жана бакыттын учкундары чачырап турган көздөрүңүз эркектерди өзүнө тартат. Алар сизди бир көргөндө эле жактырып калышат.Сиздин жеңил, баладай бое мүнөзүңүз мырзаларга жагат.Анткени сиз  өзүңүздүн да,башкалардын да жашоосун татаалдатпаган айымсыз. Сиз менен ар бир иш жеңил кеткендиктер эркектер сиздин ушул сапатыңызга тартылат.

Эгерде сиз №2 оюуну тандап алсаңыз анда:

Кожойке-айым

Сиз камкор энесиз. Сиздин түгөйүңүз кандай гана жолдуу адам! Анткени сиз аны камкордугуңузга жана көңүл борборуна аласыз.Эң эле кызыгы сиз үчүн бул эч кандай оорчулук эмес. Мунун баарын сиз чоң ынтызарлык менен жасайсыз. Даамдуу тамак жасап жолдошуңузду кубантып, баарын жай-жайына коюп, коломтодо ыңгайлуулук түзө билесиз.

Анан калса жакшы угуучусусуз, бул эркектер үчүн абдан маанилүү. Сизден дайыма колдоо тапса болот. Сиз дайыма жардам бересиз, иш менен жардам бере албасаңыз кеңешиңизди аябайсыз. Көпчүлүк эркектер дал ушундай айымдарды жактырышат.Мындай айымдар идеалдуу аял гана болбостон, балдарга мээримдүү эне дагы болот.

Эгерде сиз №3 оюуну тандап алсаңыз анда:

Өзгөчөлүгү бар-айым

Сиз-өзгөчөсүз. Сизде башкалардан айырмаланган бир нерсе бар жана дайыма топ элдин арасынан бөлүнүп тура аласыз. Мындай өзгөчө жандар  өзгөлөрдү таңдандыра билишет. Сиздин стандарттуу эмес идеяларыңыз жана пландарыңыз кимди болбосун суктандырышы  мүмкүн. Эркектер сиз менен өткөргөн убакытты баалайт жана жактырат. Ар бир күнү сиз өзгөчө бир нерселерди тартуулап турасыз. Сиз ар дайым бир жоруктун үстүнөн чыккан айымсыз.

Тест: сиз мырзалар үчүн канчалык жагымдуу айымсыз?

Эгерде сиз №4 оюуну тандап алсаңыз анда:

Бекем аскадай-айым

Сиз өз кадырыңызды билген айымсыз. Курч окуяларды көксөгөн эркектер дал сизди тандап алат.Сиздин сүйүүңүзгө ээ болуш үчүн алар аракет кылышат. Сиздин жагымдуулугуңуз ошол эле маалда салкын мамилеңиз мырзалардын эсин эки кылып, сиздин жүрөгүңүздү ээлеш үчүн бар күчүн салышат. Бирок баардык эле мырзалар сиз менен мамиле түзгүлөрү да келбеши мүмкүн. Өзүн  аябай жакшы көрүп бой көтөргөн эркектер жана кагып салбасын дегендер сизге бир кадам дагы жакын келбейт.

Тест: сиз мырзалар үчүн канчалык жагымдуу айымсыз?

Эгерде сиз №5 оюуну тандап алсаңыз анда:

Жөнөкөй-айым

Сизге эркектин чөнтөгү маанилүү эмес. Сиз үчүн эч кандай брилиттант, алтын шөкөттөр, үй, унаа, квартира эмес, сүйүү-маанилүү. Мунун баарын материалдык деп эсептеп,бийик сезимдерге ишенесиз. Сиз жөнөкөйлүгүңуз менен мырзалардын жүрөгүн арбап аласыз жана алар сиз менен тез эле мамиле курууга аракет кылышат.Сизди баалап, сүйүп, камкор мамиле жасаганга аракет кылышат.

Эгерде сиз №6 оюуну тандап алсаңыз анда:

Романтикалуу айым

Сиз бир көргөндө сүйүү болоруна ишенесиз, анткени сизде ошончолук аялдык жагымдуулук бар жана мырзаларды бир көргөндө тартып ала турган өзгөчөлүккө ээсиз. Сиздин назик үнүңүз, тыкан кийимиңиз сонун образ түзөт. Сизди камкордукка алганда өзүңүздү бактылуу сезесиз.

Сиз жашоодо оптимист айымсыз. Жагдай кандай болбосун анын позитивдүу учурларын таба билесиз. Табиятынан эле агрессивдүүлүк сизде жок. Ар бир романтикалык учурга кубанып көңүл бурууну, сүйүүнү күтөсүз, бирок эркектерди ушундай нерселерди берүүгө эч качан мажбурлабайсыз.

Эгерде сиз №7 оюуну тандап алсаңыз анда:

Бекем-айым

Сиз жашооңузда эмнени каалап жатканыңызды так билген айымсыз. Сиздин туруктуулугуңуз, акылыңыз жана максатка умтулууңуз жашоонун кайсы гана тармагында болбосун ийгиликке жетүүгө көмөк берет. Сиздин так планыңыз бар жана сиз андан тайбайсыз. Анткени бул турмушта эмнени каалап жатканыңызды так билесиз. Сиз темир аялсыз жана эркектин мойнуна жүк артпай жүргөнгө көнгөнсүз. Чарчап, ыйлап, жашоого наалуу-бул сиз үчүн эмес.

Көпчүлүк ээрчиме эркектер дал сиздей айымды тандайт. Мындай айымдар туруктуу, жашоосун көзөмөлгө алып турат. Албетте ар дайым темир айымдын айтканын эки этпей, анын пикири мнеен эсептешип жашаганга туура келет.

Тест: сиз мырзалар үчүн канчалык жагымдуу айымсыз?

Эгерде сиз №8 оюуну тандап алсаңыз анда:

Назик-айым

Сиз чыныгы аялзатысыз, сексуалдуу жана жагымдуусуз, сиздин келбетиңиз мырзадарды магниттей тартып турат. Бул сиздин башкы курал. Сиз муну жакшы билесиз жана өзүңүздүн жагымдуулугуңузду жеке максаттарга колдоносуз. Сиздин сезимтал жана назик натураңыздан улам тартылып келип мамилелерге демилгеси болгусу келген мырзалар көп.

Бирок алгачкы кадамды жасарда ар нерседен күмөн санай бересиз. Жети өлчөп бир кескенди жакшы көрөсүз жана эркектерди кантип бактылуу кылууну билесиз. Алар дайыма сиз менен сыймыктана билишет.

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика