Депрессия болуп жатканыңызды кантип билүүгө болот?
ПСИХОЛОГИЯ

Депрессия болуп жатканыңызды кантип билүүгө болот?

Депрессия болуп жатканыңызды кантип билүүгө болот? Анын себептери менен белгилери кандай? Депрессия деген эмне? Бул суроолорго beles.kg жооп берет.

Коронавирустан улам карантин маалында жана андан чыгуу баскычтарында депрессия болгон адамдар көбөйдү. Көпчүлүк адамдар депрессия болуп жатканын билбейт, билсе да анын кесепеттери тууралуу ойлоно бербейт.

Депрессия – биринчи кезекте эмоция менен байланышкан психикалык бузуулуулардын бүтүндөй бир комплекси. Депрессия болгон маалда адам тынчы кетет, өзүн кандайдыр бир нерсеге күнөөлүү сезет, кайгырат, капаланат, көңүлү кулазып, апатия болот. Ал жан дүйнөсүндө ушунчалык оордук болуп жатканын сезет жана көкүрөгү сыгылат, өзүнө болгон ишеними төмөндөйт, аргасы кетип, басынган, чүнчүгөн, жол таппай жана үмүтсүз болгон абалда болот.     .

Ошондой эле депрессия маалында ой жүгүртүүнүн бузулушу келип чыгат. Депрессия болгон адам көңүл топтоого байланышкан акыл ишмердигин аткарууга кыйын болот.Мындай абалдагы адамдын чечим кабыл алуусу кыйынчылык жаратат. Анан калса башкалар тууралуу, эл тууралуу, өзү тууралуу айлана-чөйрө тууралуу жаман ойлорго жетеленет.

Депрессия болгон маалда адам физиологиялык жактан кандай абалда болот?

Биринчиден уйку бузулат, сексуалдык талаптардын бузулушу келип чыгат, ичегилердин иштөө функциясы бузулат тактап айтканда ич катуу же ич өтүү көрүнүштөрү байкалышы мүмкүн.        

Адамдын жалпы энергетикалык тонусу ылдыйлагандыктан, ал тез эле чарчап, чаалыгат.   

Депрессия болгон адам өзүн кандай алып жүрөт?

Адамдардан качат, пассивдүү болот, көңүл-ачуудан, оюн-зооктон баш тартат. Маанайын жакшыртыш үчүн алкоголь жана башка заттарды, тамак-ашты ашыкча колдоно башташы мүмкүн.    

Депрессияга эмне себеп болот?

Депрессияга эмнелер себеп болот? Депрессия тез өтүп кетүүчү жана жумалап, айлап  узак аралыкка созулган депрессия болуп бөлүнөт. Анын келип чыгышына эмнелер себеп болот?

Эмоционалдык маселелер

Мындай учурда депрессия бул биринчи кезекте “өзүм менен өзүм жакшы эмесмин” деген маанини берет. Адам өзүн түшүнбөй, өзүнүн кыжаалаттануусун четке кагып, өзүнүн сезимдерин четке кагып, өзүн сүйүүнү, урматтоону токтотот. Кээде ал айланасындагыларга жоопкерчиликтин жүктөп салат.

Депрессия болууга түртө турган сезимдер:

Өзүн сынга алуу;

Уялуу;

Өзүнүн  жасаган иштери менен кылык-жоруктарына жоопкерчиликти алууну алып салуу;

Жашоосун башкаларга жүктөө;

Жеке өзүнүн пикири жоктугу;

Башкаларды зомбулук жана каардануу менен башкарууга аракет кылуу;

Депрессия болуп жатканыңызды кантип билүүгө болот?

Физиологиялык абалдан улам келип чыккан депрессия

Мындай абалда пайда болуучу депрессия өнөкөт ооруларда, иммундук система алсызданганда, анын ичинде мезгилдик суук тийүү, сасык тумоо сыяктуу ооруларда, туура эмес тамактанууда жана айлана-чөйрөдө кайсы бир заттын токсикалык же уулануу таасирине кабылганда келип чыгат.Окумуштуулар ичегинин микрофлорасынын мыкты болушу биздин эмоционалдык абалыбызга таасир бере турганын, эгер ал начар болсо хандранын өөрчүп кетишине жана оор психикалык бузулууларга алып келе турганын далилдешкен. Мындан тышкары витаминдер менен микроэлементтердин жетишпегени, күн нурунун жетишсиздиги дагы депрессияга себеп болушу ыктымал.

Психологиялык травма

Трагедиялуу окуялардын фонунда же болбосо бала кезде кабылып айыкпай калган психологиялык травмалардын кесепети дагы депрессияга дуушар кылат.

Эң эле оор жана көп учурда адамды депрессияга түртө турган травмалар төмөнкүлөр болуп саналат:   

Жакын адамын жоготуу;

Жумушун жоготуу;

Жер титирөө, суу ташкыны, өрт сыяктуу табият кырсыктары жана жол кырсыктарына кабылуу;

Жубайы менен ажырашуу же болбосо экөөнүн ортосундагы начар жагдайлар;

Ата-эне менен болгон конфликт;

Бала кезде катаал мамилеге, уруп-согууга, кысымга дуушар болуу;

Зордуктоо;

Сабап кетүү  же болбосо тоноп кетүү;

Согуш.

Эгерде мындай оор жагдайларда адамга убагында туура көмөк берилбесе, ал жалгыз өзү жан дүйнө травмаларынын кесептинен арыла албайт, бул психиканы терең кризиске алып келип, адам суидцидге барышы дагы мүмкүн.

Депрессия болуп жатканыңызды кантип билүүгө болот?

Изоляция

Жалгыздык дагы депрессияга түртүшү мүмкүн. Достордон жакындардан алыстоо, өзүңдөй ойлонгон адамдар менен баарлашуудан качуу бул өзүбүздү сүйбөгөнүбүздүн бир белгиси.  . Адам социалдык жандык болгону үчүн анын психологиялык ыңгайлуулугу үчүн башка адамдар менен баарлашуусу зарыл.Жакын “адамдар менен жүрүп деле өзүн жалгыз сезсечи?” деген суроо пайда болот. Андай учурда жагдайды өзгөртүп, жакындардын колдоосун алганды үйрөнүү керек.

Эмне кылуу керек?

Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюмунун эксперттери 2020-жылы бүткүл адамзаттын ар бир төртүнчүсү депрессиялык бузуулуулардын  курмандыгы болушу ыктымалдыгын эскертүүдө.Өспүрүмдөрдүн 40 пайызында депрессиянын белгилери байкалган.Улгайган адамдардын 44 пайызы депрессия абалында экени аныкталды. Жыл сайын 850 000 миң адам депрессиядан келип чыккан суицидден улам көз жумат.  

Эгерде сиз өзүңүздөн жогоруда аталган белгилерди байкасаңыз анда андан арылууга, дарыланууга, жакындарыңыздын колдоосун алууга аракет кылыңыз. Күчүңүз жетпей баратса атайын психолог адистерге кайрылыңыз.

Жашооңузду өзгөртүп, бактылуу болуңуз!

Гүлнур Жумалиева

Депрессия болуп жатканыңызды кантип билүүгө болот?

Яндекс.Метрика