Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (2-бөлүк)
ПСИХОЛОГИЯ

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (2-бөлүк)

Байыркы жазууларда адам баласы өмүр бою жаш курактын 12 баскычынан өтө турганы тууралуу жазылган. Аны карап туруп тигил же бул куракта адам кандай жалпысынан маселелер менен бет келише турганы тууралуу так аныктаса болот дешет. Ар бир адам анык бир жаш куракта белгилүү бир программаларды аткарышы зарыл.

Адам жашоосунда чоң бурулуштар менен өзгөрүштөргө кабыла турган жаш курактар: төрөлгөн жыл, 28 жаш, 56 жаш жана 84 жаш деп коюшат экен. Адамзат курагын 7 жылдык цикл менен 12 баскычка бөлүшкөн. beles.kg төмөндө сиздерге бул баскычтардын өзгөчөлүктөрү тууралуу сунуштайт. 

35 жаштан 42 жашка чейинки курак

Бул мезгилге чейин чогулткан энергияныны көп бөлүгүн адам корото турган кез. Бул курак кесипкөй жактан өсүштүн, карьераны өнүктүрүүнүн, эсеп-кысап менен никеге туруунун эң ыңгайлуу курагы. Ар түрдүү маселелерди чечүүдө өтө тактыкка үйрөнүү керек.

37 жаштан 38 жашка чейин социум тарабынан катуу сыноолор болчу учур деп да коюшат. Бул адам жашоосунун мыйзамдарын туура сактап келе жатканыңызды текшерүүчү алгачкы сынак жана экзамен.

Сынактан туура өтпөсөңүз сизди ар кандай жазалар күтүшү мүмкүн, мисалы оор оорулар, жумуштан бошоп калуу, досторуңуздун саткындыгы. Бул мезгилде ден соолукка, жеп ичип жаткан тамак-ашка тыкыр көңүл буруу кажет. Анткени адам организминде шлактар топтолуп калат деп коюшат. Бул куракта сараңдык, текебердик, сезимдерди баалабоо деген сыяктуу терс мүнөздөр өрчүп кетиши мүмкүн.

42 жашта адам жашоосундагы эң орчундуу цикл бүтөт деп коюшат.  Ошондуктан бул курактан баштап адам баарын жакшы жагына өзгөртүп, кайрадан баштагысы келген каалоо күч алат. Көбү жаңы үй-бүлө күтүп, жумушун алмаштырып, жашаган жерин алмаштыргысы келет. Өз жолун тапкысы келүү, руханий жол издөө, жүрөгүн тынчтандыруучу агымдарды, диний багыттарды издөө дал ушул куракка туура келет.

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (2-бөлүк)

42 жаштан 49 жашка чейинки курак

Бул куракта адам баардыгын туура жасап келген болсо, анын жеке жашоосунда да, жан дүйнөсүндө жа социалдык турмушунда дагы гармония келет. Чыгармачылык менен иштей турган кезге эми жеткен болосуз. Буга чейинки жылдарда топтолгон тажрыйба анализделип, системага салынып, ишке ашуусун күтөт. Адам башкалар менен жакшы мамиле куруп, этиканын мыйзамдарын сактап, иши менен сезимдеринде бекем гармониялуу байланышты чыңдай баштайт.

Бул куракта социалдык байланыштарды бекемдеп, жаңы бизнес ачып же ишке орношуп, уюштургуч талантыңызды көрсөтүп, коомго ачыла турган курак. Талантты өркүндөтүүчү эң сонун мезгил.

Бул жети жыл кайрадан сүйүүнү тааныганга мүмкүндүк берет. Турмуштун баардык кризисинен өткөн жубайлар 45 жашта мамилелери жакшырып бири-бирин айыптоону азайтып сезимдери жаңыланат. Бирок айрымдар тескерисинче орто курактын кризисин башынан өткөрүшүп, баарын жаңы түзүүнү,  айрыкча эркектер жаңы үй-бүлө курууну көздөшөт. Себеби бул убакта алардын көбү социалдык статуска ээ болуп, материалдык жактан байлыкка жетишип калган болот.

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (2-бөлүк)

49 жаштан 55 жашка чейинки курак

Ар бир адамдын жашоосундагы эң кыйын кезең, бул айрыкча аялдар үчүн кыйыныраак болот. «50 жылда эл жаңы жүз жылда толук жер жаңы» деп коюшат.   Айлана жаңы нукка, коом заманбап  көз карашка, техникага, модага жана стилге өткөндүктөн адам буга чейин калыптанган эски көз караштардан арылып, өзүн сындыра турган кезге такалат.  Сындыруу абдан кыйын жана оор өтөт. Физикалык жактан алганда ар түрдүү оорулар, анын ичинде онкологиялык оорулар пайда болушу ыктымал. Адам бир эле маалда өтө күчтүү ошол эле маалда кыйратуучудай энергияга ээ болот. Бул учурда көп адамдар бир ишти жасарда “бар болом же жок болом” дегендей ва-банк кадамдарга барышы мүмкүн. Ошондуктан ал өзүнүн эмоциясын көзөмөлдөгөнү туура.

Мындай адамга кабылбайын десеңиз  коом менен байланышты бекемдеп, досторуңуз менен көп баарлашып, жамаат менен болгонго умтулуңуз. Ошол эле маалда бул куракта гениалдуу идеялар ойго келет. Өмүр дененин жаштыгын алганы менен жан дүйнөгө экинчи ирет жаштык берет. Байыркы аалым Платон аталган куракта адамдын руханий жана чыгармачыл өнүгүүсүнүн кульминациясы болот деп эсептеген.

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (2-бөлүк)

56 жаштан 63 жашка чейинки курак

Адамда чындап эле философия менен динге умтулуу башталат. Көп адамдар билим алгысы келип бир кездерде ала албай калган илимдерин үйрөнүүгө аракеттенет. Бир эле учурда бир нече илимди, ар кандай философиялык агымдарды таанып-билүүгө болгон каалоо күчөйт.  Бирок көп учурда анын баары ишке аша бербейт. Көптү көздөгөн адам эч нерсеси жок калышы толук ыктымал. Ошондуктан бир эле багытты тандап аны тереңдеп үйрөнүү кажет болот.

56 жашында адам социумдун дагы бир текшерүүсүнө кабылат. Бул жерде 37 жана 38 жашта кетирген каталар кайталанышы мүмкүн.

Бул баскычка чейинки жолду туура басып өткөн адамдар коомдо жогорку кызматтарды ээлейт, баарына колу жетип, байып, бала-чакасы үйлөнүп, канат-бутагы жайылып үй-бүлөдө, эл арасында кадыр-баркы артат.

63 жаштан 70 жашка чейинки курак

Акыркы мүмкүндүктөрдүн эшиктери ачылат. Ал өзүнүн акыркы тандоосун жасап, жашоо турмушун түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн. Бул куракта адам  өзүнүн жашоосунда акылмандыкка жетип, ар бир болуп жаткан көрүнүшкө так аныктама берип жакындары менен туура мамилде кылганга өткөнү дурус.

70 жаштан 77 жашка чейинки курак

Адамдын турмушту таанып билген, көз карашы толук калыптанган байкоочу катары караган кези. Өмүр бою адам өзүнүн жашоосун, айлана-чөйрөгө болгон мамилесин, приоритеттерин өзгөртүп жүрүп отурат.

Бала кезде биздин “мен” дегенибиз көп. Жаш кезде “мен жана дүйнө” дейбиз. Улгайган куракта “дүйнө жана мен” дейбиз. Ал эми 70 жаштан 77 жашка чейинки куракта жөн гана “дүйнө” деп жашап калабыз. Эгерде бул куракка чейин адам руханий жактан кайра жаралууну башынан өткөрбөсө, акылмандыкка жетишпесе алжып, айланасын тажаткан жанга айланат.

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (2-бөлүк)

77 жаштан 84 жашка чейинки курак 

Адамдын жашоосундагы цикл аяктайт. Туура баскычтардан өткөн адам үчүн дүйнөнүн баары, мамилелердин баары түшүнүктүү жана ачык болот, ал жаратылыш, аалам, менен бир бүтүн экенин сезет.

Чыныгы руханий гармония келет. Адам күнүмдүк жашоосунан, мисалы жөнөкөй эле аткан таңдан, баткан күндөн ырахат табат. 

Эгерде сиз чыныгы жашоону жашап  тагдыр тартуулаган мүмкүндүктөрдү толук пайдаланып татыктуу өмүр сүргөн болсоңуз бул куракта адам өмүрүнүн өзгөчө бейпил, мелүүн курагы башталат. 

Америкалык психотерапевт Карл Витакер аталган курак тууралуу мындай дейт:

«Бернард Шоу “жаштык-бул өмүрдүн эң эле сонун курагы экен ошондуктан аны жаш кезде ыгы жок коротуу уят” деген. Мен бул жерге өзүмдүн цитатамды кошот элем: “Улгайган кез ушунчалык сонун кез экен аны ушунчалык көпкө күттүргөн уят!”

Гүлнур Жумалиева, психолог

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (2-бөлүк)

Яндекс.Метрика