Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (1-бөлүк)
ПСИХОЛОГИЯ

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (1-бөлүк)

Биздин өмүр-узун жол. Жаш кезиңизде ал түгөнбөөчүдөй туюлат.Жаш улгайган сайын убакыт дагы кыскара берет. Артка кылчайып өмүрдү бекер жашап өткөн жокмун деген сыймыктуу куракка келиш үчүн адам баласы төрөлгөндө өмүрүнүн акыркы демине чейинки өнүгүү баскычтарынан өтүшү керек.

Байыркы жазууларда адам баласы өмүр бою жаш курактын 12 баскычынан өтө турганы тууралуу жазылган. Аны карап туруп тигил же бул куракта адам жалпысынан кандай маселелер менен бет келише турганы тууралуу так аныктаса болот дешет. Ар бир адам анык бир жаш куракта белгилүү бир программаларды аткарышы зарыл.

Адам жашоосунда чоң бурулуштар менен өзгөрүштөргө кабыла турган жаш курактар: төрөлгөн жыл, 28 жаш, 56 жаш жана 84 жаш деп коюшат экен. Адамзат курагын 7 жылдык цикл менен 12 баскычка бөлүшкөн. beles.kg төмөндө сиздерге бул баскычтардын өзгөчөлүктөрү тууралуу сунуштайт. 

Жаңы төрөлгөндөн баштап 7 жашка чейинки курак 

Наристеде абдан чоң энергия бар, жаш балдар бир ордуна отура алышпайт, дүйнө таанымы, кызыкдар болуусу көп, айлана тууралуу билгиси келет. Дүйнөдө аларды эч ким токтото албагандай шашылып, бүт баарына кызыгып турушат.

Бул маалда балага тыюу салууга болбойт, тескерисинче ага эркиндик берүү кажет, анткени ал өзү тууралуу, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билиши керек. Бул курактын урааны “Мен каалайм!” болгондуктан ата-энелер балада өзүмчүлдүк менен таш боордук сыяктуу сапаттардын өнүгүп кетишине жол бербеши лаазым. Баланын жаныбарларды жана башка балдарды уруп-сабоосуна да жол берүүгө болбойт.

Жети жашка чейинки курак адам өмүрүндө абдан маанилүү.Психологдор бул куракта калыптанган баланын дүйнө таанымы анын өмүр бою жашай турган жашоосуна чоң таасир берет деп эсептешет. Бул курактын өзгөчөлүгү ушундай.

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (1-бөлүк)

7 жаштан 14 жашка чейинки курак

Бала бул куракта өзүнүн “мен” деген өзгөчөлүгүн толугу менен таанып, айлана-чөйрөдөн өзүн бөлүп чыгат.Жүрөгүнүн сезимталдыгына акылдын логикасы кошулат, алгач ирет мектепке барып жаңы дүйнөгө кадам таштайт.

Аталган куракта балага айлана-чөйрө, үй-бүлөдагы мамилелер, мектеп, интернет, телевидение абдан зор таасир берет. Бул куракта балада материалдык дүйнөгө кызыгуу пайда болуп калыптанат. Ата-энелер балдарга эмоциясын көзөмөлдөөнү, эс тутумун жогорулатууну үйрөтүп тарбиялаганы туура. Аларды өзүнүн курбуларынын чектегенге болбойт.Бул куракта балага билим берүүгө эң ыңгайлуу кез.

15 жаштан 21 жашка чейинки курак

Мындай  куракта интеллект менен өз алдынча ой жүгүртүүнү өнүктүрүү кажет. 15-16 жашта адам социумга аралашккандыктан анын мыйзамдары менен эрежелерин сактоону үйрөнгөнү маанилүү. Тыкан болуусу, жоопкерчиликти үйрөнө билүүсү жаш адам үчүн абдан зор мааниге ээ. Мүмкүн болсо башка өлкөлөрдүн маданиятын таанууга, тил үйрөнүүгө ыңгайлуу, түрдүү маалыматтарды алууга абдан ылайыктуу курак.

Ошол эле маалда айрымдарда өспүрүм курактын кризиси келип чыгат.Өзүнүн масштабы, драматизми, окуяга аралашкан каармандары менен өспүрүм үчүн бул курак чыныгы трагедияга айлангандай болот.Тим эле Шекспир бери жакта калат! Бир жагынан катуу реакция, акылга сыйбаган жүрүм-турум, депрессия, романтикалык сезимдер,  алгачкы сүйүү, өзүнө, келбетине ишенбөөчүлүк же тескерисинче өзү тууралуу өтө бийик ойлоо, комплекстер-мунун баары  али тажрыйбасы жок, жан дүйнөсү бае өспүрүмдүн дүйнө таанымын каптап келет.

Бул куракта ата-эне балага дайыма колдоо көрсөткөнү жөндүү.

Өмүрүңүздөгү эң бактылуу жана сыноо жылдары кайсы экенин билип алыңыз! (1-бөлүк)

21 жаштан 28 жашка чейинки курак

Бул  жети жыл адам жашоосундагы өтө маанилүү баскыч болуп саналат.Жаш адам үйлөнөт, добуш берет, кесип тандайт, айлык алат алгач ирет ата-эне статусуна ээ болот. Бир четинен мына сага көптөн күткөн эркиндик!

Бирок бул учурда жаш адамга коом өзүнүн болгон жүзүн көрсөтөт, бет пардасын ачат, өзүнүн адилетсиздигин же адилдигин, ичинен “ирип чириген” сапаттарын же көсөмдүгүн, улуу муундардын акылсыздыгы же тескерисинче акылмандыгын эч бир жаап жашырбай алдыга чыгарат. Ошодуктан бул курактагы жаштарда эскини өзгөртүп, жаңыны алмаштыргысы келген революциячыл дух күчтүү болот.

Циклдин башкы максаты-улуу муундардын тажырыйбасына негизделүү менен өзүнүн жеке баалуулуктарын калыптандыруучу, ички дүйнөнү байытуучу курак болуп саналат.Ички талдоону өнүктүрүү менен адам көп жаман сапаттарынан, ачкөздүктөн кутулушу керек болот.Эң эле кыйын курак 25–26 жашта келет. Бул учурда адамда баарын таштап кайрадан баштагысы келген каалоо күч ала баштайт.Мындай учурда туура тандоо жасаш керек.

Анткени көпчүлук жаштар үйлөнүп, үй-бүлө күтүп калышкан болот. 25-26 жаш балалуу болууга эң эле жемиштүү  мезгил болуп саналат.

28 жаштан 35 жашка чейинки курак

Айрымдарда 30 жашка чыккандан кийин жашоо токтоп калчудай сезилет. “Отузга чыктым карыдым” деген сөздөрдү көп угууга болот Бул куракта айрым жаштарда авантюризмге, алкоголизмге, наркоманияга ыктоо пайда болот, анткени адам ушунчалык күч-кубатка толуп энергиясын кайда жумшарын билбей турган кез ушул. Жаман азгырыктардан кутулуш үчүн адам динди, философияны окуп, дүйнө таанымын кеңейтип, китепке жакын болуп, нравалык сапаттарын арттыруусу кажет.Туура илимди тандап алган да жакшы.Эң эле кыйын курак 32 жаш болуп саналат. 28 жаштан баштап адамда үй-бүлөлүк маселелер акындап экинчи планга жылып, алдыңк сапка анын жеке эгосу чыгат.

Адам жамаат арасында аны таанышса, баалашса, байкашса деп күтөт, көздөйт, өзүнө көңүл бурдурууга суусайт. 29 жашынан баштап алгачкы жолу басып өткөн өмүр жолуна кылчайып анын жыйынтыгын чыгарууга аракет кыла баштайт.

32 жаш аялдар үчүн дагы эң кыйын мезгил. Алардын сезиминде бир катар өзгөрүүлөр болуп, жеке мамилелерин кайрадан карап чыгууга аракет кыла баштайт. Ошондуктан бул куракта абдан көп ажырашуулар катталат же болбосо жаңы сүйүү романдары жанданат. Бирок жашооңузду талдап көрүп, баарын таштап салып жаңыдан баштагыңыз келип жатса жети өлчөп бир кесип ойлонгонуңуз жакшы. Жаңы сезимдер болгону бир жылдай оттой жанышы мүмкүн андан кийин кандай кыларыңызды да элестетип коюңуз.

(Уландысы бар)

Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика