Эмне үчүн эркектер аялынан кетип калат?
ҮЙ-БҮЛӨ

Эмне үчүн эркектер аялынан кетип калат?

Үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктин себептери ар түрдүү болсо да, көпчүлүк үй-бүлөдө куттуу коломтонун ээси аялзаты экени талашсыз жана аял гана бекем үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй кармап турат.

Эркектер аларды күтүп, сүйүп, түшүнүп, баалап жана урматтаган жерге кубануу менен кайтып келе турганы жашыруун эмес. Бирок айрым айымдар үй-бүлөдөгү маселени акыркы учурга чейин көрбөй, жолдошуна айып тагышат. Албетте көпчүлүк ажырашууларда күнөө эки тараптан тең кетет, бирок бүгүн биз жакшы турган эркекти деле жаман абалга алып келе турган айрым бир аялдардын кемчиликтери тууралуу сөз кылмакчыбыз. Психологдун кеңешине келген айымдардын төмөнкү каталарын сиз да эске ала жүрүңүз.

№1 ката — аялдын “көзү ачык” боло бергени, баарын биле берген аял боло бергени эркекти жадатат. Мисалы, “сага айттым го, андай кылбасаң мындай болбойт эле”, “досторуң менден артык болуп кеттиби?”, “баары бир сенин колуңдан келбейт болчу”, “ушуну көрмөксүң”,”качан эле сен жыргатчу элең” деп туура эмес сөздөрдү сүйлөй берүү эркектин таарынычына алып келет. Таарынычтар жыйылып отуруп, акыры эркек аны түшүнө билген аялды издей баштайт, ылайыгы келсе аялынан кетүү аракетин көрөт.

№2 ката-эркекти өзү каалагандай кылып тарбиялоого умтулуу.Эркекти кайра башынан өзү каалагандай тарбиялоого умтулган аял анын кетип калышына шарт түзөт. Мындай учурда эркек аялдан тарбия берген “апасын” гана  көрө баштайт. Албетте аял менен эненин орду эки бөлөк болору талашсыз.

№3 ката-эркекти толук бойдон башкарууга аракет кылуу. Бул ката жогорудагы катага эле окшош бирок аял бул жерде аны тарбиялап гана тим болбой, такыр унчуктурбай коюуга аракет кылат.Башкача айтканда, эркек кишини каалагандай калчоого аракет кылган айымдар да кездешет. Мындай айымдардын күйөөсү башка бир ылайыктуу аял болсо кетип калууну кыялданышат. 

№4 ката — эркектин төшөк мамилелерин сынга алуу. Албетте бул маселе аял менен эркектин ортосунда талкууланышы керек. Бирок өтө кылдат жана аяр мамиле сакталып, туура түшүндүрүү кажет.Анткени эркектин туура эмес мамилесин сынга алуу менен анын эң аяр жана талуу жерине тийген болосуз. Мындай “чабуулдардан” кийин эркектер же ичип кетет же “качып” кетет. Ошондуктан мамилелер күндө куруп турган имарат сыяктуу, ал эми аял да эркектер да аны кармап турган куруучулар сыяктуу болсо гана мамиле бекем болмокчу.

Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бекем ынтымак каалайбыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика