Кантип туура жардам бериш керек?
ПСИХОЛОГИЯ

Кантип туура жардам бериш керек?

Көпчүлүк адамдар башкаларга “акыркы күчүбүз калганча жардам берсек да, соңунда күнөөлүү болуп чыга келебиз” деп даттанышат. “Алар жакшылыкты билбей кетти” дешет. Психологдор мындай абалда калган адамдарга эмне деп жооп беришет? Адистер эгер башкага туура жардам бергиңиз келип жатса төмөнкү 3 эрежени сактоону сунушташат.

Алар:

1-эреже. Өзүңүздө ресурсболгондо гана жардамга кол сунуңуз!

Өзүңүздө чечилбеген маселе толтура болуп туруп башка бирөөгө көмөк бербеңиз, өзүңүз туура эмес кылган жагдайларда кеңеш бербеңиз! Бактысыз, чарчаган адам болуп туруп, башка бирөөлөрдү бактылуу кыла албайсыз.Өзүңүзгө күч-кубат, энергия топтоңуз жана ички жан дүйнөңүздү тынчтандырыңыз. Башкаларга өзүңүзгө жардам бербей туруп жардам берүү- аларды сыйлабастык болуп саналат!

2-эреже. Сизден сурабасаделе жардам бере бербеңиз!

Сурабаса дагы эле ашыкча камкордук кылуу да башкаларды сыйлабастык болуп саналат. Нотация окуу, өз эркин таңуулоо дагы башкаларга көмөк эмес, тескерсинче зыян алып келерин унутпаңыз!

3-эреже. Паретто принцибин кармаңыз!

Паретто принциби деген эмне? Анын негизинде көп иш-аракетти жардам сураган адам кылышы керек.Тактап айканда, иштин 20 пайызын сиз, 80 пайызын жардам сураган адам аткарат. Сизден жардам сурашканда баардыгын өз мойнуңузга илип албаңыз!

Эмнеге дебейсизби? Жардам сураган тарап жашоосун мындан ары жакшырткысы келсе сизге ырахмат айтат, андай кылгысы келбесе сизге таарынып, күнөөлөйт. “Адамга балык бергенден көрө, аны кармаганды үйрөткөн пайдалуу” деп коюшат.

Демек жардам берүүнүн мыйзамдары жөнөкөй эле. Күчкө салып жардам бербеңиз, “меники чын” деп ар кимге өзүңүздү пикириңизди таңуулабаңыз жана албетте адамдардын кезектеги жашоо сыноолорунда тиешелүү тажрыйба алып сынактан өтүшүнө тоскоол болбоңуз! Ошончолук эле жардам бергиңиз келип, күчүңүз ашып ташып жатса, чындап муктаж адамдарга, карылар үйүнө, балдар үйүнө, бейтап адамдарга көмөк бериңиз! Калган адамдар маселесин өздөрү чечкенге милдеттүү! Антпесе турмуш сабактарын ала албай калган адамдын жашоосунда кайрадан баардык маселелери эски пластинкадай кайталана берет. Ага тоскоолдук жаратпаңыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика