Белегине карап эркектин сизге мамилесин билиңиз?
МАМИЛЕЛЕР

Белегине карап эркектин сизге мамилесин билиңиз?

Психологиянын тили менен ар бир берген белек кайсы бир деңгээлде адамдын жан дүйнөсүнөн чыгат. Бүгүн биз күйөөңүз, жигитиңиз же жактырган адамыңыз берген белектер аркылуу алардын сизге карата мамилеси менен мүнөзүн чечмелеп беребиз. Анде эмесе кеттик!

Духи

Сизге жолдошуңуз духи белек берген болсо, анда ал абдан жумуш көп адам. Белек издеп отурганга убактысы жок, ошондуктан жубайына деп сүйүктүү порфюмду алды.Демек ал сизди табитиңизди жакшы билген камкор жана майда-чүйдөгө чейин көңүл бөлгөн эркек деп билсеңиз болот.

Аба шарлары

Мындай эркектин жан дүйнөсү романтикага толгон жана жарынан дагы ошол мамилени күтөт. Ал мурда мындай назик сезимдерди күтпөсө дагы жашоосунун дал азыркы табында ага сүйүү жана эргүү абдан керек болуп турат. Ал түшүнүктүү жана колдоо көрсөткөн жубайга муктаж. Ал тургай белек баланын ишиндей көрүнсө да белекти жакшы кабыл алып, жигитиңизди таарынтып албаңыз!

Акча

Акча салынган конвертти же акчаны берген эркек ички дүйнөсүндө аялынын көңүлү калып калбасын деп чочулаган жан.Ошондуктан аялы  каалаган белекти өзү сатып алсын дейт.Ал чыныгы прагматик, рационалдуу ойлонгон жана өзүнө ишенген, тажрыйбалуу эркек.

Идиш-аяк, ашкана буюмдары, фартук

Мындай белектерди берген эркектер өзүн чыныгы эркек ал эми жубайын үй кожойкеси катары көргүсү келгендер. Ал акчан көп табат, мындай белектерди берүү менен үйгө ыңгайлуулук жана жылуулуктун болушун каалайт.

Ич кийим

Айымдардын ич кийимин белекке берген мырзадан төшөктө көптү күтсө болот.Сүйүктүү адамыңыз ушундай белек берип жатса уктоочу бөлмө ал үчүн зериктирме болуп жатканынан кабар берет.Сексуалдуу жашооңузду бир беткей кылбаштын жолдорун ойлонуңуз.

Сувенирлер

Брелоктор, календарлар, калем сап койгучтарды көп учурда кесиптештер берет. Жактырган адамыңыз сизге ушундай белек берип жатса ал сизди кесиптеш катары көрүп жаткан жокпу карап көрүңүз.

Турмуш-тиричилик буюмдары, компьютер гаджеттери

Мындай белек жакшы белги. Жолдошуңуз сиздин үй кожойкелик эмгегиңизди бир аз да болсо жеңилдетсем дейт. Органайзер, компьютер гаджеттери, термокружкаларды берген жигиттер прагматик, эсепчил жандар болушат.

Саякат

Эгерде саякатка чыгууга билетти белекке алсаңыз жолдошуңуз жашооңузга жаңылктарды киргизсем дейт.Жигитиңиз мындай белек кылса жакындан таанышсам деп ойлонуп жатканы. 

Унаа

Сүйүктүү ырларыңыз жазылган CD-диск, саякатка барган жерден алып келген сувенир, сиз жактырган зер буюмдар, унаа белек кылган жолдошуңуз же жигитиңиз сизди болгон күчү менен бактылуу кылганга аракет кылган мырза.

Сөз соңунда мамилеңиздер ынтымактуу, сүйүүңүздөр бекем болушун каалайбыз!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика