Сүйгөн кызыңыздын сырын кантип түшүнсөңүз болот?
МАМИЛЕЛЕР

Сүйгөн кызыңыздын сырын кантип түшүнсөңүз болот?

Аялзатынын жан дүйнөсү сизге кээде бир дагы терезеси жок, күйгөн жарыгы жок, ичине дүр-дүйнө толтурулуп, бирок жабык турган сепилдей болуп туюлган учурлар сиздин жашооңузда кездешип көрдү беле? Андай сезимдердин баштан өткөрсөңүз бүгүнкү ликбез сиз үчүн!

Мамиле курууда биринчи кезекте эле аялды түшүнүү абдан маанилүү. Антпегенде болбогон жерден чатакчыгып кетүү коркунучу жогору.

Кыздардын басымдуу бөлүгү эмнени каалайт? Төмөндө көз салыңыз!

1.Ал сиздин жашооңузда жалгыз жана өзгөчө жан болууну каалайт

2.Ал баарын жеке көзөмөлүнө алып турууну жактырат

3.Кыз коргоону, ишенимдүүлүктү жана тынчтыкты сиздин жаныңыздан сезе билүүсү керек.

4.Аялзатына камкордук көрсөтө билүү зарыл

5.Кыздар аны уга билген эркекти жактырышат

6.Аялдарга эркектин жакшы эмоциялары керек

7.Сүйүктүү жигити менен романтикалуу жайда отуруп сырдашканды жактырышат

8.Баарын ичине катып жүрө берип бир күнү “жарылганды” жакшы көрүшөт.

9.Сүйүп калган адамына 100 пайыз берилишет.

10. Кээде олутуу эч нерсе болбосо деле ыйлап койгонду жакшы көрүшөт.

11.Уруш-талаштан кийин ар бир эле кыз, эркек аны сооротуп, аны жактырарын айтса деп күтүшөт

12.Кыздарга бир эле ирет “сүйөм” деп айтуу жетиштүү эмес.Бул сөздү алар дайыма эле уккусу келип турушат.

13. Кыздар акылга караганда интуицияга көбүрөөк ишеним артышат.

14.Кыздар чыны менен алдаганды бат эле сезип коюшу ыктымал. Бирок кээ бир кыздар калп айтып жатканыңызды сезгени менен өзүн-өзү алдап коюп чындыкты көрбөй, укпай, сезбей жүрө беришет.

15.Көпчүлүк кыздар узак убакыттар боюнча таарынган окуяны унуштупайт.

Автор:Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика