Энеге карата мамиле байлыкка, акчага жана ийгиликке таасир берет!
МАМИЛЕЛЕР
ПСИХОЛОГИЯ

Энеге карата мамиле байлыкка, акчага жана ийгиликке таасир берет!

Адамзаты кайсы гана доордо болбосун ата-энени сыйлоо, урматтоо деген салтты бекем карманып келгени анык. “Энени ыраазы кылмайын бейишке кирбейсиң” делинет шариятта. Эне менен болгон мамиленин өзгөчө орду бар экени чыгыш илимдеринде да айтылат. Психология илими буга кандай көз карашта?

Биз бүгүн психологдордун айткандарына жана изилдөөлөрүнө таянуу менен энеге карата мамиле ийгиликке кандайча жол ачарын баяндамакчыбыз.

“Ар бир ийгиликтин артында эне турат”

Дүйнөгө белгилүү немис окумуштуусу, психотерапевт, дин аалымы, үй-бүлөдөгү системалык мамилелер ыкмасынын автору Берт Хеллингер  “Ар бир ийгиликтин артында эне турат” деген.

Ал “бала үчүн эне-бул бүткүл дүйнө, аны менен балакай эрте куракта кандай мамиле кылса, чоңойгондө дүйнө, аалам менен дагы ошол мамиледе болот” дейт.

“Эгер биз энени кабыл албасак жумушту дагы, жашообузду дагы кабыл ала албайбыз. Жумуш бизге оорчулук алып келгендей сезилип, эч кандай моралдык жана каржылык канааттануу ала албайбыз. Жашообузга ар дайым бир нерсе жетишпегендей сезилет. Эгерде энебизди сыйлай албасак, анда айладагылардын баарын барктабайбыз жана “Мен сенден кыйынмын” деген текебер мүнөз пайда болот”,-деген адис.

Эгерде эне менен мамиле гармониялуу болсо, жашоого, жумушка кубануу менен карайбыз. Эне берген нерсенин баарына шүгүр келтирсек жумуш дагы, жашоо дагы ийгиликтүү болот.

Жашоодо кээде ар кандай себептер менен бала эрте жашында эле энеден бөлүнүп калат. Мындай учурда дагы адамды чоңойгон курагында жолу болбогондук коштоосу толук мүмкүн. Себеби адамдар чоң ийгиликке жетиш үчүн анын артында апасынын турганын сезүүсү керек. Кандай гана иште болбосун энеси жанында колдоп, кубаттап турганы адамга чексиз ишеним берет.

Таң калыштуу феномен

Хеллингер көп жылдык изилдөөсүнө таянып таң калыштуу бир феноменди ачып чыккан. Ал баланын бейаң (подсозание) сезиминде чоңойгондон кийин “Апа сенде көп акча болгон жок, мен кантип акчалуу болом, байыйм?”, “Апа сен эч качан эс алган жоксуң, мен кантип эс алам?” “Апа сенин атам менен турмушуң жакшы болгон жок, мен кантип жолдошум менен бактылуу болом?”,-деген сыяктуу ойлор жашаарын, бул ойлор анын жогорудагы турмуш аспектилерине сөссүз таасирин тийгизерин далилдеген.

Ошондуктан эненин өзүнүн бактылуу, ийгиликтүү болуусу баланын болочок жашоосуна зор мааниге ээ.

Жашоо сценарийин ким түзөт?

Дагы бир белгилүү америкалык психолог Эрик Берндун теориясы боюнча эне баланын жашоосунун болочок сценарийин 1 жашынан 7 жаштарына чейинки аралыкта түзүп берет.

“Эгерде эне баланы акылсыз, алсыз оорукчан деп ойлосо ал дал ошондой болуп чоңоет. Эгерде баланы таланттуу, ийгиликтүү деп ишеним артса дал ошондой жашоо сценарийи түзүлөт. Бала чагыңызда апаңыз сизди мээрим толгон көздөрү менен карап, сиздин ийгиликтерге ишенген болсо анда чыны менен бактылуу жан экенсиз”,-деген Берн.

Кеп соңунда баарыңыздарга ата-энеңиз менен бактылуу болушуңуздарды, аларга карата таарынычыңыздар болсо кечиришиңиздерди каалайбыз! 

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика