Турмушта туура жолдо бара жатканыңыздын 8 белгиси
МОТИВАЦИЯ

Турмушта туура жолдо бара жатканыңыздын 8 белгиси

Кээде адам өзүнө “жашоодо туура багыт алып бара жатамбы? деген суроону берет.Турмушта туура жолдо баратканыңызды төмөнкү психологиялык абалдар далилдеп турарын психологдор белгилешкен.Анда эмесе аларга көз жүгүртүп көрүңүз.

1.Көп кыялданып, жан дүйнөңүз дайыма эргүү алып турат

Чыгармачылык менен ойлонуп, кичине колуңуз бошой калса жакшы кыялдарды кыялданып, жан дүйнөңүз чабыттап жашоого, өмүргө тойбой турасыз. “Дагы ишке ашыра турган бул иш бар эле, бул максат бар алдыда” деп илебиңизге нан бышчудай болуп демдүү, күчтүү жүрөсүз.

2.Баарына кызыкдар болуп турасыз

Сизге эмне керек экенин, айланаңыздагы адамдарга, коомго эмне керек экенин дайыма билип турасыз. Жаңы нерселерди үйрөнүп, окуп, өздөштүрүүгө ар дайым ынтызарсыз.

3.Тобокелдикке баруудан коркпойсуз

Сиз ишкерликте да, жашоодо да “жети жолу жыгылсаң, сегизинчи ирет тур” деп тобокелдик менен иш кылгандан коркпойсуз.Ага чейин баарын кылдат ойлонуп, талдап чыгасыз да колуңуздан келген ишти тобокел деп аткарып, калганын Кудайга табыштап, талбай аракеттене бересиз.  

4. Акча үчүн эле эмес, өнүгүү үчүн да иштейсиз  

Инсан катары да, адис катары да өнүгө турган жерден өз ордуңузду табасыз.Адегенде сиздин кыялдарыңыз көп акча алып келбесин билсеңиз да, бара-бара сүйүктүү жумушуңуздун мыкты адиси болуп, аны менен кошо акча да, бакыт да келерин даана түшүнөсүз. 

5. Жалгыз калгандан коркпойсуз

Жашооңузда сизге керек түгөйдү азырынча кездештире элек болсоңуз эч ноюбай алдыга кете бересиз. Анткени өзүңүздү өстүрүп, бир күнү сизди чындап баалаган адамга кездешериңизди так билесиз.

6.Убагында эс алууну билесиз

Акчаңыз аз болсо да, көп болсо да жаңы тил үйрөнүп, жаңы адамдар менен таанышып, саякатка чыгуудан, жаңы адамдар менен баарлашуудан, убагында эс алуудан эч тартынбайсыз. Жумуш иштеп жатып таптакыр чарчап калуу, анын айынан ден соолугунан ажыроо-азыркы кылымдын эпидемиясы экенин так билесиз.

7.Шүкүр кыласыз

Жашооңузда болуп жаткан баардык жакшы, жаман нерселер үчүн Жаратканга шүгүр айтып, ар бир аткан таң менен өзүңүзгө жана өзгөгө  пайдалуу иш жашоого умтуласыз.

8.Руханий өсүштө болосуз

Жашооңузда жөн гана жаралып калбаганыңызды, өмүр тамак-аш ичип-жеген менен дааратканага барчу жолдун ортосунда өтпөсүн жакшы билесиз.Ар дайым руханий изденүүдө болуп, жан дүйнөңүздү жакшы нерселерге толтурууга, байытууга аракет кылып, колуңуздан азырынча жакшылык жасаган келбей жатса да, жок дегенде эч кимге жамандык жасабаган адамсыз.

Анда эмесе ар дайым туура жолдо болушуңузга тилектешпиз!

Автор: beles.kg

Турмушта туура жолдо бара жатканыңыздын 8 белгиси

Яндекс.Метрика