Кыздардын жүрөгүн бат ээлеген жигиттердин 4 стратегиясы
МАМИЛЕЛЕР

Кыздардын жүрөгүн бат ээлеген жигиттердин 4 стратегиясы

Сиздердин тааныш,досторуңуздун арасында кыздар үчүн жагымдуу болгон “жигиттин гүлдөрү” барбы?Эмне үчүн мамилелер жаңы баштаган кезде кээ бир мырзалар кыздардын көңүлүн бат эле ээлеп алышат? Ушул суроолорго жооп издеп жүргөн болсоңуз мындай жигиттердин айрым сырлары менен бөлүшөлү. Адамдагы жактырып калуу жана сүйүп калуу сезимдери жөндөн-жөн эле эмес, айрым бир иш-аракеттердин ыраатынын негизинде ишке аша турганы психологияда эбак эле далилденген. Төмөндө аларга көз жүгүртүңүз.

Бул стратегияларды өзүңүздүн сезимиңиз жок адамдарга колдонууга болбой турганын дагы эскертмекчибиз.

Сүйдүрүп алуунун №1 стратегиясы

Мындай жигиттер мамилелер эми гана башталган кезде кызыкпай коюу деген эффектин жакшы иштерин билишет.Кыздар менен сүйлөшкөн кезде нейтралитетти карманышат. Кызды жактырып калышса да жөн гана кызыкпагандай түр көрсөтүшөт. Бат-баттан жолугушууга же кездешүүгө чакырышпай убакытты чоюп жүрө беришет.Тим эле башка кыздардан колу-жолу бошобой жүргөндөй түр көрсөтүшөт. Эгер бир нерсе болсо башка бирөөгө бат эле алмаштыра коем дегендей каада күтүшөт. Мындай учурда кыздарда сиздин жалгыз сүйгөнүңүз болуп, аттандаштарын сүрүп салгысы келген сезим иштей баштайт да, акырындап жигитти кандайча сүйүп калганын өзү да билбей калат.

Ал эми кыздарга айтарыбыз, жаныңызда сизди элес албагандай түр көрсөтүп, бирок алыстабай да, жакындабай да жүргөн мырза болсо, чын эле кызык эмесизби же ушул оюнду колдонуп жатабы билип коюңуз.

Кыздардын жүрөгүн бат ээлеген жигиттердин 4 стратегиясы

Сүйдүрүп алуунун №2 стратегиясы

Жагымдуу элестер. Бул абдан кылдат техника. Кыздарды бат жактыртып ала турган жигиттер бул техниканы табиятынан эле мыкты өздөштүрүшкөн.Алар ар бир жолугушууда кыздардын жактырган нерселерин алдыртан билип, дал ошол нерсени ишке ашырат.Мисалы, кыз сүйүктүү бир актердун киносун чогуу көргүсү келип жатса дал ошону жасайт, сүрөт көргөзмөсүнө баргысы келсе ошол жерге алып барат, сүйүктүү ыры болсо чогуу угат, жамгырда жетелешип басканды жакшы көрсө ошол күнү кездешүүгө чакырат. Кыскасы өзү тууралуу жалаң гана  жакшы элестерди калтырат. Жыйынтыгында кызда жигит тууралуу бүтүндөй оң эмоциялар калып,  өзү жалгыз болгондо ошол элестерди эстей берип, жактырып калат.

Сүйдүрүп алуунун №3 стратегиясы

Ашыкча болуу жана тартыштыкты пайда кылуу. Мындай жигиттер бир аз убакытка чейин бат-баттан кездешип, таңдын атканын, күндүн батканын эскертип смс жазып, кыз кайда болсо ошол жакта болгондой, тамашалап айтканда “үтүктү сайса да ошол жерден сүйлөп жаткандай” таасир калтырат. Кыз анын бул адаттарына кадимкидей көнүп, кадыресе көрүнүштөй көрүп калганда алдыртан жок болуп кетет.Эки-үч апта жоголгондон кийин “баланча жумушум болуп калып” деп кайра чыга келет. Албетте аны күтүп, ага көнүп калган кыз жигит жокто көп ойлоно берип, телефон чалуусун күтө берип көп учурда жактырып калат.Бирок бул стратегияны кайра-кайра колдоно берген болбойт.

Кыздардын жүрөгүн бат ээлеген жигиттердин 4 стратегиясы

Сүйдүрүп алуунун №4 стратегиясы

Кыздардан белек алуу “жигиттин гүлүнүн” дагы бир стратегиясы. Психологиялык жактан алганда адам бирөөдөн белек алганга караганда бирөөгө белек берүүдөн көбүрөөк ырахат алат.Жигити үчүн чакан болсо да белек берген селки бат эле аны жактырып калат.

Булардын баарын жыйынтыктап келгенде кыздардын көңүлүн ээлеп ала турган жигиттер психологиялык жактан өздөрү билип, билбей адамды ойлонууга мажбур кылып кое турганын байкадык. Кептин ток этери ким жөнүндө көбүрөөк ойлосоңуз, жакшыбы, жаманбы ал түрдүү эмоцияларыңыз ага карата иштесе, ал адамды жактыруу ыктымалдыгы көп эсеге жогорулайт.

Мына ушуну “жигиттин гүлү” жакшы өздөштүргөн болот.

Анда эмесе баардыгыңыздарга жасалма эмес, чыныгы сүйүү каалайбыз!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика