Асманды каптаган дрондор. 2050-жылы дүйнө кандай өзгөрөт?
ӨНҮГҮҮ

Асманды каптаган дрондор. 2050-жылы дүйнө кандай өзгөрөт?

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда толук жер жаңы” деп элибизде айтылгандай технологиялык өнүгүү адамзаттын жашоосуна саат сайын эмес, мүнөт сайын зор өзгөрүүлөрдү алып келүүдө. Илипоздордун атайын изилдөөсүнө таянсак, 2050-жылы адамзат төмөнкүлөргө күбө болуп калышы мүмкүн экен.

Баарын өзүң чыгарып ала турган заман келет!

Япониялык физик-футуролог Митио Како 2050-жылы көп нерселерди адамдар 3D-принтердин жардамы менен өздөрү жасап алат деп белгилейт. Мисалы, бут кийим сатып ала турган болсоңуз, атайын лазер менен бутуңуздун узун, туурасын ченеп, өлчөмдү интернетке жүктөйсүз. Принтер сизге ыңгайлуу кроссовкаларды чыгарып, аны дрон-курьер үйүңүзгө жеткирип берет экен.

Органдарды өстүрүп чыгуу

Ошондой эле Митио Како бейтаптардын жеке клеткаларынан органдарды өстүрүп чыгуу жаатында чоң революция болот деп эсептейт. Азыркы учурда өнүккөн өлкөлөрдө тамырларды өстүрүп чыгуу жолго коюлган. Жакын арада жасалма боор жана башка органдарды атайын жабууларда жасап алабыз дешет окумуштуулар. Бирок мээни өстүрүп чыгуу азырынча болбойт дешүүдө.

Асманды каптаган дрондор. 2050-жылы дүйнө кандай өзгөрөт?

Диагноз коюу жакшырып, шишик оорусун жеңебиз!

Медицинада эң жакшы прогноздорду беришүүдө. Мисалы, организге атайын датчиктерди коюу менен оору жаңы башталган учурда алдын алуу жакшы жолго коюлат экен. Шишик ооруларына каршы дары табуу дагы оң натыйжа берет деп ишенишет.

Окумуштуулар 2050-жылы ДНКнын геномдору толук изилденет деп эсептешүүдө.

Асманды каптаган дрондор. 2050-жылы дүйнө кандай өзгөрөт?

Мега шаарлар жана экологиялык унаалар

Бириккен улуттар уюму берген маалыматтар боюнча 2020-жылы Жер шарынын калкынын саны 9,7 миллиард адамга жетет. Адамдардын басымдуу бөлүгү шаарда жашап калат. Көп шаарлардын көлөмү ого бетер чоңойюп, мега шаарларга айланат. Мындай шаарларда жүк ташуучу унааларды жердин асты менен жүргүзүү күтүлүүдө. Адамдар электр унаалары менен жүрүп же учуп калат.

Асманды каптаган дрондор. 2050-жылы дүйнө кандай өзгөрөт?

Дрондордон асман көрүнбөйт

Болжолдуу прогноздорго караганда тейлөө тармагында бүтүндөй роботтор кызмат кыла баштайт. Азыркы учурда эле айрым өнүккөн азия мамлекеттеринде кафеде робот-официанттар кызмат кылат. Роботтор жол тазалайт, жол кыймылдарын көзөмөлдөйт. Тапшырыктардын баарын учкучсуз дрондор ишке ашыргандыктан асман мейкиндигинде алардын саны эсепсиз көбөйүшү мүмкүн.

Асманды каптаган дрондор. 2050-жылы дүйнө кандай өзгөрөт?

Онлайн окууга өтөбүз

2020-жыл аралыктан эле жемиштүү окуп, иштөө мүмкүн экенин көрсөттү. Болочокто аралыктан билим алуу дагы бекемделе бермекчи. Оффлайн-лекциялар менен семинарлар толук жоюлуп кетиши мүмкүн.

Смарт-материалдар

Акылдуу материалдарды ойлоп табуу менен кийимдер жеңил жана жылуу болуп, үйдүн интерьеринин түсү айлана-чөйрөгө карата өзгөрүп турма болуп жасалат.

Абдан бышык материалдардан курулган жеңил үйлөр пайда болот.

Интеллектуалдуу адамдар бааланат

Көпчүлүк иштерди роботтор аткаргандыктан алар жасай албай турган ой жүгүртүүчүлүк жана чыгармачылык эмгекте интеллектуалдуу адамдардын эмгеги жогору бааланып калат.

Анда эмесе ошол күндөргө чогуу жетели замандаш!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика