Баланы эрке өстүрүп жатканыңыздын 8 белгиси
Эне жана бала

Баланы эрке өстүрүп жатканыңыздын 8 белгиси

Балдар көңүл буруу жетишпеген кезде да, ал ашыкча болуп кеткен учурда дагы кыйналышат. Эмне үчүн баланы ашыкча эркелетүүгө болбойт? Анын кийинки жашоосунда кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн.

Ата-энесинен дайыма каалаганын алып жүргөн бала турмуш реалдуулугуна бет келишкенде эч ким ага эч качан даяр нерсе алып келип бербесин түшүнгөндө, чоң маселелер келип чыгат. Мындай балдардан болочоктогу альфонстор жана өзүнүн баардык талаптарын аткара бере турган чөнтөгү калың эркек издеген кыздар чоңоюшу толук мүмкүн. Мындан тышкары жашоонун ачуу-таттуусуна бет келишип өз талабын убагында канааттандыра албаган бала ачуулана берип ден соолугуна да зыян келтирип алат. Балдарга чектен ашыра мамиле кылып жаткан жоксузбу, төмөнкү мүнөздөмөлөрдөн байкасаңыз болот. Баланы ашыкча эркелетип жатканыңыздын 8 белгисине көз жүгүртүңүз

Көп чыр салат

Бала кежирленип, чыргоолонуп, чыр салганды жакшы көрөт. 

Баарына кыжалаттанып турат

Жаңы оюнчукту гана кыялданган бала ага жеткенден кийин бат эле   тажап, тез эле кыжырдана берет. Дайыма ызаланып турат.

Үйдөгү милдеттерин жасагысы келбейт

Бул эркеликтин белгиси. “Бөлмөнү жыйна!” деп жүз жолу айтсаңыз да аны укпайт.

Баланы эрке өстүрүп жатканыңыздын 8 белгиси

Баарын башкарууга аракет кылат

Ашыкча эрке өсүп жаткан бала биринчиден чоңдордун, ата-энесинин айтканын такыр укпайт, экинчиден алардын баарын башкаргысы келет.

Ыңгайсыз абалга калтырат

Эркелеп жаткан бала ата-энесин көп учурда ыңгайсыз, анын жасаган иши үчүн уяла турган абалга калтырат.

Сараңдык

Эркеликтин дагы бир белгиси бала оюнчуктарын жана башка нерселерин айланадагылар менен бөлүшкүсү келбегени болушу мүмкүн.Көпчүлүк эле кичинекей балдар ушундай кылат, бирок эрке өсүп жаткан бала өзүнүн оюнчугун бербегени аз келгенсип башка бирөөнүн оюнчуктарын тартып алганды жакшы көрөт.

“Болбойт” деген сөздү укпайт

Эрке чоңоюп жаткан бала “болбойт”,”мүмкүн эмес” деген сөздү уккусу келбейт. Мындай сөздүк укканда анын кежирлиги менен чыр салганы күчөйт.

Өз алдынча ойной албайт

Психологдордун айтымында, бала үч жаштан баштап өз алдынча ойногону дурус.Эгерде балакай дайым сизден жанында болууңузду талап кылып жатса анда эрке чоңоюп жатканы.

Анда эмесе балаңызга ыйман, өзүңүзгө мээримдүүлүк каалайбыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика