“Көк көздүү” адамдар тууралуу кызыктуу 8 факты
Сулуулук

“Көк көздүү” адамдар тууралуу кызыктуу 8 факты

Бала чагыңызда сизди, “сары, көк көз” деп эркелетишкени же тескерисинче ачууңузга тийишкени эсиңиздеби? Бүгүн жашыл же кыргыздар айткандай, көк көздүү адамдар тууралуу психология илиминде айтылып келе жаткан фактыларга токтолобуз. Себеби жашыл көздүү адамдардын бир канча артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү болот экен. Алардын бул өзгөчөлүктөрүн билүү менен жакындан тааный аласыз.

1-факты

Жашыл көздөр-эң эле сейрек кездешкен көздөр болуп эсептелет. Жашыл түстүн ар кандай өңдөр менен байланышкан аралашмалары көп учураганы менен адамдарда чыныгы жашыл көздөр сейрек  кездешет.100 адамдан 4 гана адам накта жашыл көздүү карекке ээ.

2-факты

Бул адамдардын энергетикасы эң эле гармониялуу. Жашыл карекке ээ болгон адамдардын ички дүйнөсүндө тең салмактуулук менен бейпилдик көп. 

3-факты

Жашыл каректер адамды акылман кылат. Биоэнергетика  тармагындагы адистер жашыл көздүү адамдар көп учурда акылдуу гана эмес көптү билген акылман болот деп белгилешет. Бул алардын интуициясы абдан күчтүү иштегени жана өтө сезимтал экендигине байланыштуу. Ошондуктан орто кылымдардагы инкивизация күчөп турган маалда жашыл көздүү аялдарды “ведьма” деп отко таштап өлтүрүүгө аракет кылышкан.

4-факты

Абдан кекчил адамдар. Психологдор көк көздүү адамдар баарын катары менен кектебесе дагы жаман иш кылып, жаман мамиле жасагандарды унутпаган адамдар деп белгилешет. Убакыттын өтүшү менен тескери эмоциялар кетип, бирок жаман оюу калып кала берет.

5-факты

Мээримдүү жана колу ачык-бул адамдардын башкы сапаты. Бул деген сөз башка адамдар сараң дегенди билдирбейт. Бирок жашыл көздүү адамдарда берешендик көбүрөөк болот деп эсептешет. Алар айланасындагы адамдарды көбүрөөк сезе билгендиктен мээримдүү болушат.

6-факты

Күч-кубатын бат-бат жоготуп турат. Эгерде кара көздүү же кой көздүү адамдар чыдамкай келсе, жашыл көздүү адамдар күч-кубатын бат жоготуп, кайра толуктоого муктаж болуп турат.

7-факты

Жашыл көздүү адамдар-дүйнөдөгү эң жакшы ата-энелер.Изилдөөгө ылайык мындай адамдардын мүнөзү, энергетикасы үй-бүлөлүк жашоо үчүн идеалдуу төп келет. Алар дайым үй-бүлөсүн биринчи орунга коет жана ал үчүн жакындарынын тынчтыгы баарынан жогору турат.

8-факты

Жоопкерчиликтүү болушат. Жашыл көздүү адамдар дайыма өз катасын түшүнүп мойнуна алышат жана жашоосуна жоопкерчилик ала билишет.Жашыл көздүү адамдарга жашгылт, кара өңдөгү кийимдер, күмүш жасалгалар жакшы жарашат.

Жакындарыңыздын арасында ушундай көздүү адамдар бар болсо алардын мээримине бөлөнүп, өзүңүз да сүйүү бериңиз!

Автор: beles.kg


Яндекс.Метрика