Жаман ойлуу достун 4 ыкмасы
МАМИЛЕЛЕР

Жаман ойлуу достун 4 ыкмасы

Жашоодо сизге жакшы көрүнүп “бирок котур ташын койнуна катып” жүргөн адамдар бар. Алар жакшылык каалган болуп дайыма жаныңызда жүрүп, бирок аркаңыздан жаман иш кылышы мүмкүн. Психологдор мындай адамдарга тиешелүү айрым сапаттарды төмөнкүдөй белгилешкен.

Эгерде сиз менен мамиле кылып жүргөн адамдан мындай өзгөчөлүктөрдү байкасаңыз, анын сиз менен мамиле кылууда биринчи кезекте өзүнүн мотиви бар экенин, учуру келгенде сизге кыянатчылык кылып коюшу мүмкүн экенин эске ала жүрүңүз.

1.Бул адам сизди ашкере мактап турат

Мындай адам сизди ашыкча эле мактай берет, албетте жакын адамдарга, досторго жакшы сөз арнап, анын жетишкендиктерин колдоого алып турган жакшы деңизчи. Бирок мындай дос сизди өзгөчө мактоо менен сизге кайсы бир чекти белгилеп коет. Жөнөкөй эле мисалы “берешенсиң, адамдарга жакшылык кылгандан аянбайсың” деп дайыма мактай берет да, сиз ага ишенип аласыз. Кезеги келгенде анын көзүнө башкача көрүнүп калуудан тартынып сураган акчасын карызга бересиз.

2.Мындай дос сиздин жашооңузду өзгөрткүсү келе берет  

 Сиз жашооңузду өзгөртүүгө муктаж болбосоңуз деле, жакшынакай эле жашап жатсаңыз деле мындай “кой берисин жамынган карышкыр” достор ага өзгөртүү киргизгиси келе берет. Ал “мындай кылсаң сонун жашамаксың” деген сыяктуу кеңештерди алдыртан бере берет. Мисалы “унаа алып алсаң жакшы болот эле, дагы бир бала төрөп алсаң жашкы болмок” деген сыяктуу кеңештерин сизге таңуулай берет. Чынында сиз жакшы жашап жатасызбы, же кыйналып жашап жатасызбы сиздин жашооңдун кожоюну өзүңүз гана болуп, Алладан гана жардам күтсөңүз жана аракет кылсаңыз жетиштүү эмеспи.

 3. Сизди мактап жатканын же басынтып жатканын айырмалай албай каласыз

Бул сыяктуу манипулятор- башкача айтканда сизди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткан адам сизге жакшы сөздөрдү айтып жатып эле арасына сизди басынта турган сөздөрдү кошуп кете берет. Жыйынтыгында сиз “чийки май жегендей” жаман бир маанайда каласыз.

4. Сурабасаңыз деле жардам бергиси келе берет

Манипулятордун сүйүктүү тактикаларынын бири сурабасаңыз деле жардам бергиси келе бергенинде. Бирок жардам бергенден кийин сиз ага эки эсе кайтарып бербесеңиз өзүнчө эле өзүңүздү милдеткер сезе бересиз.

Ошондуктан мамиле курууда чыныгы достор менен сизди далыга чаап күнүмдүгүнө пайдаланган досторду абайлай билүү негизги милдеттериңиздин бири. Туура эмес адамдар менен мамиле кылып соңунда алардан шагы сынып калгандар жашоодо көп кездешет.

Эмесе өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турган чыныгы достуу болушуңузду каалайбыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика