Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс
ИДЕЯЛАР
МОДА ЖАНА СТИЛЬ

Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс

Beles.kg сайтынын “Айымдарга кеңеш” рубрикасына кош келдиңиз! Аталган рубрикада сиздерди рецептер, мода, стиль, ашкана, интерьерге, идеаларга байланыштуу көптөгөн кызыктуумакалалар күтөт!

Чыныгы табити мыкты айымдар кийимди тандап жатып анын моделине, кездеменин сапатына, тигишине гана карабастан өңүнө дагы өзгөчө көңүл бурат.Эмнеге деп собол салып көрдүңүз беле? Айрым түстөр жөнөкөй арзан баадагы кийимди дагы кымбат баалуудай көрсөтүп кое турган мүмкүнчүлүккө ээ.Эгерде баалуу жана универсалдуу гардеробду түзүүнү кыялданып жатсаңыз, анда сөссүз баалуу көрсөткөн түстөр тууралуу дагы эстен чыгарбаңыз!

Чымкый кара түс

Кара түстү универсалдуу деп атап койсок болот. Ал кандай гана комплектацияда болбосун, кайсы курактагы айымга болбосун жарашуусу мүмкүн. Албетте анын көп болбогону жакшы, мисалы пиджагыңыз же көйнөгүңүз бир өңчөй кара түстө болсо жетиштүү.

Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс

Кочкул көк

Бул дагы универсалдуу өңдөрдүн бири жана көп айымдарга жарашат. Ишкер стилдеги көйнөктөр менен костюмдар  ак жана кызыл аксессуарлар менен эң сонун жарашат. Мындай түстөгү ишке дагы, жолугушууларга дагы кийсеңиз болот.

Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс
Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс
Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс

Аппак түс

Ак түстөр аялды жаш көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, ошол эле учурда ал визуалдык жактан көлөмдү чоңойторун эске алыңыз! Ак түстү кандай гана аксессуарлар менен коштосоңуз жараша берет.

Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс
Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс

Кочкул жашыл же оливка түсү

Оливка түстүү кийимдер көп айымдарга жарашат жана агыш, крем өңдөр менен жакшы төп келишет.

Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс
Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс
Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс
Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс

Кочкул кызыл же вино түстүү

Мындай өңдөр көбүнчө 50 жаштан жогорку айымдарга абдан жарашат жана кара түскө караганда жеңил көрүнөт, ошол эле маалда образга элегенттуулук кошот. Кара, кочкул боз жана агыш түстөгү акссесуралар менен жакшы жарашат.

Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс
Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс

Боз түс

Көп жылдардан бери дүйнөлүк подиумдардан түшпөгөн бул түстүн сизге жарашкан өңүн таап алсаңыз анда эң сонун тандоо кылган болосуз! Ал күмүш аксессуралар менен мыкты жарашат.

Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс

Күрөң шоколаддын түсү

Эң эле баалуу көрсөтө турган жана ыңгайлуу түстөрдүн бири.Кочкул күрөң түс агыш түстөр, крем түстөр менен сонун жарашат.

Кайсы кийимди болбосун баалуу көрсөтө турган 7 түс

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика