Эркектер жубайынан уккусу келген эң маанилүү 5 сөз
ПСИХОЛОГИЯ

Эркектер жубайынан уккусу келген эң маанилүү 5 сөз

Психологдор жашоодо жана үй-бүлөлүк мамилелерде көпчүлүк эркектерди тынчтандыра турган жана аларга дем берип жагымдуу угула турган бир нече сөздөрдү белгилешет. Албетте алар көп, бирок бүгүн чыны менен эле мырзалар үчүн маанилүү болгон сөздөрдү топтодук.

1.Колуңан баары келет

Сиздин түгөйүңүз унааны оңдогонду жакшы билеби, акчаны жакшы табабы, үйдө жакшы устачылык кылабы, мыкты соодагерби, иш билги кызматкерби, балдары менен жакшы тил табышабы?

Мунун баарына чын дилден суктанып, ыраазы болгон сөздөрдү кез-кезде айта жүргөнүңүз  дурус. Айымдар сыяктуу эле мырзалар дагы алардын жасаган иштерине аялзатынын суктанып турушун каалашат, бирок ачык айтышпайт. Эркек жасаган ишин көрсөтүп сыймыктанып келгенде унчукпай койгон айымдан эркектин көңүлү көбүрөөк калат жана кийинкисинде «мындайды жасап эмне кылам» деген ой кетет.

Чын дилден суктанып эркектин жасаган ишин, талантын колдой билүү  жолдошуңуз үчүн жагымдуу сапатыңыздын бири болорун унутпаңыз.

2.”Чынында биздин атабыз абдан акылдуу, бул маселени четет деп ишенебиз!”

Белгилүү болгондой эркектин интеллекти иште дагы, мамилелерде дагы маанилүү, анткени ал эркектин кыйын жагдайлардан ыңгайлуу жолдорду тез таап жана маселелерди чече ала турганын күбөлөндүрүп турат.Көпчүлүк эркектер өздөрүнүн акылдуу экени тууралуу кепти аялынын өз оозунан уккусу келет.

3. Ооба макул, ошондой кылып көрөлү!

Бул жерде баары түшүнүктүү. Эркектердин көбүнө өзүнө макул болгон жубайы жагат. Бирок аялзаты да баарна катары менен макул боло бербей, бул анын көз карашы менен дал келбесе жүйөлүү пикирин айтышы керек.

4.Сага эмне тамак жасап берейин?

Сүйүктүү жолдошуна сүйүктүү тамагын жасап берген аял албетте ашкананын гана кожойкеси эмес, анын “ашказанынын дагы кожойкеси” экени талашсыз. Албетте тамаша деңизчи, бирок ”сага кандай тамак жасап берейин?” деген суроо дагы эркектер үчүн жагымдуу сөздөрдүн бири экенин сурамжылоо-изилдөөдө белгилүү болгон.

5. Мен сага ишенем!

“Мен сага ишенем” деген сөз ар бир мырза үчүн маанилүү. Өзүнүн жолдошуна ишенген ар бир аял ага көп дем берип, канат байлангандай сезим алып келет. Бирок бул жерде бир чоң эскертүү да бар.Аялды өзүнө ишенгидей кылып айткан сөзүнө туруу дагы ар бир мырзанын милдети!

Анда эмесе баарыңыздарга үй-бүлөлүк ынтымак, жакшы маанай каалайбыз!

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика