Психологиядагы 10 факты: Акча короткон адам өзүн бактылуу сезет
ПСИХОЛОГИЯ

Психологиядагы 10 факты: Акча короткон адам өзүн бактылуу сезет

Психология-кызыктуу илим. Анын күнүмдүк турмушка пайдасы: адам тууралуу, анын психикасы, жүрүм-туруму, өз ара аракетинин мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү тууралуу көп маалыматтарды берүү менен сиздин жашооңузду жеңилдеткенинде.

Бүгүн beles.kg редакциясы адамдын психикасы тууралуу 10 кызыктуу фактыны топтоду. Аларды билүү сиз үчүн пайдалуу деген ойдобуз.

Факт №1 – Башкаларды бактылуу кылууга  көп аракет кылган адам, көп учурда жалгыз калат

Бул кеңири таралган көрүнүш жана ал энергияны жоготуу менен байланышкан.Биз башкаларга канчалык энергия берсек, өзүбүзгө азыраак күч калат.Көп учурда башкалардын бактылуу болушуна кабатыр болгон адамдар бакытты өзүнө таба албай калышат.Мындай адамдар аз бирок, ошентсе да алар сиздин айланаңызда кездешүүсү мүмкүн.

Факт №2 – Ар бир адам – эгоист

Көпчүлүк адамдар кыйын жагдайга кабылып калса биринчи кезекте башкаларды, жагдайды күнөөлөшөт жана түпкүрүндө жеке керт башынын кызыкчылыгын гана ойлошот.Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. 

Факт №3 – Адамдын маанайы ал сүйлөшкөн досторунан түздөн-түз көз каранды  

Биздин жүрүм-турумубузга маанайыбыз таасир бербейт, тескерсинче жүрүм-турумубуз маанайыбызга таасир берет. Ал эми жүрүм-турум эрежелери менен ой жүгүртүүнү айлана-чөйрөбүз, досторубуз, жакындарыбыз, көп баарлашкан адамдарыбыз калыптандырат.

Факт №4 – Унчукпаган үйдөй балээден кутулат

Психологдор өзүнүн планын башкаларга айта берген адамдар көп учурда ийгиликсиз болорун, ал эми сырын сактагандар көп учурда максатына жетерин аныкташкан.

Факт №5 – Адамдын музыкалык табитине башынан өткөн эмоциялар таасир берет

Адам өзүнүн эмоцияларына жараша гана музыканы угат.Кайгылуу ырларды көп угуп жатсаңыз демек азыр депрессия менен жабыркап жатышыңыз толук мүмкүн. 

Факт №6 – Сүйүү адамга баңгизатындай таасир берет 

Окумуштуулар сүйгөн адамдын мээсинде баңгизатына көз каранды болгон адамдыкындай участоктор активдешерин аныкташкан.   

Факт №7 – Адамдын келбеттүү дене түзүлүшүнө караганда анын жүзү абдан маанилүү   

Үй-бүлө кургусу келген баардык адамдар биринчи кезекте адамдын жүзүнө карашары аныкталган. Андан кийин гана дене түзүлүшүнө көңүл бөлүшөт. Ал эми олуттуу мамиле кургусу келбегендер биринчи кезекте адамдын дене түзүлүшүнө, формасына карай турганы белгилүү болду.

Факт №8 – Кучакташуу эң жакшы дары

Жакшы көргөн адам кучактаганда адамдын мээсинде көп сандаган окситоцин гармондору бөлүнүп чыгат. Мындай эффект 4 саатка чейин созулат. Бул гармон ооруну сездирбей турган күчкө ээ.

Факт №9 – Акча коротуу адамды бактылуу кылат

Психологдор акчаны коротом деп ойлоп жаткан жана аны коротуп жаткан учурда адамдын организминде көп сандаган эндорфиндер-бакыттын гармондору бөлүнүп чыгарын далилдешкен.

Факт №10 – Адамдын мээси баш тартууну, тескери жоопту оору сыяктуу оор кабыл алат

Кимдир бирөө адамга кайсы бир суроо-талабы үчүн баш тарткан кезде эмоционалдык жактан ал өзүн бактысыз сезинет жана пландары менен күткөн нерселери бузулат. Адамдын мээси күткөн нерсеси үчүн дайыма оң жооп алгысы келет жана ошондуктан баардык адамдар кааласа да, каалабаса да баш тартууга кабылып, тескери жооп алып калбайын деп башкаларга, элге жакшы көрүнүүгө аракет жасайт.  

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика