Муундар теориясы: 1967-1984-жылдарда төрөлгөндөр кандай болушат?
ПСИХОЛОГИЯ

Муундар теориясы: 1967-1984-жылдарда төрөлгөндөр кандай болушат?

Муун бул-бир хронологиялык убакыт аралыгында төрөлгөн жана бирдей шарттарда өскөн адамдардын коомдук тобу болуп эсептелет.

Муундар теориясын американских изилдөөчүлөр Нейл Хоу жана Уильям Штраустар киргизип, бул багытта китептерди жазышкан.

Теориянын маңызы: ар бир 20-25 жылда мурдагы муунга көз карашы окшош эмес болгон адамдар төрөлөт дегенде жатат. Анын башкы мааниси-жаш курагы айырмаланган адамдардын ортосундагы чекти жоюу жана ар бири менен тил табышуу үчүн алардын өзгөчөлүктөрүн билүүгө негизделген.

Учурда төмөнкүдөй муундар белгиленген:

Залкар муун-1901-1925-жылдарда төрөлгөндөр

Унчукпас муун-1925-1944-жылдарда төрөлгөндөр

Бэби-бумерлер мууну-1944-1967-жылдарда төрөлгөндөр

Х муун-1967-1984-жылдарда төрөлгөндөр

Y муун же миллениалдар-1984-2000-жылдарда төрөлгөндөр

Z муун-2000-2011-жылдарда төрөлгөндөр.

Альфа муун-2011-жылдан тартып төрөлгөндөр.

Алардын ар бирине өзүнчө токтолобуз. Бүгүн beles.kg сиздерге Х (икс) мууну же болбосо 1967-жылдан тартып 1984-жылга чейин төрөлгөн муундун өзгөчөлүгүне билип алууну сунуштайт.

Х (икс) мууну деген кимдер?

Бул мезгил дүйнөдө экономикалык туруксуздуктун мезгили болгон. Баңгизаты менен СПИДге байланыштуу олуттуу маселелер жаралган.Афганистандагы согуштук аракеттердин кесепети коомдун эмоционалдык абалына оор таасирин тийгизген.

Икстердин ата-энелери Ата Мекендик согушту башынан кечиришкендер же ал аяктаган кезде төрөлгөндөр болуп саналат. Согуштан кийинки мезгилде көп адамдар кадимки жумушту классынан: жол оңдоочулар, куруучулар, дарыгерлер, мугалимдерден, дыйкандардан жана башкалардан турган. Алардын көбү балдарга эмес өз ишине көп көңүл бурушкан. Ошондуктан икс муунундагы адамдар өз алдынча болууга кичине чагынан көнүшкөндөр.

Кандай болушат?

X мууну жалпысынан мамлекетке ишенбеген адамдар болушат.Алар көп учурда жарнамаларга, өкмөттүн чакырыктарына такыр ишенишпейт. Алардын өзгөчөлүгү-ар түрдүү маселелерге өзгөчө карап жана аны чечүүгө ыкма таба билгенинде.Болуп жактан нерселер тууралуу дайыма кабардар болуп турганга кызыгышат жана өзгөрүүлөргө оңой ыңгайлашат.Советтер союзу кулап кайра куруу келгенден кийин аталган муун башка муундарга салыштырмалуу экономикалык жана саясий реформаларга тез көнүшкөн. Алар өзгөрүү жана ар кандай пикир келишпестиктердин доорунда өскөндүктөн башкаларга салыштырмалуу жан дүйнөсү көп жабыркайт. Ошентсе да духу бекем, кыйынчылыкта жана оор эмгек шарттарына көнүп иштеп кете турган бир кыйла сапаттар икс муунунда калыптанганын окумуштуулар белгилешкен.

Технологияларга көнбөгөндөр

Ошондой эле алар карьералык тепкичте дагы активдүү алга жылат.Аталган муун экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө тез адаптация болушканы менен технологиялар дүйнөсүнө жай киришкен муун болуп саналат. Алар интернетти, маркетинг кызматы менен SEO-жылдыруу сыяктуу тейлөөнүн түрлөрүнө көп кызыгышпайт. Икстер жумушта дайыма жаңы нерселерди үйрөнүүгө мажбур, алардын муунунда жаңы телефондор, компьтерлер пайда болду.

Муундар теориясы: 1967-1984-жылдарда төрөлгөндөр кандай болушат?

Үнөмчүл жана сарамжалдуу, жеке керт башын ойлогондор

Бумерлер муунунан айырмаланып алар жалпы коомдун кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн болочогунун кызыкчылыгы үчүн иштегендер. Акча жагына келгенде аталган муун үнөмчүл болуп саналат. Алар мисалы, дайыма унаа,үй, жаңы телевизор жана башка алам деп максат коюп акча чогултканды билет.Ошондой эле алар өз балдарына өздөрүндө көбүрөөк боло албай калган нерселерди: ата-эненин камкордугу менен мээримин, материалдык көмөктү, билимди, эмгекке орноштурууну, квартира сатып берүүнү жана башка камкордуктарды камсыздап берүүнү аракет кылышат. Алар үчүн-билим алуу, жумушка орношуу жана үй-бүлөлүк тынчтык баалуу. Көп учурда 25-30 жашында эле курагындагы Икс мууну үй-бүлө күтүп, балалуу болушкан.

Өзгөчөлүктөрү

Алар туруктуулуктун артынан түшкөн муун, токтоо, сабырдуу, лидердик сапаттарга ээ адамдар болушат. Чаржайыт иштегенди жактырбайт, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ жана мыкты уюштургуч сапаттары бар адамдар.Көп учурда бир эле дүкөндөн соода кылып, бир эле жерден кийим алганды жактырышат.Эртеңки күн аларды ар дайым тынчсыздандырат.

Мектеп жашында эле иштеген акча тапкан, атак-даңктуу болууну көздөгөн же смартфон колунан түшпөгөн башка муундардан айырмаланып Икс мууну же тактап айтканда 1967-1984-жылдарда төрөлгөндөр эң эле чыдамкай жана туруктуу муун болуп саналат.

Автор: Гүлнур Жумалиева, психолог


Яндекс.Метрика