Руханий байлыгыңыз канчалык?
МОТИВАЦИЯ
ӨНҮГҮҮ

Руханий байлыгыңыз канчалык?

Адамдардын материалдык жактан канчалык бай экени көпчүлүк адамдарга белгилүү болуп турат эмеспи. Бирок адамдын руханий жактан байлыкка жеткенин кантип билүүгө болот?

Адамдын руханий жактанбийик деңгээлге жеткенин психологдор бир нече пункттар менен аныктап келишет. Эгер канчалык деңгээлде руханий жактан бийиктикке жеткениңизди билгиңиз келсе төмөнкү өзгөчөлүктөр менен таанышып алсаңыз болот.

Макаланын видео түрүндөгү варианты менен таанышсам десениз бул жерди басыңыз!

https://www.youtube.com/watch?v=0cZBPzUN6nU

Руханий байлыгыңыз канчалык?

Сиздин руханий жактан бийик инсан экениңизди төмөнкү сапаттар көрсөтүп турат.

1.Айланадагы адамдарды кандай жол менен болсо дагы өзгөртүүдөн эбак эле баш тарткансыз, анткени ар ким өзү каалагандай жана мүмкүнчүлүгү жеткендей гана жашай аларын түшүнгөнсүз. Сиз азыр жеке өзүңүздү өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатасыз.

2. Адамдарды кандай болсо дал ошондой кабыл ала баштадыңыз, алардын өзгөчөлүктөрү, жетишкендиктери, каталары менен жаңылыштыктарды сизге кыйынчылык жаратпайт.

3.Сиз башкалардын пикири менен сиздин пикир дал келбей кала турганын даана билесиз. Ошондой эле сиздин көз карашыңыз дагы баардык учурда туура боло бербесине көзүңүз жетип турат. Ар бир адамдын чындыгы бар экенин билип чатакка аралашпайсыз.

4.Сиз баардыгы өтөр-кетер дүйнө экенин эске алып эч нерсеге байланбайсыз.Убагында кое бергенди билесиз.Ошондой зарылдык келип чыкса адамдарды, жагдайларды, байлыкты, мансапты жөн гана кое берип коесуз.

5.Сиз мамилелерден көп нерсе күткөндү токтотконсуз. Жакын адамдарыңызга колуңуздан келгенди бере аласыз, бирок ордуна башка нерсе күтпөйсүз.

6.Ар бир кабыл алып жаткан чечимиңиз менен жасап жаткан иш-аракетиңиз сиздин тынчтык, бакыт жана байлыгыңыз менен  түздөн-түз байланышы бар экенин билесиз.

7. Сиз башкаларга бир нерсени далилдейм дегенди, өч алам дегенди токтотконсуз. Алардын көзүнө ийгиликтүү, акылдуу, татыктуу көрүнөт элем деп өзүңүздүн абалыңыздан ашыкча тырышпайсыз.

8. Сиз башкаларды суктантам деп аракет кылбайсыз. Мактанбайсыз жана бой көтөрбөйсүз.

9. Сиз башкалар менен өзүңүздү салыштырбайсыз. Жалгыз салыштыра турган адам өзүңүз менен өзүңүздүн өткөн чагыңыздагы кезиңиз экенин даана билесиз.

10.Сиз жан дүйнөңүздө тынчтыкка жана гармонияга жеткенсиз. Каалоолоруңуз менен керектөөлөрүңүздү так ажырата билесиз.

11.Бакытты материалдык байлык менен байланыштырбайсыз. Бай адам ар дайым эле бактылуу болбосун түшүнгөнсүз.

12. Сиз адамдарга жана дүйнөгө мээрим менен караган инсансыз. Эркиндик менен сүйүүгө гана умтуласыз. Жагдайларды жана адамдарды түшүнгөн, көңүл бурган, ийкемдүү жансыз. Эң негизгиси Аллах Таала сизге ички дүйнөңүздү ар дайым тынчтандыра турган сабыр берген.

Ушул сапаттардын көбү сизде болсо руханий жактан бай адаммын деп толук эсептей берсеңиз болот экен.

Ар дайым руханий жана материалдык байлыктын да ээси болушуңузга тилектешпиз!

Автор: психолог Гүлнур Жумалиева

Сайтыбыздын инстаграм баракчасы: https://www.instagram.com/beleskg/?hl=ru

Жазылыңыз, сайтка жарыялана элек кызыктуу маалыматтар сизди күтөт!


Яндекс.Метрика