Жашооңузга жакшылык алып келе турган 15 мыйзам
МОТИВАЦИЯ

Жашооңузга жакшылык алып келе турган 15 мыйзам

Адамзаттын, коомдун, жамааттын эч жерде жазылбаган мыйзам-ченемдери бар. Эгер сиз аларды сактап жүрсөңүз турмушта азыраак өкүнүп, көбүрөөк утушка ээ болуп, жашооңузду жакшыртат экенсиз. Анда эмесе аларды карап көрүңүз!

1.Биринчи кезекте эч качан, эч ким сизге милдеттүү эмес экенин эске тутуңуз. Мамлекет дагы, ата-энеңиз, дагы коом дагы. Иштебесеңиз тиштебейсиз.

2.Абдан эле оор болуп калган учурдан тышкары кезде карыз албаңыз! Карыз адамдын күнүмдүк энергиясын билинбеген менен алсыратат.

3. Өзүңүзгө чектөө койгонду тактап айтканда напсини тыя билгенди дагы үйрөнүңүз. “Өмүргө бир ирет жаралабыз, гүүлдөп-дуулдап алалы!”, “Алың келсе алып, колуңдан келсе жулуп кал!” деген сыяктуу турмуштук туура эмес сөздөрдүн соңу уят болуу менен оор кесепеттерге алып келерин унутпаңыз.  

5. Өзүңүздү урматтаңыз. Понт кармап мактанып же эл көрсүн деп жасаган иш эч качан өзүн сыйлоого жатпайт. Өзүн урматтаган адам баалуу кийим-кечеси, унаасы, жаңы телефону менен көрүнүп, мактанбайт. Турмушта элдер “Кийимиңизге карап тосуп алып, акылыңызга карап узатарын” дагы эске ала жүрүңүз. Баалуу кийиниңиз, бирок акылыңыз андан дагы баалуу болсун.

6.  Абийир менен адепти кандай шартта да болбосун сактаганга аракет кылыңыз.    

7. Адамдарды сыйлаңыз. Ал тургай сыйлоого татыктуу эмес деп эсептеп жаткан адамды дагы болсо. Сыйлоого татыктуу эмес деп анын үстүнөн өкүм чыгаргандын өзү сиздин текебердигиңиз көрсөтүп турат. Албетте текебердиктин аягы өкүнүч менен  бүтөрү белгилүү. 

8. Эч качан, эч бир шартта ачууга алдырбаганга аракет кылыңыз. Сылык-сыпаалык, токтоолук жана ачуусу келген кезде өзүн тыя билүү чыны менен улуу адамдардын, аристократ адамдардын өзгөчөлүгү. Ишкерликте бул албетте эки эсе жардам берет.

9. Сарамжалдуулукка үйрөнүңүз.

10. Жоопкерчиликтүү болуңуз. Ар бир ишке жоопкерчиликтүү болуңуз, ар дайым карьералык тепкичте жогорулайсыз.

11. Акча топтогонду үйрөңүз. Азбы-көпчү акча топтогонду үйрөнгөн адам өзүн тарбиялаган адам.Жеңил акча табам деп жеңил ойго жетеленүү-же жакырчылык же темир тордун артына алып келет.

12. Окуңуз. Ар бир ишти үйрөнүүгө болот. Азыр интернеттен кайсы жумуштун кандай процесстери болоруна чейин тапсаңыз болот. Билим сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтет.

13. Жалкоо болбоңуз. Ар дайым аракетте болуңуз. “Эр эмгегин жер жебейт”, кылган ар бир ишиңиздин аздыр-көптүр майнабы сөзсүз болот. Тактыр эле эч нерсе таппадым десеңиз баалуу тажрыйбага ээ болосуз.

14. Убакыт чыны менен-алтын. Жашоодогу материалдык баалуулуктар, унаа, квартира, банктагы эсебиңиз бир күндөрү анчалык кызыксыз болуп калган куракка келесиз.Убакытты өткөрбөй көзү тирүү кезинде ата-энеңиздин акыбалын сурап, жакындарыңызга жакшы мамиле кылып, мээрим бере жүрүңүз.

 15. Эч качан идеалдуу, оңтойлуу учурдун келишин күтүп бир ишти баштабай жүрө бербеңиз. Бир нерсени билип алыңыз, жашоодо баары шайма-шай болгон идеалдуу учур эч качан келбейт! “Хандын дагы сарайында бир татым тузу кемиптир” деген кеп бар. Андыктан “офис алсам иш баштайт элем, үйдү бүтүрүп алсак саякатка чыгат элем, ушул жаман адамдан кутулсам жашоом гүлдөп кетет эле, балам чоңоюп алса анан жасанат элем” дебеңиз. Көңүлүңүз келген ишти аздан болсо да азыр баштап жасай бериңиз. Бир күнү финалга кантип жеткениңиз өзүңүз билбей каласыз.

Эмесе жашоодо эч качан өкүнбөгөндөй жашашыңызга тилектешпиз!  

Автор: Гүлнур Жумалиева


Яндекс.Метрика